Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде «Күзгү балл» болуп өттү. Иш-чарага 9-класстан өйдө мектеп окуучулары катышып, келген күйөрмандар көнүл ачып кетишти.
Мирлан Иманкулов бала кезинен бери камчы, ээр токум жасап алектенип келген. Башында өзүнө жана тааныштарга жасап, кийин чакан ишмердигин баштаган. Азыркы учурда чебер камчыларына атайын буйрутма алып, борбор калаага дүкөндөргө …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Ачык Өкмөт долбоорунун жыйынтыктоочу түз эфири болуп өттү. Эфирде Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров алты ай алкагында элден келген суроо талаптар канчалык деңгээлде аткарылгандыгы …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров жергиликтүү элдин суроолоруна инстаграм аркылуу түз эфирде жооп берүүнү улантууда. бул иш-чара апрель айынан бери ишке ашырылып келе жатат. Айыл тургундары …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында бала бакчанын курулуш иштери аяктап, бөбөктөрдү кабыл алуу ишинин алдында турат. Беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылында буга чейин бала бакча жок болчу, мындан …
Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берип, жана ушу убакытка чейинки айтылып келе жаткан сунуштардын канчалык деңгээлде аткарылгандыгы түшүндүрмө берди.
Жайдын келиши менен Суусамыр айылына кымыз ичип эс алууга чыккан меймандардын саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Кымыз ичип эс алуу адамдын ден соолугун пайдалуу витаминдер менен камсыздап, иммунитетти көтөрүүгө көмөктөшөт. …
Шайыр апалар теле-сынагынын жеңүүчүсү «Энелер насааты» тобу, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылына чоң программалык концерти менен келишти. Концертте жергиликтүү элге бий жана ар кандай кыргыз улуттук аспаптардын коштоосундагы ырлар тартууландаы.
Сайнагүл Маланова беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылындагы жалгыз набайчы. Ал бул набайкананы үй-бүлөсү менен биргеликте он алты жылдан бери иштетип келет. Ал жайы кышы даамдуу токоч жасап, чакан …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында ички жолдорго алфальт төшөө иштери башталды. Асфальт Эсенкан Алымкулов көчөсүнө төшөлүп, жергиликтүү элге колдонууга берилди. Жол иштерине жалпысынан 4 млн 415 мин сом каражат жумшалды.
Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров бир ай алкагында элден чогулган суроолорго жооп берип, жергиликтүү элге муниципалдык кызмат орундары жана санариптештирүүнүн пайдасы тууралуу элге толук түшүндүрмө берди.
Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.
Жайыл районунун Суусамыр айылында үч гектар жерге чычырканактын көчөттөрү отургузулуп, жергиликтүү тургундарга жумуш орду түзүлүүдө. Отургузулган чычырканактын үч түрү бар.
Суусамыр айыл аймагында айдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жалпысынан Суусамыр айылындагы дыйкандар арпа жана эспарцет айдашат. Жер айдоочулардын саны жылдан жылга өсүүдө. Айдоо учурундагы дыйкандардын абалы тууралуу төмөндөгү аудиосюжеттен уга …
25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз …
Учурда Суусамыр айыл аймагында эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул убакта боюнча 33 каттоочу, 3 инструктор, 1 координатор иш алып барууда.
Суусамыр өрөөнүндө эл жана турак –жай фондун каттоо иштери башталганы турат. Бул арада Суусамыр өрөөнү боюнча каттоочулар атайын үч күндүк окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык …
Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.
“Жооптуу бол!” Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз! акциясы Суусамыр айыл аймактык ооруканасында старт алды. Акцияны Суусамыр айылдык ден соолук комитети жана оорукана кызматкерлери менен бирге өткөрүп жатат. Акциянын негизги максаты …
7-апрель ден соолукту чыӊдоо күнүнө карата Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде айылдык ден соолук комитети уюштурган спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана медицина кызматкерлери катышышты. Иш-чарада волейбол, аркан …