Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: түшүм

Ноокатта дыйкандар алманы 20-30 сомдон сатышууда

Быйыл Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө алма түшүмү аз болду. Дыйкандар 1 кило алмаларын 20-30 сомдон сатышты.

Аудио: Суусамыр айылындагы эгин жыйноо иштери

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында күзгү эгин жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Жергиликтүү эл кышы бою мал багып, жаздын келиши менен дыйканчылык менен алектенип келишет. Бул жылы дыйкандар климаттын …

Акталаада эгин чабууга техникалар даяр

Ак-Талаа районунда жалпы 43 комбайн болсо, мунун ичинен үчөө, оруп-жыюуга даяр. Райондогу Терек, Үгүт, Көк-Жар айыл өкмөттөрүндө техника жетиштүү. Ал эми калган айылдарга сырттан Өзгөн, Тогуз-Торо, Чүй, Көл аймактарынан кошумча …

Оруп-жыюу учурунда өрт кырсыгын алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Ак-Талаа районундагы учурда тоют жана дан эгиндерин оруп-жыюу өнөктүгү башталды. Чаап-жыйналып алынган тоютту өрткө алдырып жиберүү коркунучу бар. Ошондой эле абанын температурасы айрым учурда нормадан жогору болуп жаткандыгына байланыштуу Ак-Талаа …

Суусамыр: Күзгү түшүмдү оруп-жыйноо жылдагыдан кечикти

Суусамыр айыл аймагы боюнча оруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда. Мындан улам, түшүмдүн баасы жогору бааланууда. Быйылкы жылдагы арпанын …

Түшүмдү оруп-жыюу 15-октябрда аяктайт

Сары-Булуң аймагында күзгү талаа иштери жыйынтыктала элек. Учурда айылдын тургундары күзгү оруп-жыйу менен алек. Жалпысынан 1839 гектар жер айдалган

Куланак: Оруп-жыюу иштери жыйынтыкталды

Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында кылкандуу дан эгин гектарына 24 центнерден айланды. Ал эми айыл эли эгинди Куланак айылында жайгашкан кампага сакташат.

Суу жетишсиздиги түшүмгө таасирин тийгизди

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында күзгү жыйноо иштери 95% га жыйынтыкталды. Жергиликтүү эл башка жылдарга салыштырмалуу жаан-чачындын аз жана суу жетишсиздигинен улам эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөн болду дейт.

Барскоон: Эгин талаалары жылдан-жылга азаюуда

Жылдан-жылга айдоо жерлерге эгин сепкендердин саны азаюуда. Буга күн санап күйүчү майдын кымбатташы, жазгы эгин айдоодон баштап күзгү оруп-жыйноого чейинки кеткен каражат, алынган түшүмдүн баасын актабай калгандыгы себеп болууда.  Материалдын …

Үй-бүлөлүк каржы күздөгү түшүмдөн көз каранды

Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.

Сүрөтбаян: Айыл тургундары чөп жыйноо менен алек

Кочкор районун Төлөк айылы райондун борборунан 50км алыстыкта жайгашкан, климаты оор болгондуктан дээрлик дыйканчылык кылууга болбойт. Эгин, жашылча-жемиштер, мөмө жемиштер райондон ортомчу соодагерлер аркылуу алынып келинет.

Тасма айылы: Пандемиядагы күзгү түшүм

Сейдикумда сапаттуу үрөн алынат

Базар-Коргон районунда пахта эгүү менен алектенген дыйкандарды сапаттуу үрөн менен колдоо иштери жүрүп келет.

Айылда жүгөрүнүн түшүмү алынып бүттү

Мекенибиздин ар кайсы региондорунда түшүм жыйноо кызуу жүрүп жаткан маал. Жайыл районунун Кара-Суу айылында беде уруктун түшүмү жыйналып бүтүп, экинчи сентябрь күнү дыйкандар жүгөрүнүн түшүмүн жыйнап алышты.

COVID-19: Дыйкандардын кирешесин азайтты…

Талас өрөөнүнүн Манас районундагы дыйкандар негизиген жашылча-жемиш эгип, жылдык каражат табышат. Райондо өндүрүлгөн болгар калемпири Россияга, Казакстанга ташылат. Учурда болгар калемпиринин баасы 15 сом келишим баа менен Россияга ташылууда.

Беденин уругун алуу аяктап жатат

Чүй облусунун Жайыл районунун дыйкандары беденин уругун алууну аяктап жатышат. Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында да тургундар бул ишти аяктоодо.

Сүрөтбаян: Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды

Жайыл районунун Кара-Суу айылында жүгөрүнүн түшүмүн жыйноо башталды. Айылдын дыйкандары кубаттуу комбайндарды жалдашып, түшүм жыйнай башташты.

Кара-Суу айыл аймагында түшүм жыйноо аяктоодо

Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында дан эгиндеринин түшүмүн жыйноо аяктап калды. Кара-Суу айылынын тургундары акыркы арпа жана буудай аянттарын чаптырышууда.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...