Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Чолпон

Акылай Болотбекова Кочкор райондук олимпиадада 1-орунга ээ болду

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.

Чолпон айыл аймагына караштуу мектептердеги эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

ЖРТдан жогорку балл алган окуучулар акыркы үлгүдөгү ноутбук менен сыйланышты

Кыргызстан боюнча 23-24-майда бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырышканы баарыбызга белгилүү. Ошол тесттин жыйынтыгы чыгып,  Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жогорку балл алган окуучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

«Кербен» мобилдик бригадасы Чолпондо

9-июнь күнү Чолпон айылына Нарын облусунан «Кербен» мобилдик бригадасы келип, элдерди акысыз медициналык кароодон өткөрүп кетишти. Ага Чолпон айылынан тышкары Эпкин, Ак-Чий, Молдо-Кылыч айылынын тургундары келип көрүнүштү. Жалпы келгендердин саны …

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү тууралуу кызыктуу фактылар

Жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоону эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам эң алгач  1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. 

Мекенибизди таштандыдан сактайлы

Чолпон айылы менен Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Белде таштандынын саны уламдан улам көбөйүүдө. Элге өтө чоң залака келтирип, элдин нааразычылыгы күчөдү.

Бир адамдан — бир көчөт

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун »Бир адамдан бир көчөт» жарлыгы боюнча 2 жылдан бери Ара-Көл мугалимдери көчөттөрдү тигип келүүдө.

Кочкор районунун акими менен Чолпон эли менен жолукту

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.

Мектептерге техникалык жардам көрсөтүлдү

Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.

Жаз алдында малдарды купкага салуу башталды

Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары жыл сайын койлорду купкага салышат. Бул жылы жаз жыйырма күнгө эрте келгендигине байланыштуу жайлоого эрте кетип жатышат. Бүгүн эртең менен айылдын малдарын купкага салышты.

Чолпон айылында мугалимдер менен окуучулар медициналык текшерүүдөн өтүштү

Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү. 

Мектепте “Күз берекеси” кечеси өттү

Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулар арасында өтүлгөн “Күз берекеси” конкурсу жыл сайын уюштурулат. Мелдешке 5-6-7-класстардын окуучулары катышышты. Өтүлгөн убак 30-ноябрь күнү саат 11:00дөн 12:30га чейин болду.

Окуучуларга кылмыштуулукту алдын-алуу тууралуу маалымат берилди

Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине Кочкор районундагы ички иштер бөлүмүнүн орун басары жана өспүрүмдөр уюмунун инспекторлору мектеп окуучуларына жыйналыш өттү.

Окуучулар салттуу окууну чыдамсыздык менен күтүүдө

Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалдан улам билим берүү системасы онлайн режимге өткөндүгү баарыбызга маалым. Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда оффлайн түрүндө болору белгилүү болду. Мектеп окуучуларынан жаңы окуу жылына карата даярдыктарын сурап көрдүк.

Мектепте мугалимдердин 86 пайызы вакцина алды

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 46 мугалим эмгектенет. Аты аталган аталган мектепте мугалимдердин дээрлик 86 пайызы вакцина алышкан.

Фейк маалыматты ар бир адам аныктай алат

Апрель айында Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Ал жергиликтүү тургундарга багытталып, катышуучулар фейк маалымат жана аны аныктоо, шайлоо жана Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат …

№ 4150 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктады

Кочкор районунун Чолпон айылында 10-январь күнү президенттик шайлоо 8⁰⁰ дө башталып, 20⁰⁰ до добуш берүү соңуна чыкты.

Жайыттарды эс алдыруу маанилүү

Даярдаган: Перизат Таштанова, Жумакан Кожомкулова

Чолпон айыл аймагынын жайыттарынын абалы

Кыргызстанда 9 миллиондон ашуун гектар жайыттар бар. Мамлекетибизде деградацияга учураган 60% жайыт жерлери такырланган деп айтып келишүүдө. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы 50 миңге жакын гектар жайыттары …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...