Куланак айылынын тургуну, ишкердикти дыйканчылыктан баштаган Шайлообек байке учурда бал аарысын багат. Аны кантип кароо жана кантип киреше табуу жолдору менен бөлүшөт.
«Байбол» подкастынын үчүнчү чыгарылышы даяр болду. Нарындагы Куланак өрөөнүн таттуу кондитердик азык менен камсыз кылып келген Каныкей айым бүгүнкү күндө эргүүдө. Буга себеп жаш баласы жана учурдагы карантин абалы. Каныкейдин …
Кыргыз тилиндеги «Байбол» подкастынын биринчи чыгарылышында Нарын облусунун шартында бир жылда эки жолу түшүм жыйноонун сырлары менен багбан айым Гульнур Солтобаева бөлүшөт.
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун бардык айылдарында дыйкандарга үрөндөрүн жеткирип берүү иштери жүрүүдө.
Ат-Башы районунун бардык айылдарында пенсия, пособие, айлык акыларды берүү өз айылдарынын ичинде гана уюштурулат. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Максат Кадыркулов билдирди.
Быйыл Нарын облусунда жазгы талаачылык жумуштары эрте башталып, учурда бардык райондордо айдап-себүү өнөктүгү кызуу жүрүп жатат.
Баетов айылында жаңы ветеринардык дарыкана ачылып, ишке берилди. Анда мал жандыктарын дарылоодо, ар кандай мал ооруларын алдын- алууда керектелүүчү бардык дары-дармектер бар.
Нарын облусундагы Кочкор районунан 30 километр алыстыкта Ара-Көл айылы жайгашкан. Бул айылда кереметтүү көл бар. Ара-Көл көлү мындан көп жыл мурун суу сактагыч катары курулган. Бирок азыркы учурда көл колдонулбайт.
2020-жылдын 7-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Бел аймагын тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул аймакта Чолпон айылына караштуу болгон айылдардан чыккан таштанды төгүүчү жай орун алган. Таштандылар чегинен ашып көбөйүп ашып …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 24 команда күчтөрүн сынашты.
Ак-Талаа райондук маданият үйүндө райондук Аялдар кеңешинин жана райадминстрациянын уюштуруусу менен Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери катышты.
Ак-Талаа райондук маданият үйү 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол убакыттан бери имараттын жылуулук системасы бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ар жылы кышкы мезгилде жылуулук түтүктөрүнүн ар кайсы жерин …
Жерге эккен жемишиңиз түшүмдүү болбой жатабы? Кантип, такыр жерди түшүмгө айлантууга болот? Миң – Куш жергесиндеги уран калдыктары, Чүй облусундагы талаалардын туздуу болуп баратышы – жердин бузулуусунан кабар берет. Бул …
Бала кезде басчумун, бирок чуркай алчу эмесмин. Кийин оорум күчөп, такыр эле баспай, майыптардын арабасына отуруп калдым. Ата-энем болгон оорукана, табыптарга алып барды. Бирок жылыш болбой, тагдырга баш ийдим»,- дейт.
Ак-Талаа районундагы Орозбек Көккөзов атындагы ооруканага адамды операция кыларда денесин өзү кесип, артынан автоматтык түрдө күйгүзүп турчу электрокагулятор медициналык жабдыктары алынды.
Кыргызстандын саясатында Турдакун Усубалиев, Исхак Раззаковдун ысымдары үлгү катары байма-бай айтылып келет. Алардын замандашы Күлүйпа Кондучалова да патриархалдык башкаруу доорунда 22 жыл маданият министри болуп эмгектенип, тарыхта из калтырган эрктүү …
Өлкөбүздүн ар бир жери керемет. Ошол кереметтүү жерлердин катарында уникалдуу Нарын облусу да турат. kyrgyzmedia окурмандар үчүн аталган облуста тартылган кызыктуу сүрөттөрдү жарыялайт. Анда, жол арытып Теңир-Тоо жергесине барбасаңыз дагы, …