Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: жайыт

Төлөк айылындагы жайыттарды калыбына келтирүү максатында урук себилди

Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.

Жайытты сактап калуу менен тоют чыгымын үнөмдөсө болот

Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенип келишет. Кышкысын айыл тургундары малын жем, чөп менен кыштан чыгарат. Күз, жаз, жай айларында жайытты колдонуп келишет. Муну менен катар  …

Жайытты сактап калуу менен тоют чыгымын азайтса болот

Төлөк айылынын тургундары дээрлик мал менен алектенишет. Кышкысын сырттан сатып келген тоют менен багышса, жаз, жай, күз айларында жайыттарды пайдаланышат. Андан сырткары, Кочкор районунун айрым айылдарынан акыга мал алып келишип, …

Кочкор.Тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрүлдү

6-декабрда Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө «Жергиликтүү коомчулук тарабынан жайыт ресурстарын сактоо» долбоорунун алкагында семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарга Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев, «Кыргыз жайыты» ассоциациясынын төрагасы, Жергиликтүү кеңештин депутаттары, …

Кочкор. Айбек Самаков: «Жаратылышты сактап калуу өз колубузда»

12-октябрда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында «Коомчулуктар жана түпкү элдер сактаган аймактар» аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингке айыл тургундары, жайыт комитетинин төрагалары, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле …

Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулууда

Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулуп жатат. Бул иштин негизги себеби мөңгүлөрдүн санынын азайып жаткандыгында.

Жылкылар электрондук базага катталды

Төлөк айылындагы жылкылар электрондук базага катталды. Анда ар бирине чип басылат.

Сүрөт: Жайыт жерлер жылдан жылга азайууда

Жаз айларынан баштап күз мезгилине чейин адамдар жайлоого чыгып, тиричилик кылып келишет. Жылдан жылга жайыт жерлер  азайып, чөп чыкпай такыр калган жер тилкелеринин саны күн санап өсүүдө.

Подкаст: «Соң-Көл баяны» жайыт маселеси

Соң-Көлдөгү жайыт маселеси бүгүнкү күндүн көйгөйү, малдын көп сандап келиши жерлерди боз топуракка айлантып, такырлантууда. Бул маселени чечүүдө мамлекет дагы кайдыгер карабашы керек. Бул боюнча бүгүнкү коногубуз Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин …

Жайыт акысын төлөөгө олуттуу мамиле жасалбайт

Баетов айылында жайыт акы бир бодо мал үчүн бир жылга 70 сом, майда жандыктарга (кой-эчки)  14 сомдон төлөнөт. Ал эми алардын төлү үчүн төлөнбөйт (тай, козу, улак).  Адатта мал ээлери, …

Суусамыр: Жайыт жерлерди алтыганадан тазалоо

Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.

Жайлоолорго көп малдын келиши менен жер кыртышы бузулуп бара жатат

Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен …

Жайыт көйгөйүн чечүү максатында сабак өтүлдү

«Соң-Көл» орто мектебинин 6-7-8-9-класстарынын окуучуларына атайын Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Тунукбек Токтомушов келип жайытты туура пайдалануу боюнча сабак өттү.

Окуучуларга жайытты туура пайдалануу боюнча тренинг уюштурулду

31-майда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучуларына «Жайытты туура пайдалануу жана сактоо» деген темада тренинг болуп өттү.

Малчыларды түйшөлткөн жайыт көйгөйү

Мал киндиктүү Нарын жергесинде акыркы үч жылдан бери жайыт маселеси курч болуп келет. Анткени жыл сайын малдын саны өсүп, жайыттардын аянты барган сайын тарып барат. Мындан улам жайыттагы тоют сыйымдуулугун …

Төлөк: Жайлоого көчүү камылгасы башталды

Жаз мезгили башталып, айыл тургундары жайлоого көчүп жайлап келүү үчүн Кочкор районундагы айрым айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү тургундарынын малын алып келишүүдө. Мал сырттан көп киргендиктен жайыт, салык, көчүүнүн убактысы жана башка …

Пандемия жайыт комитетине таасирин тийгизген жок

Пандемияда эч кандай ишибиз токтогон жок. Жайлоого мал жайган малчыларга пандемия таасир этпеди. Анткени мал-жандыкты караш керек. Жайыт акысын да өз убагында төлөр жатышты .

Суусамыр: Жайыт комитети жолдор менен көпүрөлөрдү оңдоду

Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенип, мал багууда жайыттар колдонулуп келет. Ошондуктан Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды туура багытта колдонуу негизги маселе бойдон калууда.

Жайлоо бала бакчасы эки жылдан бери иштебей калды

Эки жыл мурун пандемия башталгандан бери бардык өлкөлөрдө карантин киргизилип, анын ден-соолук үчүн гана эмес, экономикалык кесепетин азыркы күнгө чейин көрүп келе жатабыз. Анын таасири Ача-Кайыңды аймагынын жайыт комитетинин дагы …

Мал багуу маданиятын өздөштүрүү зарыл

Кышкысын малды негизинен үйдө, атайын жайларда багуу керек. Барган сайын бул мал багуунун өзүнчө бир маданияты болуп калышы керек.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...