Бул күн дем алыш күнүнө туш келгенинен байланыштуу, майрамды белгилөө 12- сентябрда Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уюштурулду. АДКлардын ишмердүүлүгү айыл тургундарынын ден соолугуна таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн …
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири тараган коркунучтуу илдет болуп …
3-4-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында жайгашкан Нур ФМ мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында тренинг болуп өттү. Тренинг DW Академиясынын колдоосунда уюштурулду.
Айыл жергесинде той-аштар көп болууда. Covid -19 болуп жатканына карабай, элдер дагы деле коомдук жайларда жүрүүдө. Көпчүлүк адамдар санитардык эрежелерди сактоону унутуп коюшту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-августта, Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Түп районунда жакынкы күндөрү эле ачылган 200 жумуш орду менен камсыздаган тигүү фабрикасы менен таанышты.
Түп районунун Каркыра айылы Кыргыз- казак чек арасында орун алган. Бул жерде Каркыра чек ара бөлүмү орун алган. Ал жерде Тасма айылынын тургуну Сүйүнбек Исабеков үй-бүлөсү менен кызмат кылат.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын айыл тургундары былтыркыга караганда быйыл жазгы талаа иштерин эрте башташты. Буга быйылкы кардын аз жаашы себеп болду.
Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.
Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жазга даярдык, себүү иштери боюнча семинар өтүлдү. Ага Тогузбай, Токтоян, Тасма айылдарынын фермерлери жана Түп райондук администрациясынын кызматкерлери катышышты. Окутуу талаа иштерин жөнгө …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын тургундары Айшоола, Акбермет, Гулхан Тураровалар 2012-жылы жарык дүйнөгө келип, үй-бүлөсүн кубанычка бөлөшкөн. Учурда алар 2-класста окуп жатышат. Аталган үй-бүлөдө үч эм кыздарга чейин …
Шайлоо 2021 бул бир гана президентке гана добуш бербестен башкаруу кандай болушун элдин тандоосун, каалоосун да көрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шайлоо болду.
6-октябрда Түп районунда эрте кар жаап, кээ бир дыйкандардын эмгеги акталбай калды. Элет жериндегилердин картошка, жашылча жемиштерин казып ала элек учуру эле. Алардын үшүп кеткендигинен улам тургундар, дыйкандар ой- санаага …
Карасаев айыл өкмөтү боюнча Токтоян, Тасма, Тогузбай айылдарында 4-октябрь шайлоо болуп өттү. Бардык жарандар өз добуштарын берип, бул шайлоодо эл камын ойлогон партия келет деген ишеничтерин айтышты.
1-октябрь карылар күнүнө карата Тасма айылынын жаштары айылдагы кары адамдарга барып, көңүлдөрүн көтөрүп, демөөрчүлөрдүн жардамы менен белек берип келишти. Айылда көп кары адамдар бар. Ага карабастан жаштар көп балдарды тарбиялаган, …
Жаңы окуу жылында онлайн окуу болгондугуна байланыштуу ата-энелер балдарынын тартибине жана коопсуздугуна кам көрүп жатышат. Окукчулар сабактарга жакшы катышпай, телефондон көңүлдөрү калды. Ошондой эле интернет жеткиликтүү болбой жатат. Бул абалдын …
Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылып Тасма, Тогузбай жана Токтоян айылдарынын тургундары келип дарыланууда. Бул бөлүмдү ачканга айыл жаштары жана айыл активисттеринин салымы чоң. Россияда иштеп жүргөн жарандар, демөөрчүлөр дагы …
Айыл тургундары карантинге карабай үйдөгү жумуштарын улантууну токтотушкан жок. Көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болушту. Короо ичинде ашкана салуу, үй салуу, сарай салуу жана башка ушул сыяктуу курулуштар жанданды.