“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыгы боюнча Базар-Коргон шаарындагы №1 Макаренко мектебинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча ар түрдүү тилде илимий конференция өттү.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы №6 ҮТД ооруканасында 1-октябрдан тартып 31-октябрга чейин Кыргыз Республикасында аялдарды өзүн-өзү карап, кам көрүү боюнча акция жүрүп жатат.
Кочкор районунун Чолпон айылында 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгы белгиленди. Иш чара биринчи жолу айыл өкмөттүк деңгээлде болуп өттү. Ошондой эле иш чарага аймактагы бардык мекемелер катышышты.
Кызды ала качып баргандагы улуу муундагы аялдардын стереотиптүү көз караш менен “Таш түшкөн жеринде оор”, “Эшик аттап калдың, эми кетсен бактысыз болосун”, “Кана мени аттап өтүп кетчи” деп босогого жатып …
Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде бүгүн 3-март Мамлекеттик Туу жана 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.
«Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Нарындын Учкун айылында «Жаштар сүйлөйт» дебат оюну болуп өттү. Дебаттык беттешке Учкун жана Куланак айылынын окуучулары катышты. Иш-чара Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде уюштурулду.
Майра Керим кызынын 60 жылдыгына арналган Кыргыз-Казак эл аралык айтышында Оттук айылынын кулуну Кутман Садыбакасов баш байгенин ээси боло алды. Айтышка эки мамлекеттен биригип, жалпы 16 төкмө акын катышышкан.
21-март Нооруз майрамына карата Нарын районунун Учкун айылында эстафеталык иш-чара өткөрүлдү. Анда айыл тургундары өнөрлөрүн көрсөтүп, айылдын маданият үйүндө майрамдык маанай жаратышат.
Нарын районундагы Учкун айылында элдерди жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүүчү цех ачылды. Аны айыл тургуну Карлыгач Асанова негиздеген.
«Дордой» ассоциациясынын директору Аскар Салымбековдун колдоосу менен «Кыргызстандын 100 мыкты окуучусу» кароо сынагы жарыяланып, жыл мыктылары аныкталды.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучуларына арналган «Балдардын сынагына сынбайсынбы» аталышындагы интеллектуалдык иш чара өттү.
Кыш мезгили дегенде эле кар, муз жана аяз эсибизге келет. Бирок климаттын өзгөргөнүнөн улам өлкөнүн бир топ жерине кардын аз жаап, кыштын жылуу өтүп жатканын байкалууда. Бул фотобаянда Нарын районунун …
Нарын облусунун тургундары мал-жандык менен тиричилик кылгандыктан, аймакта жапайы жана үй жаныбарларынан адамга жуккан оорулар көп кездешет. Алардын бири жыл сайын өсүп жаткан бруцеллёз оорусу.
Нарын районуна карашатуу Учкун айылында участкадан тышкары добуш берүү өттү. Ага комиссия мүчөлөрү жана эл аралык байкоочулар катышты.
Кыргызстандагы «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бакай Акылбеков коронавирус пандемиясы китеп окуу маданиятына эки багыттта таасир эткенин билдирди — анын пайдалуу дагы, зыяндуу дагы жагы болду.
Тоо туризм, альпинизм мен үчүн чыныгы жаңы ачылыш болду, Тоого туристтерди алып чыгуу, гид болуу деги эле тоо туризм жөнүндө толтура кинолорду көрүп чыктым. Демек биз жашап жаткан тоолуу аймак …
Жайлоо – жайкы конуш, мал жайыты. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Учкун айылына тиешелүү Улан жайлоосу дагы ошондой сууга бай, көркөмү кооз жер. Жайлоонун чөбү жагымдуу …
Коронавирус пандемиясы региондордогу жаштарга чоң сыноо болду. Окуучу жана студенттер окууларынан кыйналса, жаштар илдетти жеңүү үчүн биргеликте иш алып барган. Бул тууралуу Нарын районуна караштуу Учкун айылынын жаштары белгилеп, өз …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарынан COVID-19 оорусуна каршы эмдөө боюнча маалымат алып көрдүк. Тургундардын көпчүлүгү эмдөөгө каршы экенин билдирди. Бирок, айылдын үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Замира Базарбаева эмдөөнүн эч …
Сакмал – мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздар үчүн бул түшүнүк кыш айынын аягы жана жаздын башталышындагы мезгилди камтыйт. Өлкөбүздүн айрым жерлеринде болсо, «сакман» деп да колдонулат.