Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Сел

Сел жүргөн аймактарды тазалоо иштери уланууда

9-августка карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулары жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери менен бирге кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантышууда.

Барскоон: Селден коргоочу канал бекемделүүдө

2018-жылы Барскоон айыл аймагынын Көкой жаңы конушунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кыян жүрүп, бир топ айыл тургундарынын үйлөрүн каптап кеткен. Учурунда жаңы конуштун четинен казылган канал кичине болгондуктан жергиликтүү тургундар …

Кулатов айыл аймагында сайларга таш төшөлүүдө

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Орто-Сай жана Таканай-Сай сайларына коопсуздук үчүн таш төшөлүүдө. Бул аракет жергиликтүү элдин короолорун жана бактарын коркунучтан арылтуу максатында башталды.

Сары-Булуң: Сел алган көпүрө бүткөрүлүп колдонууга берилди

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …

Могол айыл өкмөтү жазга карата алгылыктуу иштерди аткарды

Ооган-Талаа айылында жаздын келиши менен көп иштерди аткарылды. Аткарылган иштер боюнча айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

Куу-Майдан айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 7-май күнү кечки саат 6лар чамасында мөндүр аралаш жааган нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрдү. Кесепеттен улам айылдагы кээ бир үйлөрдүн короолорун, жер төлөлөрдү …

Могол: Айыл өкмөтүнүн аткарган иштери

Ооган-Талаа айылынын айыл өкмөтү жаздын келиши менен бир топ ишти аткарууга жетишкен. Айыл башчынын айтымында эң көйгөйлүү болгон сел коркунучунун алдын алып, сел арыктарын тазалап, ички көчөлөргө шагыл төгүлдү.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттери жоюлуп жатат

Арстанбап айыл аймагында сел кесепетинен улам бир канча үйлөр, көчөлөр катуу жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калыбына келтирүүдө.

Куланак: Жааган жамгыр кыянга айланды

2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң …

Тогуз-Торо районунда кайрадан сел жүрүп турак үй короолорду суу каптады

Тогуз-Торо районунда 29-июлда тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп 21 турак үйдү суу каптады

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.

Видео: Боомдо сел жүрүп жатат

Бүгүн, 26-июль күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 145-чакырымында кокту-колоттордон түшкөн жамгырдын суулары унаа жолду каптап, унаа өтүүгө кыйынчылык жаралган.

Сүрөт: Лейлекте чоң сел жүрдү

Лейлек районунундагы Исфана шаарында жана Тогуз- Булак айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Кесепеттен үйлөргө сел кирип, эгиндерин сел каптады.

Сүрөт: Сумбуладагы орум жыйын иштерине даярдык

Лейлек районунун Сумбула айылында кышка тоют топтоо жана кылкандуу дан эгиндерин өз убагында жана коромжоосуз топтоо максатында сел алган жолдорду оңдоп, габион торчолору орнотулуп, айыл өкмөтү тарабынан иштер жүргүзүлдү.

Беш-Бадам айылында жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатат

Базар-Коргон районунун аймагында жаратылыш кырсыктарынын, элге келүүчү ар кандай кооптуу кубулуштардын алдын алуу, калк коопсуздугун камсыз кылуу иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Сумбулада селден кийинки калыптандыруу иштери жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селден бир топ айыл тургундары жабыркагандыгы маалым. Учурда жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Ооган-Талаа айылында селден кийинки көчөлөрү тазалоо болду

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жаздан бери нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен, айылдагы ички жолдору, латоктору кум, шагалга толуп калган.  Могол айыл өкмөтү жана айыл тургундарынын иш аракети менен көчөлөр тазаланды. …

Сүрөтбаян: Нөшөрлөп жааган жамгырдан кийинки көчөлөрдүн абалы

Ооган-Талаа айылында 6-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам арыктардан суу ашып көчөлөрдү басты.

Селден сактап калуу максатында бекемдөө иштери жүргүзүлдү

Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу айылындагы турак жайды жана элдин үлүшүн селден сактап калуу максатында Нарын дарыясынын оң жак жээги бекемделди. Бекемдөө иштери жергиликтүү бюджеттен жана райондук ӨКМ көмөктөшүү менен 50 …

Сүрөтбаян: Ооган-Талаада кайрадан сел агып жатат

Ооган-Талаа айылында 30-апрель күнү кайрадан сел агып, эртең менен мектепке келе жаткан окуучулар жолдон өтө албай кыйналышууда.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...