Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: кочкор району

Эпкин айылындагы «Жалжалым» бий тобунун түптөлүшүнө 2 жыл болду

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин «Жалжалым» бий тобу 2 жылдан бери иш алып барып келишет. Аталган бий топ 2 тайпага бөлүнүп, көбүнчө чет …

Видео: Кочкордогу Узун-Булак айылынын жашоочулары таза сууга муктаж

Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Узун-Булак айылынын тургундары ичүүчү таза сууга муктаж. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү калк бийликтен жардам сурашат.

Төлөк айылындагы жайыттарды калыбына келтирүү максатында урук себилди

Төлөк айылынын чабандары жайкысын Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолоруна жайлап келишет. Акыркы жылдары малдын саны көбөйгөндүктөн жайыттар такырланып бара жатат. Андыктан жайыттарды калыбына келтирүү максатында жайлоолорго көп жылдык урук себилди.

Кочкор районундагы айылдын айрым көчөлөрүн суу каптады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.

Сүрөт баян: Кочкор районуна коюлган Ч. Айтматовдун «Бетме-Бет» чыгармасы боюнча спектакль

Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Бетме-Бет» спектаклин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.

Бала бакчада улуттук ыкма колдонгон тарбиячы

Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Бусурман уулу Шаабай атындагы бала бакчанын тарбиячысы Айнура Нурдинова көп жылдык иш тажрыйбасында наристелерге кыргыздын улуттук оюндарын  үйрөтүүдө.

Ара-Көл айылында жаңы салынган мектепке проекторлор белекке берилди

Нарын облусунун Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы көптөн күткөн курулуштагы мектеп 2023-жылы соңуна чыкты. Ара-Көл айылынын тургуну Ырсалиев Рахатбек жаңы салынган мектепке демөөрчү болуп проекторлорду орнотуп берди.

«Ормон Хан» атындагы сейил бакта учурда оңдоп түзөө, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ормон Хандын 230 жылдыгына карата Кочкор районундагы стадионду оңдоп түзөө иштери башталды. Учурда баардык мекемелер ишембиликке чыгып, «Ормон Хан» атындагы сейил бакты көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз улуттук оюндар боюнча мелдеш өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылынын 29-январындагы №1– Инсандын руханий адеп-ахлактыгынын өнүгүүсү жана дене-тарбиясын чыңдоо жөнүндөгү Президенттин Жарлыгына ылайык Кочкор районунун РИИБи тарабынан уюштурулган Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде мугалимдер, окуучулар жана …

Мектеп окуучусу китеп окуу сынагынан Турцияга жолдомо утуп алды

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында Эрнест Хемингуэйдин «Чал жана деңиз» китебинин негизинде райондук китеп окуу сынагы өттү. 17-январда Кочкор районунун Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев мектебинде Кочкор районунун 35 мектебинен …

Бекер курут эмне үчүн кымбат?

Республиканын көпчүлүк айылдары мал киндиктүү калк болгону менен айылдарда курут анча көп өндүрүлбөйт, себеби, курут жасоонун түйшүгү оор жана көп убакыт талап кылынат. Ал эми курут жасала турган сүзмөлөр жай …

Кочкордо массалык ишембилик өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 6- сентябрындагы №305  «Улуттук тазалык күнү 2023-2025- жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Кочкор …

Көл-Үкөккө болгон саякат

Германия Эл Аралык кызматташтыгынын (GIZ) колдоосу менен “Укмуштуу турларда коопсуздук жана тобокелдиктерди башкаруу” деген темада тренинг уюштурулду.

Кочкор: Тазалык бизден башталат

27- март  күнү Кочкор айылындагы «Сейил» паркында «Демилгелүү жаштар» тарабынан уюштурулган иш- чарага айыл өкмөт жамааты, Кочкор райондук аялдар кеңеши «Кыргыз туризм» компаниясынын мүчөлөрү жана активдүү Кочкор районунун айылдарынын жарандарынын жардамы …

Кочкор: Тиш оорулары бөлүмү акысыз дарылоо акциясын уюштурду

Кочкор районунун жергиликтүү тургундары үчүн Кочкор жалпы дарыгерлер практикалык борборунун тиш оорулары бөлүмү акция уюштурду. Акциянын жүрүшүндө тургундар тиштерин акысыз дарылатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак

2022-жылдын 28-февраль күнү Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жана Семиз-Бел айыл аймагынын Кара-Тоо айылында «Бактылуу үй-бүлө — ийгиликтүү айыл аймак» аттуу инновациялык иш чара-демилге боюнча конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө тегерек стол …

Предметтик олимпиаданын облустук туру жыйынтыкталды

2022-жылдын 25-26 февраль күндөрү мектеп окуучулары арасында Нарын шаарында облустук олимпиада өзүнүн жеңүүчүлөрүн аныктады.

Омикрон штаммы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Өлкөдө Ковид-19 илдетинин жаңы түрү деп белгиленген омикрон штаммы менен ооругандар катталууда. Омикрон штаммы боюнча Төлөк айылында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ага карата даярдыктар жүргүзүлүүдө.

Гапыр Мадаминов: Сапаттуу билим үй-бүлө менен бирдикте

27-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими жана “Энелер мектебинин” уюштуруучусу Гапыр Мамадинов Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын маданият үйүндө семинар өттү.

Чолпон айылында жумшак балмуздак аппараты иштейт

Кочкор районунун Чолпон айылына жумшак балмуздак аппараты иштеп баштады. Кичинекей бөбөктөн тартып улуу курактагы адамдарга чейин даам сызып жатышат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...