Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Бала бакча

Подкаст: Жайлоодо уюштурулган бала бакча

Роза Отунбаеванын демилгеси менен жайлоо өнүктүрүү борбору ачылган. 2017-жылдан бери Көк-Ирим айыл аймагына караштуу “Айзирек” мектепке чейинки жайлоо бала бакчасы иштеп келет.Үч-Чоку жайлоосунда жалпы 15ден ашуун малчы отурукташкан. Бүгүнкү күндө …

Балдар үчүн китеп окууга арналган жайкы лагерь уюштурулду

Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын балдар бөлүмүндө жайкы каникулда балдардын убактыларын пайдалуу өткөрүү, китепке кызыктыруу максатында жайкы лагерь уюштурулду.

Акталаада жайлоо бала бакчалары өз ишин аяктоодо

Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы …

Кочкордо «Ынтымак» оюн аянтчасы салтанаттуу ачылды

«Демилгелүү Жаштар» КФ жана «Демилгелүү Жаштар»долбоорунун алкагында  «АгаХан» уюм тарабынан каржыланып,Кочкор айылынын айыл өкмөтүнүн колдоосу менен балдар оюн аянтчасы жасалып, бүгүн салтанаттуу ачылышы өттү. Ачылыш аземине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын …

Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды

Кулатов айыл өкмөтүндөгү Кожо-Арык айылында жаңы бала бакчанын курулуш иши башталды. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы. Мухаммед Маадынын өкүлдөрү демөөрчүлүк көрсөтөт. Айыл өкмөт тарабынан 5 тонна цемент бөлүнөт. Курулуш иши сентябрь …

Акталаадагы алыскы бала бакча заманбап жабдыктар менен камсыз болду

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Ак-Талаа районндагы Көк-Жар айыл аймагынын  Ак-Кыя айылындагы 100 орундуу «Келечек-Муун балдар бакчасы ашкана жабдыктар, эмеректер жана оргтехникалар менен камсыз болду.

Ак-Талаа: Кош бол, бала бакчам

Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында жайгашкан «Айдос» бала бакчасында 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата «Кош бол,бакчам» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда балдар бакчада үйрөнгөн ырларын ырдап, бийлеп беришип, …

Мамлекет тартабынан каржыланган бала- бакчалар июнь айынын аягына чейин иштейт

Баарыбызга белгилүү болгондой эле бала бакчалар май айына чейин эле иштеп келген, быйыл июнь айынын аягына чейин иштешет. Себеби, иш күндөр быйылкы жылы кеч башталган.

Сүрөт: Дени сак бала, дени сак коом!

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасында тарбиялануучулар жана ата-энелер менен биргеликте «Ден соолук табылгыс байлык» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке «Жеткинчек» жана «Ынтымак» тайпаларынын балдары катышышты. 

Балаңызды 1-класска электрондук каттоо үчүн арыз толтуруу жол жобосу

Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталган. Кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Каттоонун биринчи этабы 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. …

Нарын облусунун башчысы Акталаада эл менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев тиешелүү облустук мекеме-ишкана жетекчилери менен бирге Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушту.

Базар-Коргондо «Жылдын мыкты тарбиячысы -2022» сынагы өттү

Сынакка даярданууда, балдарга болгон сүйүүм, заманбап методикам, көп тилдүүлүк программасын ишке ашырганым, заманбап санариптүү иштей алганым жана кесиптештеримдин, жакындарымдын колдоосу болду.

Суусамырда балдар бакчасы ачылуу алдында турат

Суусамыр айылында жаңы салынып курулушу аяктап калган балдар бакчасы акырындык менен балдарды кабыл алууга даярданып жаткан кези. Бала бакчанын курулушу Айыл өкмөтүнүн АРИС проектисинин негизинде 2020-жылы башталган.

Тарбиячы: «Ар бир баланын коопсуздугу үчүн баарыбызда жоопкерчилик бар»

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.

Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.

Красная Речка: Бакчаларда балдар үчүн аянтчалар орнотулду

Красная Речка айылында жайгашкан «Ай-Толкун» жана «Нур-Балалык» балдар бакчаларында атайын бөбөктөр үчүн балдар аянтчасы орнотулду.

Нарын: Эки ирет «жараксыз» деп табылган бала бакча урап калуу коркунучунда турат

Нарын районунун Ак-Кыя айылындагы мектепке чейинки курактагы балдар эскилиги жеткен бала бакчада тарбияланышат. Аталган айылдагы «Нур-Байгазак» бала бакчасы 1972-жылы мектеп болуп курулган имараттын жарымында жайгашкан. Имарат бала бакчага ылайыкташпагандыктан шарттар …

Акталаанын Жерге-Тал айылында бала бакча көйгөйү чечилди

Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу  50 орундуу типтүү бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.

“Ботокөз булак” бала бакчасы пандемия шартында

2021-жылы Жайыл районунун Кара-Суу айылында жайгашкан “Ботокөз булак” бала бакчасы Covid- 19 оорусу жүрүп жатса дагы, ал оорудан сактанып, балдарды тарбиялап, ишин улантууда.

Жергиликтүү кеңеш бала бакча, мектептердин абалы менен таанышты

Сары-Булуң айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча комиссиянын мүчөлөрү аймакка караштуу мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттардын кышка даярдыгы менен таанышып чыгышты. Текшерүүдөн кийинки маселелер жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясына коюлуп, алардын ичинен …

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...