Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: №43 кесиптик лицей

Жаңы-Жер: №43-кесиптик лицейде Нооруз майрамына даярдыктар

        Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин жалпы жамааты Нооруз майрамын ар жылы салтанаттуу түрдө чыгармачылык менен майрамдап келишет.  Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, …

Видео: №43 кесиптик лицей окутуунун инновациялык методдорун сунуштайт

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде келечектин жаш муундарын ар түрдүү адистикке даярдап, жылына жүздөгөн жаш адистер кесип ээлери болушууда. Дүйнөдө билим берүү тармагы ушунчалык тез өзгөрүп жатат, замандын тенденциясына …

«Биз коррупцияга каршыбыз!» тарбиялык сааты

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде тайпалар арасында «Биз коррупцияга каршыбыз!» темасында тарбиялык иш чаралар өткөрүлдү. Мугалим устаттардын чыгармачылыгы менен өткөрүлгөн «Биз коррупцияга каршыбыз!» тарбиялык сааты  окуучулардын коррупция …

Тазалык эрежесин сактабаган ашпозчу, кардарлардын ден соолугуна коркунуч жаратат

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде «Ашпозчу-кондитер» кесибинин окуучулары менен өндүрүштүк окутууда кондитер азыктары боюнча ачык сабак өткөрүлдү. Бирок бул сабактын өзгөчөлүгү, келечектеги ашпозчулардын коопсуздук эрежеси жана гигиенасы …

Ашпозчу: Туура тамактануу ден соолугуңузду чыңдайт

Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейдеги «Ашпозчу» кесибинин 2-1-П-23 тайпасынын окуучулары «Эртең мененки туура тамактануу үчүн жумуртка жана быштактан тамак жасоо» темасында ачык сабак өткөрүштү. Азыркы учурда иш үстүндөгү көпчүлүк адамдар …

№43 Кесиптик лицейдин окуучулары жоокерлер менен жолугушту 

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейинин окуучулары Кайтаруу жана күзөтүү Департаментинин 10-ротасында «Ачык эшик» долбоорунун алкагында жолугушуу өткөрүштү. Ротанын өздүк курамы курал жана куралсыз саптык ыкмаларын …

№43 кесиптик лицейде суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 кесиптик лицейде таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жатат. Көп жылдан бери эскилиги жеткен суу түтүктөрү жарактан чыгып, окуу корпусуна жана өндүрүштүк …

№43 кесиптик лицейде «Мамлекеттик тил күнү» белгиленди

Сокулук  районундагы, Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С.Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде Мамлекеттик тил күнүнө карата  иш чара өткөрүлдү. Аталган иш чаранын ачылышы  №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиевдин куттуктоо сөзү менен …

Кореядан келген ыктыярчы окуучуларды ашпозчулук кесипке үйрөтөт

Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейге Кореянын Сеул шаарынан келген ыктыярчы Ёнгми Мун ашпозчу кесибине адистерди даярдоодо. Корей эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча  Ёнгми Мун кесиптик лицейге  “Корея …

Демилгелүү жаштар окуучуларды спортко тартууда

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы 43-кесиптик лицейинде волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Турнир Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенттери Токтогулов Орозобек жана Сыргак уулу Жанарбек тарабынан уюштурулуп, оюндун жеңүүчүлөрүнө …

Жазгы шамалдын кесепетинен зыян тарткан лицейдин чатырлары оңдолду

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б. С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде оңдоп түзөө иштери аткарылууда. Жазында болгон катуу шамалдын кесепетинен жатакананын, окуу корпусунун шыйпырларын шамал учуруп, сынып калгандыктан жаан …

Окуучулардын театрга кызыгуусу артууда

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин окуучулары жана мугалимдер жамааты Бишкек шаарында жайгашкан А.Умуралиев атындагы драмалык театрга барышты.

Кесиптик лицейлер тажрыйба алмашууда

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айлындагы №43-Кесиптик лицейге Кемин районунун Алтымыш айылында жайгашкан №19 –кесиптик лицейдин жааматы «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты» кесибин окутууда органикалык жер иштетүү жана балдарды тарбиялоодо салттуу билимди …

№43 кесиптик лицей Бишкек шаарындагы көргөзмөгө катышты

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин окуучулары Бишкек шаарындагы «Карагачевая роща» сейил багында уюштурулган көргөзмөгө катышышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты Кыргызстандын туристтик рыногунун бардык катышуучуларынын бизнес менен таанышуу аянтчасы …

Жаңы-Жер: “Өз багыңды отургуз” акциясы кесиптик лицейде

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда өткөн ишембиликте жүздөгөн көчөттөр отургузулду. Бул иш-чара жаш муундарды жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө, ошондой …

Кесиптик лицейде «Модуль аралык баалоо» уюштурулду

Сокулук районуна карашуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде “Модуль аралык баалоо” уюштурулду. Баалоо иш чарасына окуучулардан сырткары ата-энелер, кызыкдар тарап жана социалдык өнөктөштөр да катышып өз бааларын беришти.

Кесиптик лицейде Кыргыз Республикасынын символикаларына көңүл бурулат

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, окуучулардын патриоттук тарбиясын калыптандыруу үчүн, жаш муундарды Кыргыз Республикасынын символдору болгон Гербге, Гимнге, Желекке урматтап мамиле жасоого көнүктүрө турган иш-чаралар уюштурулууда.

«Кесиптик лицейден биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгүн үйрөндүм»

Дүйнө жүзүндө жашаган элдердин бардыгын, жаратылыш, жер, табият, суу, аба тамактандырарын билдим. Көрсө биз тамактануу үчүн гана жашабай, аларды сактап, коргошубуз керек экен. Аларды коргоо үчүн “Биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгүн” …

Кесиптик лицей мөмө- жемиш бактарды кыйыштыруу ыкмасын үйрөтөт

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейде мөмө жемиш бактарды бутап кыйыштыруу ыкмаларын үйрөтөт. Бул жумуш менен сиз үйдөгү чакан бакчага кам көрүүгө тажрыйба алып, ишкерлик кылып кошумча каражат …

Кесиптик лицейде этнобилим ыкмасын колдонуп кесиптик багытта адистикке даярдайт

Сокулук районуна караштуу, Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин мүдүрү Бактыгүл Жусупова иш- аракетинин аркасында окуучуларды кесипке үйрөтүүдө, мугалим-устаттар этнобилимге карай окуутуунун тематикалык пландарын иштеп чыгышты.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...