Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: оорукана

Ак-Талаадагы айылдык оорукана капиталдык оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

№6 ҮДТ ооруканасында бир айлык акция жарыяланды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы №6 ҮТД ооруканасында 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасында аялдарды өзүн-өзү карап, кам көрүү боюнча акция жүрүп жатат.

Базар-Коргон: Курулбай келген мектеп

Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Катар-Жаңак айлындагы билим берүү мектеби окуучулар үчүн коркунуч жаратууда. «Жоробай Канашев атындагы орто мектеп, 1967-жылы 80 окуучуга ылайыкташтырып курулган, азыркы учурда эки сменге бөлүнүп 350 окуучу …

Ооган-Талаа: Оорукананын курулушу уланууда

Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылында 2019-жылы 87 млн сомдук долбоор менен башталган оорукана пандемиядан кийин курулуш иштери токтоп, жай жүрүп жаткан. 2023-жылдын февраль айынан бери оорукананын чатыры жабылды.

Үч-Коргондо жаны ФАП ишке киришти

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу борбордук ооруканасында дагы бир ФАП ишке киришти. Жалпы бюджети 4 млн сомго 7 бөлмөлүү имарат “Ассанабиль” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, ачылыш аземинде 1 млн сомдук медициналык …

Чолпон айылындагы оорукана кайрадан жаңыланды

16-февраль күнү Чолпон айылындагы оорукана жаңыланып, ишке кирди. Оорукана 20 жылдан бери эски абалда турган. Ошол себептүү дарыгерлердин кубанычында чек жок.

Ден соолук сакчыларынын ийгиликтүү эмгектери

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтептар өз ойлорун билдирип, оорукананын азыркы абалы бир канчага жакшырганын белгилешти.

Үч-Коргон: Бейтапкана ремонттон өттү

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кара- Жыгач бейтапканасы капиталдык ремонттон чыгарылды. Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун Кара- Жыгач бейтапканасын капиталдык ремонттон 1200 м² өткөрүлүп, ачылыш аземи өткөрүлдү.

Акталаада оорукананын имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун имаратын  Бүткүл Дүйнөлүк банктын  каржылоосу  жана АРИСтин колдоосу менен оңдоп-түзөө иштери башталды. Долбоордун жалпы наркы 56 млн.сомду түзөт. Ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду …

Суусамыр айылдык ооруканасында жеңил хирургиялык операциялар жасала баштады

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жаңы хирургия бөлүмү ачылып, жакында эле жаак бетиндеги шишикке операция жасалып, алынды. Суусамыр айылдык ооруканасында буга чейин хирургия бөлүмү болгону менен, тиешелүү адистин жоктугунан операция …

Суусамыр айылында жаңы хирургиялык бөлүм ачылды

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жаңы хирургиялык бөлүм ачылып, толук кандуу ишке киришип алгачкы операциялар жасала баштады. Эске салсак, Суусамыр айылы Бишкек шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Суусамыр элине хирургиялык …

Чолпон айылдык ак халатчандар көйгөйү

Кочкор районунун Чолпон айылындагы үй- бүлөлүк ооруканасы жардамга муктаж.

Суусамыр: Айыл эли акысыз медициналык жардам алышты

25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз …

Эмдөөнүн 3-дозасын медицина кызматкерлери гана алууда

Ковид-19 вирусуна каршы эмдөөнүн 3-этабынан биринчи кезекте дарыгерлер жана мед айымдар өтүштү. Себеби бул адамдар көпчүлүк менен иштегендиктен, эмдөөдөн өтүүсү зарыл.

Дарыгер: “Адамдардын эмдөөгө болгон ойлору өзгөрүп калды”

Азыркы убакта Суусамыр айыл аймагында көбүнчө сасык тумоо оорусу жүрүп жаткандыгын Суусамыр аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова билдирди.

Суусамыр: Сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйүүдө

Суусамыр айыл аймагында абанын суукташы менен Ковид-19 оорусуна караганда жаш балдардын сасык тумоого кабылган учурлары көп болду. Сасык тумоо оорусу менен көбүнчө жаш балдар ооругандыгын дарыгерлер белгилешти.  

Суусамыр: Медициналык мекемелердин абалы туруктуу…

Республикада кайрадан COVID-19 илдети күч алып жатат. Учурда Суусамыр айыл аймактагында медициналык мекемелердин абалы туруктуу.

Могол: Тазалык акциясына 800 адам катышты

Могол айыл өкмөтүндө «Дүйнөлүк тазалык күнүнө» карата акция уюштурулду. Тазалык иш-чарасына айыл өкмөттүн ар бир көчөсүндөгү жашоочулар активдүү катышып, жалпы 800гө чукул адам болду. Жыйынтыгында 4 унаа таштанды чыгарылган.

Суусамыр: Айылда вируска чалдыккандар аныкталууда

Өлкөдө COVID-19 вирусу кайрадан күчөп жатат. Суусамыр айылдык ооруканананын абалы кандай? Мурда COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар кайрадан ооруган жокпу деген суроо менен Суусамыр айылдык оорукананын башкы дарыгери Бурулкан Турдубековага кайрылдык: …

COVID-19: Айылдагы кары-картаңдардын абалы жөнүндө сурамжылоо

Covid-19 пандемиясы менен бир жылдан ашык убакыттан бери күрөшүп келебиз. Айылда коронавирус илдетине чалдыккан кары- картаңдардын абалы жөнүндө сурамжылоо жүргүздүк.

Бейшемби
18 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...