Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Андарак

Сумбула: Пандемия убагындагы кайрымдуулук

Сумбуладагы Искра айылынын тургуну Азреткулов Пиримкулдун үй-бүлөсү пандемия убагында жаштардын демилгеси менен турак жайга ээ болду.

Сумбулада селден кийинки калыптандыруу иштери жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селден бир топ айыл тургундары жабыркагандыгы маалым. Учурда жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Сумбулада жолбун иттер атылды

Сумбула айыл Өкмөтүнүн аймагында жолбун иттерден жугуучу ооруларды алдын алуу максатында айыл кыштактардагы жолбун иттер атылды.

Сумбула айыл өкмөтү эл каттоого даярданууда

Сумбула айыл өкмөтүндө 2020-жылда өтүүчү калк жана турак жайды каттоо боюнча каттоочуларды окутуу жүрүп жатат. 

Лейлектин Андарагына калың кар түштү

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына кар калың түшүп, ага байланыштуу 16-февраль күндөрү маршруттук каттам өз кыймылын токтотту.

Лейлек районунда окуучуларга жайкы лагерь уюштурулду

Жайкы каникул учурунда Лейлек районунун окуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулду. Лагерге башталгыч класстагы окуучулар катышат, узактыгы 10 күнгө уланат.

Сумбулада башталгыч класстар арасында лагерь өтүп жатат

Лейлек районуна караштуу Манас атындагы орто мектебинде 1-4-класстардагы окуучулардын жайкы лагери өтүлүүдө. Лагерь ЮСАИД уюумунун колдоосунун негизинде уюшулган.

СУХРОБЧОН ЭРГАШЕВ: Биз чет элдик инвестициясыз бала бакча ачтык

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт. Андарак айылы Баткен облусунун Лейлек районуна карайт. Бул жерде илгертеден бери биздин чоң аталарыбыз жашаган, биз дагы жашайбыз. Чек араларды бөлүү учурунда Андарак Кыргызстандын …

Лейлекте кулатуу боюнча эл аралык турнири өттү

Лейлек районунун борбору Исфана шаарынын борбордук стадионунда кулатуу боюнча Эл аралык WFF PROFFIGHT турнири өттү. Турнирге Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандык спортчулар катышты.

Сумбулада эки элдин достугун бекемдөө үчүн иш чара өткөрүлдү

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө кыргыз, тажик элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында «Ынтымак- ийгиликтин ачкычы» аттуу маданий иш чара өтттү. Бул иш чара облустук деңгээлде өттү.

Көрктөндүрүүнүн үч айлыгы Сумбулада жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлана- чөйрөнү көрктөндүрүүнүн алкагында Лейлек райондук администрация тарабынан  бекитилге иш- чаранын негизинде ар жуманын ишемби күнү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.

Сумбула Юнайтед ийгиликтерди жаратууда

Лейлек районунун Сумбула айыл Өкмөтүнүн Мөл булак финансылык микро компаниясы тарабынан уюштурулган 2007-2008-жылкы жаш өспүрүмдөр арасындагы Республикалык футболдук турнир өтүүдө. Искра айылында түзүлгөн Сумбула Юнайтед футболдук командасы бүгүнкү күндө ийгиликтерге …

Сумбулада аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Сумбула айыл аймагында 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Майрамдык иш- чараны Сумбула айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргеликте өткөрдү.

Сумбулада «Жылдын мыкты мугалими» аттуу конкурс өткөрүлдү

Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими» аттуу зоналдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында Манас атындагы орто мектебинин мугалими жеңүүчү болду.

Лейлекте Ак калпак күнү белгиленди

Лейлек районунун Исфана шаарында, Ак-Калпак күнү белгиленди. Иш чара Лейлек райондук администрациясынын колдоосунун негизинде ишке ашты.

Сумбулада акимдин жана мекеме ишканалардын жетекчилери эл менен жолугушту

Сумбулада Лейлек районунун акими жана райондук бардык мекеме уюумдардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрү туурасында райондук мекеме уюумунун жетекчилерине түз байланышып, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча суроо …

Мал чарбасына олуттуу зыян келтирген карышкырлар атылууда

Сумбула айыл аймагында атайын мергенчилер тобу түзүлүп, карышкырларды жок кылуу иши колго алынды.

Сумбулада жаңы чыккан мыйзам кодекстери элге түшүндүрүлүүдө

Сумбула айыл өкмөтүнүн айыл кыштактарында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодекси жергиликтүү калкка түшүндүрүлүп, айыл кыштактарда жергиликтүү тургундар менен атайын жыйындар өткөрүлүүдө.

Сумбулада мектептер арасында зоналдык спартакиада өттү

Сумбула айыл аймагындагы орто мектептер арасында волейбол оюну боюнча зоналдык  мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште 6 мектептин окуучулары ат салышып, аягында Манас атындагы орто мектебинин атынан чыккан команда жеңишке жетти.

Орто мектептин ашканасы заманбап жабдуулар менен жабдылды

Сумбула айыл Өкмөтүндөгү Көк-Таш айылынын Халбото Боронбаев атындагы орто мектебинин тамак берүүчү ашканасы заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, толук кандуу ишке киргизилди.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...