Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Тасма айылы

Айымдар зордук-зомбулукка кабылбай иштеп, өзүлөрүн көңүлдүү алып жүрүш үчүн «Ыр кесе» уюштурулду

Азык түлүктү жана айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн өз ара жардамдашуу уюм (ФАО) түзүлгөн. Ушул уюм тарабынан бүгүн Тасма айылында ыр кесе өткөрүлдү. Бул ыр кесени айымдар зордук-зомбулукка кабылбай иштеш үчүн, …

Тасма айылында менталдык арифметика кайрадан ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында менталдык арифметика «Урания Мега Майнд» кампаниясы тарабынан ачылды. Асан Сопиев орто мектебинен элүү төрт окуучу ийримге катышууда.

Афган ардагери Тилек Бакачиев менен маек

Тогуз жылдан ашуун убакытка созулган Афган согушу көптөрдүн көңүлүнүн үшүн алган трагедия катары тарыхта белгилүү. Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн эле. Алардын 252си курман болуп, бир жарым …

Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин аталуу тарыхы

Ысык –Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин аталуу тарыхына токтолобуз. Айылдык орто мектеп ардактуу атуул Сопиев Асан Сопиевичтин эмгеги менен атын алган.

Карасаев айыл өкмөтүнө тиш доктур келип иштөөдө

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында тиш дарыгер иштеп, ага элдер ыраазы. Карасаев айыл өкмөтүндө жашагандарга ыңгайлуу күнүнө үч төрттөн келип тиштерин жасатып кетишет. Айыл тургундарына бул ылайыктуу тиштери …

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү боюнча турнир өтүлдү

Тасма айылында райондук деңгээлде «Грек-рим» күрөшү болуп өттү. Турнир «КРнын эмгек сиңирген мугалими» Асан Сопиев жана Ооган согушунун ардагери Асанбек Жакыпбаев, Баткен согушунун катышуучусу Аваз Дүйшөбаевдин жаркын элесине арналды. Спорттук …

Мектеп окуучулары арасында көк бөрү оюну өткөрүлүп жатат

Кыргыздын улуттук оюну Көк бөрүнү унутта калтырбай азыркы жаштар кызыгуу менен ойноп келе жатат. Алсак, мектеп окуучулары арасында 2002-жылкы мырзалардын ынтымакты чыңдоо максатында беш айыл кезектешип көк бөрү оюнун өткөрүшүүдө. …

Айыл тургундары сүттүн баасы жогоруласа деген ойдо

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында сүттүн баасы 23 сомдон болуп жатат. Азыркы сүттүн баасына элдердин жай мезгилинде нааразычылыгы жок экенин жана кышында арзан болуп жаткандыгын айтышты.

Тасмада «Hур FM»дин жамааты лотерея ойнотушту

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында «Нур FM» Жамааттык мультмедиа борборунун кабарчылары лотерея ойнотушту. Лотереяга айыл тургундары кызыгуу менен катышышты.

Тасма айылында күз мезгили

Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында күз мезгили айыл тургундарына абдан жагат. Күзүндө эгин, картошка жыйналат. Элдин баары быйыл күздүн берекесине ыраазы, быйыл күз мезгили түшүм мол мезгил …

Асан Сопиев мектебинде түшүм майрам өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы орто мектептин 5-класстан 7-класска чейин түшум майрам, 8-класстан 11-класска чейин КВН өткөрүлдү.

Тасма айлынын көчөлөрүнүн аттары жаңыланды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын ар бир көчөнүн аттары айылдан чыккан атактуу адамдардын ысымдары менен жаңыланды. 2020-жылы «Эл жана турак жайды каттоо» жүрө турганы кабарланып, ошол максатта көчөлөрдүн …

Тасманын футболчулары райондук футболдо 2-орунду ээлешти

Тасма айылынын жаш футболчулар тобу райондук футбол оюнунда 2-орунду ээлеп, грамота 6 000 сом утуп алышты. Аталган оюн Арал айылынын тургуну Болот Ракымов өткөзүп, баш байгеге акчалай сыйлыктар коюлган. Өткөзүлгөн …

Айыл тургуну Бейшенбай Садабаев арпа, буудайды тез киргизүүчү шайман жасады

Айыл жашоочулары күз мезгилинде оруп-жыйган арпа буудайларды короодон кампаларга чейин ташып киргизишсе, бул ирээт Бейшенбай Саадабаев жумушту женилдетуу максатында арпа, буудайды тез киргизүүчү шайман ойлоп тапты.

Ырымкан Урустемова «Баатыр эне» орденин алды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Ырымкан Урустемова жети баланы тарбиялап, өстүрүп «Баатыр эне» орденин алды. Ырымкан эне буга чейин 4-баласынан кийин «Эне даңкы» медалын алганын билдирди.

Тасма: Алдаберди уруусу тилөө өткөрдү

Тасма айылында тилөө жыл сайын уруулар арасында Кудайга жалынып, бата берип, жакшы маанайда өткөрүлөрүн айыл аксакалдары билдиришет.

«Боорукер бол» кайрымдуулук фонду Тасма айылынын муктаж тургундарына жардам беришти

Карасаев айыл аймагындагы үч айылда кайрымдуулук фонду көптөгөн муктаж болгон адамдарга жардам берди. Бул фонд өзүлөрүнүн чакан айылына майып жардамга муктаж болгон адамдарга жардам кылуу ниетинде уюштурулган. 

Тасмада көпчүлүк айыл тургундары орозо кармашты

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургундарынын көбү Орозо кармады. Ошондой эле өзүлөрү ниет кылып кармап жатышкандарын, орозо жакшы нерселерди алып келээрин жана ошондой эле тилектердин бардыгы кабыл болорун айыл тургундары …

Тасмада «Бирге окуйбуз” долбоору өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асан Сопиев мектебинде “Бирге окуйбуз” долбоору октябрь айынан бери иштеп келүүдө. Бул долбоордун алкагында окуучулар ата-энелер менен биргеликте китеп окуп, суроолорго жооп беришет.

Дүкөндөрдө мөөнөтү өткөн азык-түлүктөр сатылууда

Тасмада жалпысынан 9-10 азык-түлүк сатуучу дүкөн бар. Алар негизинен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү башка шаарлардан алып келип сатышат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...