Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун уникалдуу Энелер мектеби долбоору эми Суусамыр өрөөнүндө ата-энелер менен жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга уюштуруучулар, жаштар, мугалимдер жана ата- энелер катышышты.
Элет жеринде айылдык ооруканадан тышкары дагы адамдардын ден соолугуна кам көрүп келген ден соолукту чыӊдоо комитеттери иш алып барышат. Айылдагы адамдардын ден соолугуна кам көргөн Айылдык ден соолукту чыӊдоо комитети …
Суусамыр айылында жаңы салынып курулушу аяктап калган балдар бакчасы акырындык менен балдарды кабыл алууга даярданып жаткан кези. Бала бакчанын курулушу Айыл өкмөтүнүн АРИС проектисинин негизинде 2020-жылы башталган.
Жаздын келиши менен мал төлдөтүү учуру башталат. Ошол төл убагында адамдар үчүн ар кандай эрежелерди сактоо керек. Мисалы, эң эле жөнөкөй кол кап жана атайын формалар керектелет.
24 -март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Суусамыр айылында калк арасында жана мектептерде ар кандай иш- чаралар болуп өттү.
Кыйрап калган көпүрө, ооруканадагы дарыгерлердин жетишсиздиги, мектептердеги материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселелери Жогорку Кеңештин депутаты менен болгон баарлашуу учурунда айтылган маселелелер болду. Суусамыр айылына Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев келип эл …
Маржан Кеңешбек кызы Сокулук №2 орто мектебинин 11-классынын окуучусу. Ал Сокулук районундагы 6 мектептин арасында уюштурулган интеллектуалдык таймаштан жеңүүчү аталып кубанып турган кези. Жеңүүчүгө белек катары нотбук, кубок жана Ардак …
Ушул жылдын февраль айында Дагестан өлкөсүнүн борбору Махачкала шаарында АСЕ аталышындагы “Мыктылардын мыктысы” панкратион боюнча ачык турнир болуп өткөн. Ушул турнирде 1-Май айылынын Сатымбай Карабеков атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу …
Пандемия шартында кош бойлуу болуу канчалык кооптуу экендигин жана аялдар ден соолугуна кандай көңүл буруусу керектигин Суусамыр аймактык ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берет.
Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылы тоолордун так ортосунда жайгашкандыктан, туризмге эң ылайыктуу айыл болуп эсептелет. Ал айылда жашагандар да чет элдик туристтерге ар түрдүү каада-салтты көрсөтүп, ат менен тоолорго алып чыгып …
Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу канчалык …
Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3-этабынан биринчи кезекте дарыгерлер жана мед айымдар өтүштү. Себеби бул адамдар көпчүлүк менен иштегендиктен, эмдөөдөн өтүүсү зарыл.
Суусамыр өрөөнүнүн эли мал чарбачылыгы менен алектенип, мал багууда жайыттар колдонулуп келет. Ошондуктан Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды туура багытта колдонуу негизги маселе бойдон калууда.
Бүткүл дүйнөлүк радионун күнү 2012-жылдан бери эле белгиленип келе жаткан майрам. 2011-жылы ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясында бул күндү “Бүткүл дүйнөлүк радио күнү” деп, жыл сайын 13-февралда дүйнө жүзү боюнча белгиленип келе …
Суусамыр айыл аймагында үй-бүлө көмөк каражаты кандайча чектеле тургандыгын айыл өкмөтүнүн социалдык жактан жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу Жыргалбек Бекжанов айтып берди.
Акыркы күндөрү өлкө боюнча Ковид-19 илдетинин күч алышы менен күйүүчү майдын баасынын кескин түрдө өсүшү байкалууда. Күйүүчү майдын баасынын жогорулаганы жол акынын да көтөрүлүшүнө алып келди. Мурда Суусамыр-Кара-Балта жол киреси …
Баалардын кымбатташы өлкөдө пандемия шартында карапайым элге бир топ эле кыйынчылыктарды алып келүүдө. Азык-түлүк, жол акы, дары-дармек, кийим-кеченин баасы 2-3 эсеге өскөнүн айыл тургундары айтууда.
Оорунун күчөшү менен Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби карантинге жабылгандыгын мектептин директору Азамат Кашкариев билдирди.
Азыркы убакта Суусамыр айыл аймагында көбүнчө сасык тумоо оорусу жүрүп жаткандыгын Суусамыр аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова билдирди.
Суусамыр айыл аймагында абанын суукташы менен Ковид-19 оорусуна караганда жаш балдардын сасык тумоого кабылган учурлары көп болду. Сасык тумоо оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооругандыгын дарыгерлер белгилешти.