Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Акталаа

Акталаада Нооруз майрамына карата даярдык башталды

Быйыл Ак-Талаа районунда улустун улуу күнү Нооруз майрамы зор салтанат менен белгиленүү алдында турат. Бул үчүн даярдыктар башталды. Тактап айтканда, «Арыба, кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий  салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бүгүн райондун …

Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн Ак-Талаа районунда 3-март Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы жана  5-март  ак калпак күнүнө белгиленди.

Ак-Талаада «Нарын кышы» фестивалы өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагындагы Ак-Тал айылында хоккей оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн «Нарын кышы» фестивалынын алкагында уюштурулуп, жалпы 8 команда …

Ак-Талаада жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

Фотобаян: Ак-Талаада кыргыз прокуратурасынын 99 жылдыгына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.

Аймактарды ирилештирүү боюнча окутуу өттү

Ак-Талаа районунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү «КР Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» жарлыгын …

Акталаанын Кош-Дөбө айылында абал оор

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында тынымсыз жааган кардын калыңдыгы бүгүн 75-80см жетти. Кардын жааганы али токтой элек. Айыл өкмөт башчысы Жыргалбек Маметовдун маалыматына караганда ички жолдорду эски экскаватор менен сүзүп тазалашкан.

Билим уясына жүз миң сомдук сертификат тапшырылды

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев Ш.Бейшеналиев жана Э.Карасаров атындагы орто мектептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100миң сомдон сертификат тапшырды. Себеби мурда маалым болгондой окуучулардын республикалык олимпиадасынын 2-баскычында алдыңкы …

Мугалимдерге заманбап сабак өтүү ыкмалары боюнча окутуу өттү

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер, мектеп директорлору жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына “Чыгармачылык менен сабак өтүүдө техникалык заманбап каражаттар жана платформалар” деген темада атайын тренингдердин топтому өтүлдү.

Акталаада мектеп окуучуларынын азык-түлүк жарманкеси болду

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жогорку классынын окуучулары тамак-аш жарманкесин уюштурду. Анда өздөрү жасаган нандын түрлөрү, таттуулар, суусундуктар жана жер-жемиштер коюлду.

Ата-энелер балдары менен бирге мелдешке катышты

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде окуучулардын күзгү каникулун утурлай “Мугалим, ата-эне жана окуучу” деп аталган спорттук мелдеш өттү. Ага 1-11-класстын окуучулары ата-энелери менен бирге катышып, эстафета, гира көтөрүү, …

Акталаада улгайган адамдарга сый-урмат көрсөтүлдү

Ак-Талаа районунда учурда 90 жаш курактан өткөн 30 улгайган адам бар. Бүгүн райондун акими Жумадилла Жапаров 1-октябрь улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата Баетов жана Терек айылдарындагы 90 жаштан өткөн …

Акталаада Эгемендүүлүк майрамына карата “Ардактуу атуул” наамдары ыйгарылды

Ак-Талаа районунда 31-август Эгемендүүлүк майрамына карата өткөрүлгөн салтанатта райондун социадык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө кошкон салымы жана бир катар жетишкен ийгиликтери, жогорку кесипкөйлүгү, демилгелүүлүгү жана жигердүүлүгү үчүн бир катар атуулдар ар кандай сыйлыктар, …

Шырдакбектин чеби жоголуп кетүү коркунучунда турган эстеликтердин бири

Шырдакбек чеби — Борбордук Теңир-Тоодогу Алабуга суусунун оң өйүзүндө, тактап айтканда Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Тарыхый маалыматтарга караганда чеп 10 – 13-кылымга таандык.

Актаалаада тоют даярдоо иштери кызуу жүрүүдө

Быйыл Ак-Талаа району боюнча тоют топтоого карата 2022-жылга жалпы 10372 га көп жылдык чөп аянты чабылат. Мунун ичинен 1558 га аянты табигый чөп ээлейт. Бүгүнкү күнгө биринчи чабыкта 10372 га …

Акталаада кышка карата көмүр тартуу иштери баштала элек

Ак-Талаа районуна жыл сайын социалдык объектилер, мекемелер жана элдин керектөөсү үчүн 19миң тонна өмүр отуну керектелет. Бирок учурда бир тоголок көмүр тартыла элек.

Акталаада 7 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды

Акталаада 7 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды. Ак-Талаа районундагы Э.Мейманов жана Ж.Сатылганов атындагы орто мектептеринин директорлору өз каалоолору менен директорлук кызматын өткөрүп берсе, жети орто мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланды.

Кара-Бүргөн айылында чөөлөр айыл аралап кире баштады

Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында чөөлөр абдан көбөйүп, айыл аралап кире башташты. Айылга кирген чөөлөргө тузак коюп же атып алышуудаАйылдын тургуну Таалай Мурзабекова чөөлөр огороддо эле чурулдап жүргөнүн, акыркы эки айдан …

Акталаада жайлоо бала бакчалары өз ишин аяктоодо

Ак-Талаа районунда быйыл эки жайлоо бала бакчасы иштеп, анда 80 бала тарбияланды. Чолок- Кайың айылынын К. Касымалиев атындагы бала бакчасы Кашка Суу жайлоосунда, ал эми Кара-Ой айлындагы “Адис-Адилет” бала бакчасы …

Акталаадагы Кара-Дөбө чөлкөмүндөгу жол оңдолду

Ак-Т­алаа районундагы  Баетов айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду.

Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...