Бул чыгарылышта биз сиздерге айылыбыздын фронтовиктери тууралуу айтып бермекчибиз. Айылыбыздын фронтовиктеринин бири улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Макеев Молдобек тууралуу маалыматты баласы Молдобеков Эсенбектен алдык.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жаз келээри менен кант кызылчасы айдалат. Айыл тургундарына суроо узатып, быйылкы сезондун башталышы тууралуу ойлорун билип көрдүк.
5-май — Кыргыз Конституциясынын күнү — майрам күн. Конституция деген эмне? Биздин конституция качан кабыл алынган? Мына ушулар тууралуу Кара-Суу айылынын мугалимдерине жана айыл тургундарына суроо узаттык.
Жайыл районунун Алексеевка айылында Тажикстандын Мургаб районунан келген кыргыздар жашайт. Алардын бири89 жаштагы Дөңкөбай Эгемкулов менен маекти сунуштайбыз.
Кара-Суу орто мектебинде аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын кандай өтүлүп жаткандыгы тууралуу кеп курмакчыбыз. АЧД сабагынын мугалими Азаркулов Нурадил менен маектештик.
Жайыл районунун Жайыл айылында туулуп өскөн Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» коомдук уюмдун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти сунуштайбыз.
Жайыл районундагы «Жыл мугалими-2016» конкурсунун жеңүүчүсү Гүлмира Абдылдабекова тууралуу айтып бермекчибиз.
Кара-Суу айылы дыйкан менен малчылардын айылы. Ошол себептүү биз сиздерге айылыбыздын жаш фермери, малчысы Ибраимов Эмил тууралуу айтып берели.
Жакында «Ак кептер» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары Кара-Суу айыл өкмөтүндө болуп, өкмөттүн төрайымы Насипа Жээнбаева менен айыл көйгөйлөрү тууралуу маек куруп келдик.
Кара-Суу айылынын чоң көйгөйлөрүнүн бири спирт ичимдиги. Тойлордо көп колдонулуп, жаштардын арасында ичимдик ичкендер, айылдагы коопсуздукка кедерги тийгизип жаткандыгы тууралуу сөздөр болууда.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдын өтүшү тууралуу маалыматты айыл тургундарынан алсак. Кара-Сууда Нооруз майрамы белгиленди
Бүгүнкү чыгарылышта Жайыл районундагы Ставрополь айылынын фельдшердик акушердик пункту (ФАП) тууралуу маек куруп беребиз.
«Ак кептердин» ыктыярчылары жана координатору Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери менен 31-мартта жолугуп, интервью алышып, маалымат баракчаларын айыл өкмөттүн маалымат тактасына илип келишти. Кара-Суу: Айыл өкмөттүн 2016-жылга карата аткарчу …
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жаңы мечит курулду. Чоң эмес жамааты болгон мечиттин имамы менен маек курдук. Кара-Суу: Мечит имамы менен маек
Кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып бермекчибиз. Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу тасма көрсөтүлдү
Кара-Суу айылындагы эң бир негизги көйгөйлөрдүн бири уйду жаюу маселеси. Эмне үчүн жаз келгенде уй жаюу чоң маселеге айланат, уй жайганга бадачылар араң табылат?
Кара-Суу айылында жүрүп жаткан жазгы талаа иштери тууралуу айтып беребиз. Кененирээк маалыматты айылдын фермерлеринен жана тургундарынан алсак. Кара-Сууда жазгы иштер