Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Лейлек

Баткенде үй-бүлө жана коомдогу шайкеш мамилелерди үйрөнүү системасы боюнча семинарлар башталды

«Баткендик аялдар тынчтык жана өнүгүү үчүн социалдык биримдикке көмөк көрсөтүшөт» долбоорунун алкагында бир катар семинарлар Лейлекте, 21-август күнү башталды. Бул долбоор коомдук биримдикти бекемдөөгө жана өлкөнүн улуттук приоритеттерине ылайык Баткен …

Сүрөт: Лейлекте чоң сел жүрдү

Лейлек районунундагы Исфана шаарында жана Тогуз- Булак айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Кесепеттен үйлөргө сел кирип, эгиндерин сел каптады.

Сүрөт: Сумбуладагы орум жыйын иштерине даярдык

Лейлек районунун Сумбула айылында кышка тоют топтоо жана кылкандуу дан эгиндерин өз убагында жана коромжоосуз топтоо максатында сел алган жолдорду оңдоп, габион торчолору орнотулуп, айыл өкмөтү тарабынан иштер жүргүзүлдү.

Коммуна айылындагы жаштардын каалоосу жүзөгө ашты

Лейлек районунун Коммуна айылына кичи футболдук аянтчанын курулушу аяктап жатат. Бул долбоор Кореянын «КОЙКА» уюумунун колдоосу менен жүзөгө ашты.

Ата-энелерге усулдук жардам көрсөтүүчү сабактар иштелип чыкты

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, аралыктан билим берүү шартында, окуучулардын үйдө сыналгы аркылуу телесабактар жана мобилдик байланыш аркылуу мугалимдеринин сабактары аркылуу билим алуусуна көз салып, уюштуруу жагы ата-энелердин камкордугунда болуп жатат. Педагогика …

Лейлектин Андарагына калың кар түштү

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.

Советтер союзунун баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат

Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков боюнча даректүү тасма тартылат. Исхак Раззаков фильмин тарткан, белгилүү Алим Токторов бул фильмде да башкы режиссёр болот.

Сумбулада ашыкча чыгымдар токтотулат

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү боюнча той, мааракелерде ашыкча чыгымдар токтотулат.

Лейлек районунда окуучуларга жайкы лагерь уюштурулду

Жайкы каникул учурунда Лейлек районунун окуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулду. Лагерге башталгыч класстагы окуучулар катышат, узактыгы 10 күнгө уланат.

Андаракта кыргыз тил майрамы өттү

Кыргыз тил күнүнө 27 жыл толду. Эне тил майрамы Лейлек районунун Андарак айылындагы Манас орто мектебинде да өзгөчө белгиленди.

Быйылкы окуу жылында Манас мектебинде тартип өзгөчө

Лейлек районунун Манас атындагы орто мектебинде быйыл тартип өзгөчө болууда. Ага ылайык, мектеп формасынан тартып, мектепте жүрүү эрежелери да катуу каралууда.

Андарак айылынын ички жолдоруна асфальт төшөлүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылындагы ички жолдорунун 600 метрине асфальт төшөлүүдө. Буга чейин тургундар жолдун начар экенине нааразычылыгын билдиришип, бул боюнча айыл өкмөт кызматкерлери менен бул боюнча маек курган элек.

Сары-Дөбө орто мектебинде спорттук мелдеш болуп өттү

Cары-Дөбө орто мектебинде 19-сентябрь күнү 5-6-7-8-9-11-класстар арасында спорттун беш түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеште окуучулар спорттун аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, кап менен секирүү түрлөрү менен күч сынашты.

Кол өнөрчүлүк менен алектенген Бурма апа

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмтүндөгү Камуна айылында жул гилем, айкөч, араби, туш кийиз гилемдерди токуп жан баккан Бурма Баратова 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал өзү токуган килемдерин …

Андарак: Мектептин от казаны жардамга муктаж

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылындагы Манас атындагы орто мектебинде от казанынын абалы начардыгынан көйгөй жаралып жаткандыгын айтышат. Бул тууралуу бизге мектептин чарбалык иштер боюнча директордун орун басары Бакыт Жалилов билдирди.

Андарактагы стоматология элет эли үчүн кызмат кылууда

Лейлек районунун Андарак айылында стоматалогия ийгиликтүү иштөөдө.Буга чейин Андарак айылында стаматалогия болсо да ал жер кичине тар болгонуна байланыштуу адамдар көп кайрылчу эмес.

Андаракта «Кулкунек» булагынын айланасы тосулду

Бул мезгилге чейин “Кулкунек” булагынын айланасы сел ташкыны астында калып, ыңгайсыз шарттарга кабылып тосулбай келген. Ага кыргыз жана тажик улутундагы биргелешкен ак сакалдар кеңеши өз каражаттарын жумшады.

Лейлекте республикалык деңгээлдеги айтыш болуп өттү

Лейлек районунун Төө жайлоосунда 28-май күнү жалпы республикалык төкмө акындар арасында айтыш болду. Айтышка жалпысынан жыйырма төкмө акын катышты.

Андарактагы жалгыз согуш ардагери Пусурманкул Рыскулов

Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.

Сумбулада суугат каналы жаңыланат

Лейлек районуна караштуу Андарак, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылдарында суугат каналдары жаңыланат. Бул суугат суу каналы СССРдин убагында мамлекет тарабынан айылга коюп бергенин айтат Нургазы Исманов.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...