Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күтүүсүз кырдаалдар үчүн 303 койка даярдалган. Керектүү дары-дармектер, антисептик каражаттар, коргонуучу кийимдер жана башка зарыл медициналык каражаттар менен жетиштүү камсыз болгон.
Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында уюшулган обсервацияга райондогу жеке ишкерлер тарабынан 90 миң сомдук жардам берилди.
Ак-Талаа районунда аталган вирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалды жөнгө салуу жана алдын алуу иштерин көзөмөлдөө үчүн райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө бокс палата үчүн 8 койка, соматика бөлумүнө дене табы белгисиз себептерден …