15-март күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылындагы «Нур» дыйкан чарбасында облустук деңгээлде бодо малдын эт, сүт багытында асылдуулугун жогорулатуу жолдору боюнча семинар өткөрүлдү.
1-февраль күнү Бакай-Ата айылында «Чакан ишкананы кайра иштетип чыгарса болот» деген темада окутуу жыйыны өттү. Жыйындын уюштуруучусу «Азык Түлүк Дүйнөлүк Программасы» менен биргеликте «Хелс Пром Плюс» коомдук фондунун жетекчиси Канай …
Бакай-Ата району боюнча жайыт комитетинин адистерине техникалык жабдыктарды үйрөтүү максатында окутуу болуп өттү. Бул туурасында Бакай-Ата жана Кара-Буура району боюнча АРИС долбоорунун эксперти Максатбек Сарычаев менен маек курдук.
Мындан үч жыл мурун, тагыраак айтканда 2014-жылдын июнь айларында интернеттен коомчулука кайрылып жардам сураган Айзада Марат кызы, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө белгилүү Гарвард жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап келген учуру.
Бакай-Ата районундагы Шыралжын кен казуу жайынын абалы жана жаратылышка кандай зыяны бар экенин билиш үчүн «Манас-1000» коомдук фондунун жетекчиси Серен Шейшенов менен маек курдук.
Бакай-Атанын тургуну Өскөн Молдобеков айылга караштуу 20 миң 62 гектар жайыт бар экенин билдирди. Анын айтымында, бул жайыттар жазгы, жайкы жана кышкы жайыттар болуп бөлүнөт.
Азыркы күндө Бакай-Атада таштандылардын жайы эң кооптуу жайлардын бирине айланып, көйгөйлүү маселелердин бири болуп калды.
«Бул басылма Европа биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.»
Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат деп кыргызда бекеринен кеп козголгон эмес. Азыркы замандын талабына ылайык бир жылда эки жолу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюу аздык кылбаса көптүк кылбас.
Марат Бүркүтбаев учурда Бакай-Ата райондун белгилүү ырчысы. Ал убагында Чубак Сатаев менен чогуу ырдап, ырларын жаздырууга жетишкен. Марат Бүркүтбаев болгон маекти сунуштайбыз.
Бакай-Ата айылында 15-февраль күнү суицидге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү.
Талас облусунун Бакай-Ата айылынын айыл өкмөт башчылыгына эки адам талапкерлигин коюп, Нурлан Доублеков айыл өкмөт башчысы болуп шайланды.
Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Сай айылындагы Чалдовар жатак мектебине «Газпром Нефть Азия» мекемеси тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Талас облусунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары өз мандаттарына ээ болушту. Шайлоодон жалпы 21 депутат өткөн.
Талас облустук футболдук мелдеши Бакай-Ата айылында өттү. Анда жалпы төрт курама команда күч сынашты.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинде 27-декабрь күнү башталгыч класстын окуучулары үчүн жаңы жылдык майрам болуп өттү.
Талас облусундагы Бакай-Ата айылында «Бакай-Ата ФМ» жааматтык маалымат бюллетени басылып чыгып, тургундарга айылдын жаңылыктары дагы да жеткиликтүү болуп калды. Бул боюнча бюллетенди чыгарып жаткан Бакай-Ата FM жамааттык радиосунун жетекчиси Дамир …
Талас облусунун Бакай-Ата айылындагы Куштай көчөсүнө айыл депутаттары өз каражатына жарык коюп беришти. Депутаттар айылдын башка көчөлөрүн да жарыктандыруу жакынкы аралыкта ишке ашырылат деп убадалоодо.
Талас облусунун Бакай-Ата айылында төө буурчактын баасы көтөрүлүп, дыйкандардын мээнети акталгандай болууда. Азыр бакай аталыктар төө буурчактын килограммын 70 сомго чейин сата башташты.