Республика боюнча туруксуз аба ырайы балдарга бакыт тартууласа, чоңдор үчүн түйшүк жаратты. Нарын районуна караштуу Куланак айылына тынымсыз жааган кар 45-50см түздү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.
Суусамыр жергесинде кар жаап бак-дарактардын кулоосуна, электр зымдарынын үзүлүшүнө алып келди.