Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында мурун менчиктештирилип кеткен имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 400 миң сомго оңдолуп-түздөлүп, кайрадан 50 орундуу бала бакча болуп ачылды.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында салттуу өтүп келе жаткан спорттук мелдештер бул жолу таза абада, спорттук аянтта өттү.
Бусурман Шаршенбеков Баетов айылындагы Э.Карасартов орто мектебинде 9-класста окуйт. Жаш ойлоп табуучулардын райондук сынагында күн нурунан энергия ала турган жабдыкты калпакка жабыштырып, зарядоочу каражат ойлоп тапкан.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы айылдар аралык өспүрүмдөрдүн волейбол мелдеши өттү. Аны аталган мектептин окуучулары дене тарбия мугалимдери менен бирге уюштуруп, жалпы эркек балдардын 10, кыздардын 9 командасы …
Ак-Талаа районунда балдардын билим берүү борборунда “Жаш ойлоп табуучулар” арасында сынык болуп өттү. Сынакка мектептерден тандалып келген 20 окуучу катышты. Жыйынтыгында район борборундагы Карасартов мектебине 1-орун ыйгарылды.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы жыйналыш болуп өттү. Жыйында учурда өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып жаткан интернет оюндары жана аны алдын алуу, …
Учурда мугалим, болгондо да жетекчи болуу түйшүгүн бардыгы эле көтөрө бербейт. Бардык укук окуучуга берилип, ошого жараша психологиясы да оорлоп, өзгөрүп, милдетин эмес укугун мыкты билип турган учурда бир канча …
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында айнек бөтөлкөдөн салынган мончо иштей баштады. Мончого жалпы 18 миң даана бөтөлкө кеткен. Сыртынан караганда кадимки кыштан жасалгандан эч айырмасы жок.
Ак-Талаа районундагы жалпы орто билим берүүчү мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиада аяктады. Ага жалпы 18 мектептен 400гө жакын окуучу он предмет боюнча өз билимдерин сынап көрүштү.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде бир нече жылдан бери “Жаш талант” адабий ийрими иштейт. Ийрим ар окуу жылынын башында таланттуу балдардан түзүлөт. Ийримдин жетекчиси Айгерим Сатыналиевнын …
Табрис Оторов деген ысым учурунда акталаалыктарга эле эмес, өлкөбүзгө белгилүү болгон эле. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, “Эмгек Кызыл Туу”, “Эмгектеги Каармандыгы үчүн” медалдарынын ээси Оторов 1924-жылы 10-декабрда …
Баетов айылында акуучулар арасында кылмыштуулуктун жана диний экстремизмдин алдын алуу максатында Ак-Талаа РИИБнин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мектептерде жогорку класстын окуучулары менен жолугушууларды өтүүдө.
Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Баетов айылындагы №40-кесиптик лицейдин жалпы жамааты, окуу бөлмөлөрү менен кесип тандоо багытында таанышышты.
Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы билим берүүчү жаңы орто мектептин курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилерине аз калды.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында жайгашкан Ажиев атындагы клубда биринчи жолу кенже кызматкерлерге арналган атайын иш чара болуп өттү. Ага Баетов айыл аймагына караштуу бала бакча, мектеп, балдар билим борбору, тазалык жана …
Келдибек Исмаилов Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну. Сегиз жылдан бери карышкыр атып келет. Кышкысын ачка болгондо карышкыр айыл четине чейин келип, кол салары баарыбызга белгилүү.
Тариэл Мамбетибраимов Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын кичинекей тургуну. Ал азыр болгону 11 жашта экенине карабастан өз алдынча кичинекей машина жасаганга жетишкен.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1000 комузчу “Маш ботойду” черткен. Алардын арасында Ак-Талаа районунан туура 100 комузчу да барган. Баетовдо 18-январда ошол ак-талаалык 100 комузчуга президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазычылык каты салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Кыргызстанда эгиз балалуу үй-бүлөлөр чанда кезигет. Алардын бири Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Байсеркеев Таалай. Учурда каарманыбыздын жети жаштагы Мээрим жана Сезим аттуу эгиз кыздары бар.
Ак-Талаа районунда 14-15-январда окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтөт. Анда ар бир мектептен экиден окуучу он предмет боюнча катышуусу шарт.