Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын энелери даңк медалдары жана баатыр эне ордендери менен сыйланышты. Учкун айыл аймагына Учкун, Куланак жана Жылан — Арык айылдары кирет. Үч айылдан 5 эне …
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы №151 жана №152 Жарлыктарына ылайык «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен Кочкор районунун көп балалуу энелерди 7-сентябрь күнү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким …
Базар-Коргон району боюнча 1265 баатыр эне каттоодо турса, бүгүн да ал тизмеге жаңы «Баатыр энелер» кошулду.
Энелердин үй-бүлөдөгү, коомдогу орду тууралуу окурмандарга жайылтуу максатында, видео роликтер даярдалды.
Баатыр эне ордени жана «Эне Даңк» медалдары Тогуз- Торо районунун апаларына тапшырылды.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Ырымкан Урустемова жети баланы тарбиялап, өстүрүп «Баатыр эне» орденин алды. Ырымкан эне буга чейин 4-баласынан кийин «Эне даңкы» медалын алганын билдирди.
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл аймагында «Баатыр энелер» сыйланды. Сыйлыкты тапшыруу үчүн Базар-Коргон райондук администрациясынан акимдин орун басары Замира Адышова, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы Сагындык …
Баатыр эне наамын Тасма айылынын тургуну Дария Касымова 1972-жылы алган. Бул наамды Дария Касымова 11 балалуу болгон соң алып мамлекет тарабынан ардак громата жана баатыр эне ордени менен сыйланган.
Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.