Мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилип келет. Алардын тамактануусуна жакшы шарттары түзүү үчүн атайын долбоорлор менен Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби тыгыз иш алып барып келет.
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кулатов айыл өкмөтүнүн мектептеринин башталгыч класс окуучулар арасында Мерсико долбоору каржылаган «Окуу фестивалы» болуп өттү. Бул иш чарага алты мектеп катышып, баалуу белектер менен сыйланышты.