Сумбула айыл өкмөтүнүн алыскы жайыттарына АРИС жана Сумбула айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин колдоосунун астында мал суу ичүүчү аштоолор орнотулду. Алыскы жайыттарды пайдалануу эффективдүүлүгү жогорулайт.
Сумбула айыл өкмөтүнүн Коммуна айылына айыл өкмөтүнүн жана Лейлек райондук өнүктүрүү Фондунун каржылоосу астында 245 миң сомдук түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна шарт түзүлдү.
Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы телечагылдыргычтын имараты айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен кайрадан оңдолуп, башка жайга жылдырылды. Союз мезгилинен бери КТРКнын берүүлөрүн көрө албаган аталган айылдын Дейнөө участкасынын тургундары мүмкүнчүлүктөргө ээ …
Сумбула айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын, ички жолдорду оңдоп түзөө үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, жаңы заманбап трактору келди.
Сумбула айыл аймагындагы Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүндөгү жарыктандыруу долбоору ишке ашып, бүгүнкү күндө жергиликтүү тургундарга жакшы маанай тартуулап, айылдын инфракструктурасы өнүгүп, элдин коопсуздугуна жакшы шарт түзүлдү.
Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо, тактоо максатында 2018-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин жалпы эсептөө башталды. Жалпы эсептөө кампаниясына айыл өкмөтүнүн адистери, жайыт комитети …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып …
Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы маданият үйүндө Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жазуучусу Айтматовко таазим” аттуу райондук фестиваль өткөрүлүп, 10 айыл өкмөт жана бир шаар башкармалыгы катышты.
Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 400 гектар жайыт жерлерди чегиртке басты. Учурда дарылар себилип, чегирткени жок кылуу аракеттери жүрүп жатат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында 10-июнда катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Кесепеттен бир нече тамдарды суу каптап, унаа жолдорду, эгиндерди алды.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи майрамдалды. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-классынын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.
15-майда Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада өкмөткө АКТЕД эл аралык уюумун каржылоосу менен, кырсык учурунда жарандарды куткаруучу инвентарлар алынып келди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында селканалардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.
13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлананын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү максатында иш-чара түзүлүп, пландын негизинде 14-апрель күнү өкмөттүн жалпы жамааты ишембиликке чыкты.
20-март күнү Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын «Сары-Дөбө» орто мектебинде ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар биргелешип конкурс өткөрдү. Темасы «Ата-эненин,мугалимдин жана окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртуу.»
Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында 19-март күнү нооруз майрамына карата райондук деңгээлдеги волейбол боюнча турнир өттү. Турнирге райондун 10 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктарынан оюнчулар катышты.