Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңеште 21 депутат иш алып барат. 7-чакырылыштын депутаттары быйыл жаңы шайланып, айылдын өнүгүшүнө салым кошуу аракетинде.
Дүйнө жүзүндө Ковид-19 вирусу күчөп жаткан учурда тынымсыз иштеп жаткандардын катарын почта кызматкерлери дагы толуктайт. Эл менен иштеп вируска чалдыккан почта кызматкерлери дагы аз эмес.
Суусамыр айыл аймагында жайгашкан айылдык милиция бөлүмчөсүндө учурда 7 кызматкер иштейт. Кызыл-Ой, Кожомкул, Суусамыр, 1-Май, Кайсар, Тунук айылдарын жана Бишкек-Ош жолдорунун 137-160 чакырымына чейин Түштүк жак бетин көзөмөлдөйт.
17-декабрда Суусамыр айылынын маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Жайыл райондук администрация башчысы жана жаңы дайындалган мекеме жетекчилери катышышты.
Бүткүл өлкөгө тараган ковид-19 вирусу айыл өкмөт кызматкерлердин ишине дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Оору күчөп турганда Суусамыр айыл өкмөтүнүн 40% кызматкери аралыктан иштеп жатышты.
Суусамыр айыл аймагында 2021-жылы жалпы ковид-19 вирусуна чалдыккандардын саны 448 адамды түзөт. Акыркы эки айда бейтаптардын саны азайды. Учурда ооруканада эпидемиялогиялык абал туруктуу.
Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде 12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган кече болуп өттү. Иш-чарада 8-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучуларынын өнөрлөрү тартууланды.
Быйыл аба-ырайынын эрте суукташы өлкөдө көмүргө болгон суроо-талапты жаратты. Көмүрдүн баасы кымбаттап, айыл тургундарын кыйын кырдаалга кептеп турган маалы. Кымбат болсо дагы кышы катаал Суусамырдын айылдарына көмүрдүн жетпей жаткандыгы айыл …
Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджети салык түрлөрүнөн түзүлөт. Ошондой эле өкмөттүн теңдештирүү гранты менен толукталат. Ал эми айыл аймактагы бюджеттин аткарылышы кандай? Бул тууралуу «Ачык өкмөт» уктуруусунан уга аласыздар. Материалдын аудио …
Бүгүн Суусамыр айылында шайлоо өз тартибинде өтүп жатат. Шайлоочулар активдүү катышууда.
Суусамыр айыл аймагында сасык тумоо оорусу күч алды. Ковид-19 илдетине чалдыгып, сасык тумоо болуп калдым деп, үйүнөн дарыланган бейтаптар аз эмес.
Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Тунук айылында футбол аянтчасы курулду. Ал 3,5 млн сомго тургузулуп, акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен каралган. Аянтча учурда пайдаланууга берилди. Тунук айылында буга чейин футболдук аянтча …
Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинин 6-кезектүү отуруму болуп өттү. Анда бюджеттин жана өнүгүү программаларынын аткарылышы, таза суу маселеси, элден түшкөн арыздар каралды.
Тоолорго кар түшүп, күн сууктап калган убак. Элетте кышка даярдык жүрүп жаткан кези. Бирок, айыл тургундары сатыкка көмүрдүн чыкпай жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди. Суусамыр айылындагы тургундар менен мекемелердин кышка даярдыгы …
Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. 2017-жылы курулуп, колдонууга берилген көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду. Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарды айдап өтүүдө жана …
Суусамыр айыл аймагында учурда абал туруктуу. Бүгүнкү күнгө чейин COVID-19 илдети жугуп калуу коркунучу болгондуктан, ковидге каршы эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштер дагы да жүрүп жатат.
Суусамыр айыл аймагы боюнча оруп-жыйноо иштери жылдагыга караганда кечигип жатат. Анткени жазында аба-ырайынын кургак болушу жана жаздын кеч келиши себеп болууда. Мындан улам, түшүмдүн баасы жогору бааланууда. Быйылкы жылдагы арпанын …
Суусамыр айыл аймагындагы мектептер, оорукана, фаптар учурда көмүр менен камсыз боло элек. Ал эми Суусамыр айылдык электр участкасы кышка толугу менен даяр.
Суусамыр айыл аймагында акыркы 5 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 430 адамды түзөт. Бүгүнкү күндө айылда вируска чалдыккандар кыйла азайды.
Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону айтты. COVID-19 илдети күч алгандыгына байланыштуу айрым мугалимдер вакцина ала баштады. Жалпы Суусамыр орто мектебинде 55 адам эмгектенет. 432 окуучу билим алат.