Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу менен катталгандар жок. Суусамыр айылдык ооруканасында абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү.
Коронавирус илдетинин башталганына бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы деле оору күчүндө болуп жатат. Кыргызстан боюнча 29-марттан баштап, ооруга каршы эмдөө башталган. Суусамыр айылында да коронавируска каршы эмдөө башталды.
Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларды түзүп же топторго бириге алабы? Алар, топторго же фракцияларга биригүү менен кандай иштерди алып бара алат? Алдыда, «Ачык өкмөт» уктуруусун угуп, бул суроого жооп ала …
Суусамыр өрөөнүндө медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган иш-чара өттү. Ага айыл тургундары катышып, фейк жана аны аныктоо, шайлоо өнөктүгүндөгү жалган маалыматтар, сынчыл ой-жүгүртүү боюнча маалымат ала алышты.
10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.
Суусамыр айыл аймагында өткөрүлүп келген, 6 жылдык тарыхы бар “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы эми Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу- тарбия комплекс гимназиясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 6 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин …
Бүгүн 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө түнү менен жааган кардын калыңдыгы жарым метрден ашып, катуу бороон чапкындын кесепетинен жолдор жабылып калган.
21-март Нооруз майрамы салтка айланып, майрамдык салтанат дайыма айылда өткөрүлүп келген. Бирок пандемиядан улам өткөн жылы жана быйыл 2021-жылы да Ноорузга карата майрамдык салтанат болбойт. Себеби, коронавирус илдетин жайылтып албоо …
Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылында спорт зал жоктугуна байланыштуу балдардын кайсы бир спорт түрү менен алектенүүсүнө жана машыгуусуна мүмкүн эмес. Бирок, буга карабастан айылдын кичинекей тургуну Эржан Токтосунов …
Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин башталгыч калссынын ата-энелери мектепке түстүү телевизор белекке беришти. Телевизор балдарга сабак берүүдө ар кандай видео жана презентацияларды жасоо үчүн колдонулат.
Чүй облусунун губернатору жана район администрация башчысы, мекеме жетекчилери Суусамыр айылында 26-февралда эл менен жолугушуу өткөрүштү.
Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси Салкын Алишерова китепканага окурмандарды тартуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин айтат. Андан тышкары, окурмандар үчүн китепканада жетишердик китеп бар экенин билдирди.
Таза суу маселеси жалпы Кыргызстанда эле чечилбей келе жаткан көйгөй экени белгилүү. Айрыкча, суусу мол Суусамырда да аталган маселе аягына чыкпай, кечеңдетилип келет. Алсак, өрөөндөгү бир айыл гана таза суу …
Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келе жаткан «Бир адамдан бир китеп» долбоору Суусамыр өрөөнүнүн тургундары тарабынан да колдоо тапты. Айрыкча жаштар долбоорго жигердүү катышып, акыл казынасы саналган ар кыл китептер менен …
Суусамыр айыл аймагына караштуу Биринчи май айылынын калкы чачыранды жайгашып, бири-биринен алыс отурукташкан. Ал тургай, айрым тургундар айылдагы мектептен 5 км ыраактыкта орун алышкан. Ага ылайык, табияты катаал аймакта кышкысын …
Бүгүн 2-февралда Суусамыр айылдык маданият үйүндө жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет берилди. Мекеме жетекчилер, жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчысы аткарылган иштер боюнча отчеттор берилди. Айыл өкмөт башчысы Урмат …