Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер арасында волейбол жана кол күрөш боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдешти Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы уюштуруп, демөөрчүлүк кылышты.
АРИСтин долбоору аркылуу Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылына жакында жаңы техника келет. Техниканын жардамы менен жайыттарга жол салса да болоорун айтты айыл өкмөт башчысы.
Ак-Талаа тарых музейинде райондун аймагында жашаган жаныбарлар, өсүмдүктөр, тарыхый жерлер жана кыргыз эли колдонгон байыркы буюмдардан турган экспонаттар бар. Жаңы жылда музей жаңы 70тей экспонат менен толукталган.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында муз аянты ачылды. Кышкы каникулда кайда барып эс алууну билбей турган окуучулар үчүн жакшы шарт түзүлгөндөй болду.
Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасы жаңы жыл алдында УАЗ маркасындагы жаңы кызматтык автоунаалуу болушту.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Азамат Дөөлөтбек уулу жаңы жыл түнү аяз атанын кызматын көрсөттү. Атайын буйрутма менен жаңы жыл түнү үйлөргө баш багып, белектерин берди.
Ак-Талаа районунун эн алыскы Кош-Дөбө айылында акыркы ирет жааган кардын калыңдыгы 60 смге жеткен. Учурда айылдын көчөлөрүндөгү карлар машинелер жүргөндүктөн тапталып калган.
Баетов айылында жайгашкан Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине тийиштүү аймакта ден соолугуна байланыштуу үйдө билим алган балдар бар. Мектептин соцпедагогунун демилгеси менен балдарга белектер берилди.
Жаңы жылдан тартып райондун аймагындагы ветеринардык инспекторлор атайын форма кийишет. Инспекторлордун күнүмдүк кийүучү кийимдери башкармалыктын бюджетинин негизинде сатылып алынат.
Кан басым оорусу бул – кооптуу оорулардын катарына кирет. Эгерде ата-энеси кан басым орусу менен ооруган болсо, баласынын дагы жүрөк кан тамырлары же болбосо кан басымдын жогоруу болуу оорусуна кабылышы мүмкүн.
Баетовдо 2015-жылдагыдан айырмаланып 2016-жылы бруцеллез көбүрөк катталган. Бул ооруга айыл тургундарынын арасында 36 адам чалдыккан.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда быйыл биринчи ирет айымдар үчүн “Апалардан ак бата” аттуу жаңы жылдык “Көгүлтүр от” болду.
Ак-Талаа районунун билим берүү тармагында узап бараткан жылда айтарлык ийгиликтер деле болгон эмес. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Ж. Мамбетова билдирди.
Жаңы жылга карата Ак-Талаа районунда бир катар ветеринарларга сыйлыктар тапшырылды. Сыйлык тапшыруу салтанатына райондук акимдин орун басары А.Сулайманов, фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Д.Күйкеев, айылдардагы ветадистер жана ардагерлер катышты.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Талаа районунун аймагында 15 өрт кырсыгы катталган. Ал эми былтыр болсо жыл ичинде он өрт кырсыгы болгон.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча акимдин орун басары Ж.Мамбетова өтүп бараткан жылдагы жасалган иштер тууралуу бизге маек курду.
Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан райондук мамлекеттик архиви 1954-жылда салынган. Архивдин жаңы имаратын салуу үчүн тиешелүү жерлерге кайрылуу жазылып, 2015-жылда куруу иштери башталган болчу. Учурда каражат жетишсиз болгондуктан курулуш иштери токтоп …
Баетов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде 5-11-класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Бул “Улуттук адабият күнүнүн” алкагында сынак катары өткөрулдү.
Учурда республика боюнча сасык тумоо менен ооруп жаткан жарандардын саны көбөйүүдө. Райондун аймагындагы абал боюнча Ак-Талаа райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Эрлан Бекишов менен бул масаеле боюнча …
Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосунан мал издеп кеткен эки тургундун биринин сөөгү табылып, жайына коюлган болчу.