Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: аудио

Аудио: Кулатов айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаттары бала бакча, мектеп, оорукана жана ФАПтардын кышка карата даярдыгы боюнча жакындан таанышып, көйгөйлөрүн билүү үчүн жүрүш уюштурду. Кыдыруунун натыйжасында мекеме, ишканалардын …

Аудио: Көчөдө жүргөндө вирустан сактануу эрежелерин билип алыңыз

KyrgyzMedia · Көчөдө жүрүүдө вирустан сактануу эрежелери

Аудио: Добуш берүүдөгү тартип

    KyrgyzMedia · Добуш Беруу Тартиби

Аудио: Пандемия учурунда мектепке даярдануу, психологиялык абал

Аудио: Кыргыз тойлору реформага муктаж болуп калдыбы?

Учурда жылы бою байма- бай болуп келген тойлорго эл кандай мамиле жасап калды? Айрыкча күз мезгилиндеги тынымсыз келген чакыруу билеттер, чакыруу колуна тийген ар бир адамдын реакциясы, ой-жүгүртүүсү, тойго даярданып …

Орто Азиядан келген журналисттер подкаст жасоону үйрөнүштү

Тренинг боюнча Казакстандан, Өзбекстандан келген журналисттердин айткандарын төмөндөгү аудиофайлдан угуңуздар: Жанар Максут Кызы, Казакстан Хуршид, Өзбекстан Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

Аудио: Айыл жаштарынын иши

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын жаштарына Айыл өкмөт тарабынан 5га жер бөлүнүп берилген. Мына ушул жерди жаштар иштетишип, айылдын керегине жаратып жатышат. Быйыл беденин уругунан да жакшы түшүм алышты.       Jashtar. Bede …

Куланактык күнөсканачы Шайлообек тажрыйба катары жүзүм отургузду + аудио

6 (9)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.

Аудио: Кара-Сууда китепканачылардын семинары болуп өттү

wpid-20130712_145708

Жайыл райондук китепканачылардын семинары Кара-Суу орто мектебинде уюштурулду. Бул семинардын алкагында атайын ачык сааттар өтүлүп, баары ийгиликтүү болду, дейт мектептин окуу тарбия боюнча директорунун орун басары.

Куланакта бүтүрүүчүлөр республикалык сынактын жообун күтүүдө + аудио

5 (3)

Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.

Уч-Коргондук жаш Шохрух “Манас” айтуу аркылуу көп ийгиликтерди багынтты + аудио

20140603_164939[1]

Ал «Манас» айтуу аркылуу бир гана Кыргызстанда эмес, башка мамлекеттерде да таанымал болгон. Биздин Уч-Коргон медиа борборубуздун кабарчысы Атабек Арипов, Шохрухтун кандайча “Манас” айтууга кызыгып калганын билүү үчүн аны менен маектешип келген. Төмөндө ошол маегибизди сунуштайбыз.

Куланак: Бала бакчада ичүүчү суунун жоктугу кыйынчылык жаратууда + аудио

IMG-20140529-WA0010

Айылда бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болду. Ачылгандан бери бала бакчанын кызматкерлери керектелчү 200-300 литр таза сууну 100 метр алыстыктан ташып келишет.

Учкундук жаштар: Спорт аянтчасында ойногубуз келет + аудио жана видео

1400834847_tmp__рисунок

Бешинчи класстын окуучусу Бахтияр Касымбек уулу, анын кыялы спорттук аянтчада ойноо. Бирок ал кыялы ишке ашпай келет.

Кызыл-Булак: Бала бакчада орун жетишпейт + аудио

wpid-20140128_1255031

Кулатов айыл округуна он айыл карайт. Бирок болгону эки гана бала бакча бар. “Эргеш Садыбакасов” бала бакчасында 50 бала, “Арык-Тейит Нуру” балабакчасында 60 бала тарбияланып жатат. Быйыл дагы эки бала бакча курулуу алдында турат. Бири Кожо Арык айылына, экинчиси Куумайдан айылына, деп билдирди айыл өкмөтү Нурдин Мадимаров.

Кызыл-Булак: Жол маселеси көптөн бери элди түйшөлтүп келет + аудио

image-142.jpg

Кулатов айыл аймагында жол маселеси көптөн бери элди түйшөлтүп келет. Буга чейин айылдын жолдорун сапатсыз оңдоп берген ишканалар быйыл кайрадан жолдорду оңдоп түзөп беришет, дейт айыл өкмөт башчысы Нурдин Мадимаров.

Уч-Коргон тургундары таза сууга жетпей келет + аудио

1 (2)

Уч-Коргон айылында азыркы убакта элдин көпчүлүгү арыктан суудан ичет. Бирок, ал суунун тазалыгы күндөн күнгө начарлап барат. Бул айыл тургундарынын ден соолугуна чоң коркунучтарды туудурат.

Ооган-Талаа: Айылдык төрөт үйүнө кесипкөй адистер керек + аудио

IMG-20140523-WA0006

Айылдагы төрөт үйүнүн абалы тургундарды түйшөлтүп келет. Ага кошумча төрөт үйүндө адис-кызматкерлердин саны да жетишсиз.

Ооган-Талаа: Таштандынын туш келди ыргытылышынан балдарга зыян келүүдө + аудио

IMG-20140523-WA0011

Ооган-талаа айылында таштанды маселеси күч алып жатат. Бул маселеге эч ким көңүл бурбайт. Ичимдигин ичип, анын бөтөлкөсүн көрүнгөн жерге таштап кетишет. Таштандыны туш келди төккөндөр эми айып пулга жыгылат, дейт айыл башчысы Муктар Дөлдөев.

Куланак: Жазгы талаа жумуштары башталды + аудио

wpid-Foto14902

Учурда Куланак айылында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Көбүнесе арпа жана буудай эгилүүдо.Быйыл жаз эрте келди. Бул дыйкандардын ишин илгерилетти.

Токтоян: Таштанды атайын белгиленген жайга төгүлсө + аудио

20140504_135132

Токтоян айылындагы токой эч алуучу эмес, таштанды жайына айланды. Ал эми айыл ичи акыр-чикирге толуп калды. Мындан улам жашоочулар жапа чегүүдө. Айыл башчынын билдиришинче, учурда айылда таштанды төгүүчү атайын жайлар казылган жана тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...