Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин перилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышып, 11-класстын окуучулары жеңишке жетишти.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы маданият үйүнүн отургучтары жаман абалда. Бул боюнча аталган мекеменин башчысы Байыш Осмоналиев менен маек курдук.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында алгачкы жолу кафе ачылды. Аны айыл тургуну Байыш Осмоналиев салган.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын 103 пенсионери эми пенсияларын «Компаньон» банкынын сактык кассаларынан ала алышат.
Окуучулар арасында «Мен кыргызстандыкмын» аттуу сынак Базар-Коргон районунда болуп өттү. Ооган-Талаадан барган окуучулар байгелүү орундар менен кайтып келишти.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Дени сак улут, дени сак үй-бүлөө» деген ураандын астында мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен спорттук мелдеши болуп өттү.
Көчкөнбек Раманов Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде 37 жылдан бери дене тарбия сабагынан берип эмгектенип келет.
Базар-Коргон районундагы Атабекова орто мектебинде районго караштуу мектептердин мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окутуудан өтүштү. Ага Ооган-Талаадагы мугалимдер да барып катышып келишкен.
Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылынын тургуну, улакчы Санжар Абдашим уулу кичине кезинен бери эле улак ойноп келет. Улуттук оюнду бул түрүнө атасынын түрткүсү менен кызыгып ойноп калганын айтат ал.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын столбаларына макал-лакаптар жазылган көрнөктөр орнотулду. Могол айыл өкмөт башчысынын билдиришинче, жазуулар элди ыймандуулукка чакырыш үчүн орнотулган.
Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүнүн имаратынын шыбы оңдолду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы билдирди.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Компаньон» банкы ачылды. Банкты имаратын айыл тургуну өз каражатына курган.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көптөн бери чечилбей келе жаткан көчө жарык маселеси мындан бир апта мурун 17-декабрда толугу менен оңдолду. Бул тууралуу Могол айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукулов менен маек курдук.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы «Ооган-талаа» тобу майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам баштыгын таратты.
Базар-Коргон районунун Бокол айылындагы жалгыз көпүрөнүн абалы көптөн бери начар абалда. Азыркы кезде көпүрөдөн айыл тургундары кооптонуп өтүп жаткан учуру.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев гимназия мектебинде мугалимдер окуучуларын олимпиадага даяроодо. Айылдык деңгээлде жакшы ийгилик көрсөткөндөр райондук баскычка жолдомо алышат. Жаңыл Борбиева 13 жылдан бери ушул мектепте биология мугалими …
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында май айында жүргөн селден жабыркаган ички арыктар оңдолуп, алардын ордуна лоток курулууда.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында мектеп оокуучулары жана айыл тургундары үчүн табигый кырсык болгон учурда кантип биринчи жардам көрсөтүү керек экени боюнча атайын окуу болуп өттү.
Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 5-11-класстын окуучулары катышты.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын көчөлөрүн жарык кылып турган лампалары көптөн бери жараксыз абалда. Айыл өкмөт башчысы көчөгө жарыкты 15-ноябрга чейин калыбына келтирилээрин билдирди.