Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.
Мобилдик борбордун мүчөлөрү Токтоян айыл башчысы Айбек Алмабековдон быйыл алдыга койгон максаттары туурасында билип көрүүгө кызыккан. Мобилдик борбор Токтоян кыштагында жайгашкан. Маекти жүргүзгөн Сыймык Максат уулу.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкозов орто мектебинин 11- классынын окуучулары Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына арнап атайын даярдык кече коюшту.
Токтоян айылынын бир нече жашоочусу ичүүчү сууга акча төлөй электигин анда иштеген кызматкерлер айтып чыгышты. Алардын айтымында, чогулган каражаттын баары керектүү буюмдарга кетип, суучуларга айлык акы келбей жатат.
Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов орто мектебине жаңы электр жылыткычтары коюлган. Алардын окуу бөлмөлөрүн жылытканы күчү жетпей, окуучулар сабакта чечинбей отуруп сабак өтүүгө туура келет.
Токтояндын сегиз жашар тургуну Али Майрамбек уулу эхинококк орусуна чалдыгып, азыркы учурда баса албай калган. Дарыгерлер Алинин көп сүйлөөгө болбостугун айткандыктан, макала анын атасы Майрамбек Асаналиевдин берген маегинин негизинде жазылды.
Эгерде кокусунан кар көчкү же жер көчкү боло турган болсо үй жайларды тез эле басып калат.
Көптөгөн үйлөрдө жаракалар кетти. Дагы жер титирөө болсо урап калуу коркунучунда турат.
Коёнкөзов орто мектебинин окуучулары аптасына эки же үч жолу информатика сабагын өтүшөт. Бул сабакта окуучуларга бир гана ыңгайсыздык бар — ар беш окуучу 45 мүнөтүн бир компьютердин алдында өткөрүүгө тийиш.
Айылдын айрым тургундарынын билдиришинче токойду керек болуп калганда кыйууга туура келет. Токойчу Эрмек Кудайбергенов өзүнүн ишин күчүнүн жетишинче жүргүзүп жаткандыгын айтат.
Айылдын бир тургуну мындан беш жыл мурда Орусияга барып эмгек акысын ала албай келсе, башка дагы бир жашоочусу жакшы акча таап келген.
Тынчтыкгүл Рысалиева чет өлкөгө барып иштеп келген.
Тургундардын айтымында, эгерде таштанды урналары коюлуп, кулактандыруулар айтылса анда айыл таза абалга келет.
Айыл тургуну Асанбай Самаковдун үйү жер титирөөдөн авариялык абалга кептелеген. Асанбай Самаков үйүнүн кызыл китебинен сырткары бардык тиешелүү документтерди даярдап, азыр мамлекеттен жардам күтүүдө. Кызыл китеп ала албагандыгынын себеби анын үйү айдоого ылайыкталган жер тилкесине курулган.
Токтоян кыштагынын жашоочулары сыркоолоп калганда дары-дармек үчүн жергиликтүү дүкөнгө баш багышат. Керектүү дарысын таба албай калса, аргасыздан оорусуна чыдап кайра үйүнө барууга туура келет, же 40 километрден ашык аралыктагы район борборуна каттоого тийиш.
Мектеп окуучулары карылардын үч айлыгы жарыяланганынан тартып «Карылардын кадырын барктайлы» деген ураан менен айылдын улгайган тургундарына жардам берип жатышат.
Күз берекеси конкрусуна 1ден 11-класска чейинки окуучулар катышышып, жашылча-жемиштерди алып келип көргөзүштү.
Токтоян айылында аптеканын жоктугунан дарылар дүкөндөрдө сатылып келет. Ал эми айыл башчы өкмөттүн планында аптека куруу азырынча жок
экендигин айтты.
Азиза Орозгулова 11-классты бүтөөрү менен эжелеринин чакыруусу менен Орусияга кетүү үчүн даярданып жатат. Ал жеткиликтүү акча каражатын тапкандан кийин жогорку билим аларын пландаштырууда.
2013-жылдын апрель айында ӨКМ тарабынан Ашырбай Коёнкөзов атындагы мектеби авариялык абалда деп табылган. Айыл өкмөтү жаңы мектеп имараты 2014-жылы курулушу мүмкүндүгүн айтты.
Класстардагы лабораториялык жабдуулардын жоктугунан практикалык сабактар толук аткарылбайт. Мектеп директору тиешелүү препараттар Орусияда өндүрүлгөндүктөн, азыркы күндө келбей калгандыгын айтты.