Жергиликтүү кеңештин сессиясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого жооп издеп Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана аталган аймактын жооптуу катчысына кайрылдык.
Кара-Суу жана Табылгыты айылдарында коомдук угуулар өткөрүлдү. Максаты айыл өкмөт адистеринин жана депутаттарынын, жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн жөндөмдөрүн жакшыртуу, 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча түшүндүрүү иштери болгон. Анда, калктын ой-пикирин эске алуу …
Дарыгерлердин айтуусу боюнча, кайрадан экинчи ирет ковид менен ооруп калышы мүмкүн, адистер оорубайт деп эч ким кепилдик бере албайт деп коңгуроо кагышууда.
Баалардын кымбатташы, карапайым элге таасири тийип жатат. Мисалга алсак, азык-түлүктүн баалары 100%га кымбаттады, ал эми эмгек акылары мурункудай эле. Тапкан эмгек акылары, тамак-аштан ашпайт деген ойлорун айыл тургундары билдирүүдө.
Жаңы шайланган айыл аймак башчысы эл менен таанышып, алдыдагы жасала турган пландарды талкуулашып, ой бөлүшүштү.
Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Элет жеринде топурактан кирпич куюп таанымал болгон Шаамырза Куттубеков 28жашта. Былтыркы карантин убагынан бери кыш куюп, сатыкка чыгарып келет. Азыркы күндө …
«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда жалпы 15кызматкер эмгектенет.Анын ичинен 8 кызматкер ковид оорусуна каршы эмдөөдөн өтүштү.
Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди. Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:
Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну пенсионер Курманалиева Тамара 2009-жылдан бери «Ийгилик» кооперативин иштетип, келе жатат. Кооперативде шырдактар кийизден жасалган паноолор, сувенир, сумка, жумшак оюнчуктарды андан тышкары кызга берилүүчү септерди …
Кара-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну, эмеректерди жасоочу кичи ишкананын ээси, Баймырза Куттубек уулу ишканада жыгач менен иштөөгө басым жасап келет. Эмерек дүкөнү ачылганына эки жылдын жүзү болду. Бул эмерек дүкөнү …
Март – апрель айларында Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин медиа борборлору өлкөнүн 22 айылында медиа маалыматтык сабаттуулук семинарларын өткөрдү. Семинар айыл тургундарына арналып, катышуучулар фейк маалымат, сынчыл ой-жүгүртүү, шайлоо өнөктүгү жана Баш …
Сары-Булуң айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен 11 депутатка мандат тапшырылды. Мандат алган жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен алдыда таанышыңыз.
Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы туурасында Сары-Булуң айыл аймагында жашаган айрым тургундарга кайрылып көрдүк:
Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.
Коронавируска каршы эмдөө үчүн SARS-COV-2 вакцинасы 2000 доза келген. Эмдөөнүн 1-этабына медицина кызматкерлери, мугалимдер, бала бакча кызматкерлерине белгиленген. Эмдөө 2 жолу 28күн аралыгында жүргүзүлөт.
Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылындагы 15 апага Улук Учкучбек уулунан атынан белектер берилди.
1910-жылы Клара Цеткин “Аялдардын укугун коргоо күнүн” өткөрүүнү сунуштаган. Тарыхта аялдардын укугу корголгон кун катары таанылып, ошондон кийин ар кандай тармакта эмгектенген айымдар жетекчилик кызматтарда иштей баштаган. Клара Цеткин аялдардын …
Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы эскертет: Коронавирус пандемиясы аягына чыга элек себебинен улам, беткапты кийүү өзүӊүздү жана башкаларды коргоого жардам берет жана вирустун жайылуусун алдын алат.
Тогуз-Торо районунда уюуштурулган «Багыт» долбоорунун алкагында «Бала бойдон калба» жана «Бөрү эненин кыялы» китептерин окуу конкурсу Тогуз-Торо жаштар биримдиги тарабынан уюуштурулуп, жеңүүчүлөрү аныкталды.