Суусамыр FM радиосунда болуучу «Парламент сүйлѳйт» таймашы 21-февралда болуп ѳттү. Мурда жазып келгендей бул таймаш 5 мектептер арасында болуучу таймаш. Ал ар бир айда мектептин министрлери күч сынашат. Бул ирет …
Суусамыр өрөөнүндө ачык жерлерде аба ырайынын деңгээли -40 градуска чыгып, мектеп окуучуларын эс алууга таратышты.
Суусамыр өрөөнүндөгү эң мыкты мектеп окуучулары апрель айында Жогорку Кеңешке барып депутаттар менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуу алгачкы жолу …
Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет.
Суусамыр өрөөнүнүн 1-Май айылында окуучулар 6 км алыстыкта барып билим алышат. Негизинен бул айыл, 6 көчөдөн туруп, андагы 2 көчө мектептен бир кыйла алыстыкта жайгашкан. Ал 6 көчөнүн аталыштары, Жолго, …
Суусамыр айылынын ортосунан агып өтүүчү «Жинди Суу» суусу кыш түшкөндөн бери нугунан чыгып жатып, муз каптап, окуучулардын мектепке баруусуна, дегеле айыл тургундарына чоң кѳйгѳй жаратууда.
Суусамыр өрөөнүнүн тургуну, 10- класстын окуучусу Халил Ибрагим англис тилинде эркин сүйлөп, программаларды колдонуучуга ылайыктуу кылып жасоону өздөштүргөн. Учурда ал айылда ар бир үйгө интернет туташтырып, каражат табат.
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев Суусамырлыктарды жаңы жылы менен куттуктап, жыл сайын арнап келген белектерин өрөөндөгү мектеп окуучуларына, мугалимдерге, мектеп кызматкерлерине, оорукана, айыл өкмөтү жана милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырды.
20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.
Суусамыр айылында күз айларынан бери интернетти жеткирүү боюнча иштер кызуу жүрүп, үйлөргө чексиз жана тез ылдамдыктагы интернет жеткиликтүү болду.
Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ орто мектептер арасында “Парламент сүйлөйт” радио викторинасынын 3-сезонунун 1-таймашы болуп өттү. Бул жылы адаттагыдай эле биринчилерден болуп, 5 мектептин илим-билим министрлери таймашып, татыктуусу жеңишке жетти.
Суусамыр айылында бир айдан бери айылдык ден- соолук комитетинин кызматкерлери ар бир айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, алардын ден соолугун жана артериялык кан басымын текшерип, анын жыйынтыгына байланыштуу, кээ бир адамдарды …
Суусамыр айыл ѳкмѳтүндѳ ар жылы күз айларында белгиленчү түшүм майрамы быйыл да ѳткѳрүлдү. Адатта бул маараке жылдын октябрь айларында ѳткѳрүлүп келсе, быйыл Суусамыр айылдык кенешинин депутаттарынын токтомуна ылайык 7-ноябрь «Түшүм» …
«Демократия сааты» программасынын алкагында уюштурулган түз эфирдеги маектин бүгунку темасы Суусамыр Жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнө арналды.
Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» программасында айылдагы маанилүү чечимдерди кабыл алган уюмдар жана кызматкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу айтылып келет. Бул жолу Суусамыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы …
Суусамырдагы суу түтүктөрү көп жылдардан бери оңдоодон өтпөй келген. Жакында ал түтүктөр оңдоо иштеринен өткөрүлдү. Бирок ал дагы көңүлгө толоорлук эмес.
Суусамыр айылында бир айга геологдор келип, чалгындоо иштерин жүргүзүшүүдө. Тагыраак айтканда, нефти-газын изилдеп жатышат. Бул “Кыргыз геофизика” компаниясы тарабынан аткарылып жатат. Геологдор бир айдын аралыгында нефти-газын чыгаруу планын коюшууда.
Суусамыр FM радиосундагы «Демократия сааты» программасынын алкагында Тунук жана 1-Май айылдарынын башчылары түз эфирде маек курду. Программанын жүрүшүндө айыл башчыларынын эл менен кантип тыгыз байланышта иштеши, ар бир айылда кандай …
Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен.
Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин ашканасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.