Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Баетовдо китеп дүкөнү ачылды

Баетов айылында жакында китеп дүкөнү ачылып, кызмат көрсөтө баштады. Бул китеп дүкөндө окуучуларга  керектүү китептер алынып келинген.

Баетов айылында «Ашар» кызматы ачылды

Ак-Талаа районуна биринчи жолу элге кызмат көрсөтүүчү «Ашар» кызматы ачылды. Алар айыл тургундарынан кызмат акы алып, ар кандай жумуштарын аткаратып, кызмат көрсөтөт.

Бруцеллёз үй жандыктарынан жугат

Бруцеллёз ылаңдаткычы эң майда микробдор болуп эсептелет. Бруцеллёз менен көбүнчө бодо мал, кой-эчки, чочко, топоз, жылкы, буйвол, төө, ит-мышык жана башка жаныбарлар ылаңдайт.

Баетовдо Чернобыль апаатынын 30 жылдыгы белгиленди

1986-жылдын 26-апрелинде Украина ССРинин Чернобыль шаарынын аймагында жайгашкан атомдук электр станциясындагы болгон жарылуу ири калктуу өлкөнүн зор аймагын радиоактивдүү булгануусуна, уулануусуна, химиялык жактан талкалануусуна  алып келген.

Баетовдо мектеп окуучуларын базалык каттодон өткөрүү жүргүзүлүүдө

Нарын областы боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан биометрикалык каттоо жүргүзүлүүдө. Буга Ак-Талаа районунун баардык 18 айылынын информатика сабагынын мугалимдери барып бир сааттык сабак алып келишти. Анда ар бирине бирден …

Баетов: Мектепте космонавтика күнү белгиленди

Адам баласы алгачкы жолу космоско учкан жылдан бери 55 жыл өттү. Мына ушуга байланыштуу Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 12-апрель космонавтика күнү белгиленди.

Баетов: Мугалимдердин райондук сынагы жеңүүчүлөрдү аныктады

Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында кароо-сынак эки айлампа менен өтүп, ага жалпы 15 орто мектептин мугалимдери катышты. Ал эми финалдык турунда 5 мектептин мугалимдери үч тапшырма боюнча күч сынашты.

Баетов: Окуучулар аралык ХI спартакиаданын биринчи айлампасы аяктады

Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу үч өрөөндө бир эле учурда Н. Жыргалбекова, Ж. Сатылганов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

Баетовдун орус тилинде ыр жазган жаш тургуну Адинай

Адинай Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал азыркы убакта орус тилинде ыр жазат. Анын көптөгөн чыгармалары бар.

Баетов: Бир үйдө 12 адамды пенсиясы менен баккан Ырысбү апа

Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган. Апанын …

Баетовдо “Бирге окуйбуз” долбоору жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Ажиев айылдык клубунда райондогу башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусуунда аталган долбоорду жыйынтыктоо семинары болду. Анда мугалимдер жыл ичинде долбоордун алкагында жасаган иштери, жетишкен ийгиликтер, долбоордун пайдалуу жактары жөнүндө пикир …

Баетовдо элдик революция окуучулар тарабынан сахналаштырылды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.

Баетовдо элдик революцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.

Баетов: Мектептердин уюштуруучулары тарбия маселелерин талкуулашты

Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы — ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

Мугалимдердин республикалык кароо-сынагында Баетовдун мугалими баш байгени багынтты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

Үй — бүлөлүк бантик жасоо ишмердүүлүгү артууда

Баетов айыл аймагындагы таланттуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган  Алтынбек Мундузбаевдин  үй-бүлөсү алгачкы эмгегин  бантик  жасоо менен баштаган.

Баетов айылында бала бакча ачылат

Жарактан чыгып калган мечитти  бала бакча  кылып оңдошууда.  Бул демилгени Баетов айыл   өкмөтүнүн башчысы  Амангазиев Талант Турусбекович көтөргөн.

Баетов айыл аймагында жаңы техника ойлоп табылды

Айыл тургуну Иманкулов Шайырбек жоголуп бара жаткан каз таман тракторун желим дөңгөлөктүү тракторго айландырды.

Баетовдо кароосуз калган бассейн кайра оңдолууда

Айылдын Түндүк тарабында мурда иштетилип, бирок бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган бассейн жайкысын элдер сууга түшүүчү бассейн жана кышкысын муз тебүүчү жай катары кайрадан жасалууда.

Баетов айыл аймагында карасан оорусу күч алууда

Бүгүнкү күндө Баетов айыл аймагында бодо малдын карасан оорусу көп кездешип жатат. Ушул оорудан улам жашоочулар баккан малдарынан кол жууп калышууда.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...