Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.
2022-жылдын 6-сентябрында Кызыл-Үнкүр айыл аймагына караштуу Күрөбөс жайлоосуна кеткен жолдо көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
Ак-Талаа районунун Шабыр жайлоосундагы Көл-Кайың суусуна “Памир көпүрөлөрү” долбоору аркылуу көпүрөнүн курулуш иштери аяктап калды. Көпүрөнү “CAMP Ала-Тоо” коомдук фондусу каржылап, 324 миң сомго курулуш материалдарын камсыздап берген. Ал эми …
Базар-Коргон районундагы Каба токой чарбасындагы Уйгур-Сай аталышында суу жээгине көпүрө куруу башталган. Бирок, акча каражаттын тартыштыгынан курулуш иштери токтоп турат. Айыл өкмөт дотацияда отурганын айтып, каражат табуу үчүн долбоорлорду издеп …
Суусамыр айылындагы Көкөмерен дарыясына курулган көпүрө ушул жылдын август айында кулап калган. 2017-жылы курулуп, колдонууга берилген көпүрөнүн кулап калышы тургундар үчүн табышмак болду. Көпүрөнүн кулап калышы мал-жандыктарды айдап өтүүдө жана …
Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Таканай-Сай көпүрөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар кошумчаланды. Бул көпүрөнү куруу үчүн жеке ишмер, коомдук активист, Султан Аманалиевдин жеке каражатынан, демөөрчүлүк кылып, бүтүрүлүп …
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …
Сары-Булуң айыл аймагында быйылкы жылы пандемияга учурунда, эрежелерди сактануу менен элдин турмуш тиричилигин жакшыртуу максатында эл ынтымакташып, Кара-Талаа каналына 615 гектарга суу чыгарып, 16 бала Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоорунун …
Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында «Памир көпүрөлөрү» ассоциациясынын каржылоосу жана «Кемп Ала -Тоо» коомдук фондусунун колдоосу астында бешинчи көпүрөнүн курулушу аяктап, ачылышы болду.
Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын борборунан 150 км алыстыкта жайгашкан Сөң-Көл жайлоосундагы Ак-Таш суусуна көпүрө курулду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев Швейцария өлкөсүнүн «Памир көпүрөлөрү» (Pamir’s Bridges) ассоциациясынын президенти Бернард Репонд мырза менен жолугушту.
Чолок-Кайың айылындагы Кум-Арыктын сайына көпүрө куруу иши башталды. “Кемп Ала-Тоо” эл аралык уюму көпүрө куруу үчүн курулуш материалдары менен толук камсыз кылган. Ал эми курулуш иштери айыл тургундарынын күчү менен …
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында бул жылы аткарылып жаткан иштер тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берди. маалыматка ылайык, көпүрөлөр калыбына келтирилип, инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылган. Сары-Булуң айыл аймагынын …
Ак-Кыя Көк-Жар суусунун боюндагы көпүрөнүн курулуш иштери 2017-жылы башталган. Буга чейин 11млн сомдук иш аткарылган.
1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.
«АРИС» уюмунун колдоосу менен Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык калктуу конушунан Тамга-Терек жайлоосуна баруучу жолго жаңы технология менен көп жылга туруштук бере ала турган сапаттуу көпүрө салынды.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылынын эли ашар жолу менен көпүрө сала башташты.
Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык, Кырк-Казык жана Чоң-Арык айылдарынан алыскы жайыттарга кетүүчү жаңы көпүрөлөр салынды. Көпүрөлөр Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин акча каражатынан салынды.
Бакай-Ата айылында жолдорду оңдоп-түзөө маселеси козголуп эски көпүрөнү жаңыртышууда. Көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) каржылоодо.