14-ноябрда Ош областына караштуу Кулатов айыл округундагы Тилебалды Айбашов орто мектебине беш жылда бир келген фронталдык текшерүү келди.
http://kyzylbulak.kloop.kg/files/2014/11/Komissia.mp3
Даярдагандар
Арбын айылында таза суунун жоктугунан балдар көптөгөн оорулар менен ооруп жаткандыгына кейип-кепчип келишкен. Көптөн бери чечилбей жаткан маселе эми чечилип, эл таза суу менен камсыз болду.
Куу-Майдан айылынын №9 үй-булөлук даарыгерлер тобунун мээрман айымы Арпачиева Назира: Сарык оорусунун алгачкы жугу себеби бала бакчаларда өздүк гигиенаны сактабагандыгынан сарык оорусу куч алууда, деп билдирүүдө.
» Курманжан датка» тасмасынын негизги максаты, кыргыз киносу кыйладан бери дүйнөлүк аренага чыга элек болчу, анан дагы Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу болду, бул тасма өкмөт тарабынан колдоого алынып, режисёр Садык Шернияз тарабынан тартылды жана кинодон түшкөн …
Күркүрөгөн куз айында Кеңеш нуру мультимедия борборунун ыктыярчылары, өз окуусун өркүндөтүш максатында Бишкекке барып тренерлик сабагына катышып келишкен.
Арбын айылында бак дарактардын азаюусу элди бир жагынан кейитсе, жакында эле алардын санын көбөйтүү максатында 10 гектар жерге бадам эгилген.
Кызыл-Булак жамааттык мультимедия борборунун мүчөсү Айкынбек Дарбишов атайын Бишкек шаарына 3 күндүк окууга барып «Тренерге тренинг өтүүнү» үйрөнүп келди. Бул окуунун натыйжасында Айкынбек Дарбишов Кызыл-Булак жамааттык мультимедия борборунун мүчөлөрүнө тренинг …
“Тренинг учурунда биз журналистика, тренерлик багытында сабактарды алдык. Ошондой эле медиа борбордун волонтёрлорун кантип окутуу керектигин дагы үйрөнүп келдик”,-деди волонтёрлордун бири Азимова Нурзат.
Ноокат өрөөнүнүн климаты алма өстүрүүгө ыңгайлуу келип, Ноокат алмасы башкалардан даамдуулугу менен айырмаланып турат. Күркүрөгөн күз мезгилинин октябрь айы алманын бышып, жетилген мезгили болуп эсептелет. Учурда алма терүү иши кызуу …
27-октябрда «Кеңеш нуру» мультимедия борборуна карды ээрчитип Каарманбек Кулуев медиатренер келди. «Менин негизги максатым мобилдик телефон аркылуу жаңылык жазганды үйрөтүү»,-дейт Кулуев Каарманбек.
Куу Майдан айылы Ноокат районунун борборунан 10-12 км алыстыкта жайгашкан. Ал эми айыл тургундары буга чейин ар кандай маарекелерди тосууда жана конок сыйлоо үчүн райондун борборуна келип, чайканаларга тамак-аш даярдоо …
Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын алты облусунда ачылган жамааттык мультимедиа борборлору кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу айтып берүү үчүн Бишкекте басма сөз жыйынына чогулушту. Төмөндөгү видео баяндамадан кыскача тааныштырабыз.
Ноокат районунун, Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылында жайгашкантКуу-Майдан тигүү цехи 2011-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө цехте 4 айым эмгектенип, жашоочулардан келген буюртмаларды өз убагында аткарып келишүүдө.
Куу Майдан айылында 10 жылдан ашуун убакыттан бери таза суу маселеси курч болуп келет. Айылда таза суу болгону 2 кундө бир жолу гана 2 саатка чыгат. Ал эми суу чыгуучу …
Совет бийлиги кулагандан тарта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Арбын айылында таза суу берүү токтотулган. Бул айылда суу түтүктөрү жарактан чыгып, аларды оңдоо иштерине акча каражаты тартыш болсо, кээ бир …
Арбын айылынын тургундарынын басымдуу бөлүгү башка өсүмдүктөр менен катар жүгөрүнү көп өстүрүшөт. Көбүнчө жүгөрү малдарга тоют катарында колдонулат. Кээ бир дыйкандар көп өстүрүп, сатып пайда көрүшсө кээ бирлери малдарына кыш …
Куу Майдан айылы Ноокат районуна караштуу Кеңеш айылдык округунда жайгашкан. Айылдын калкынын саны 4000 ден ашуун. Райондун аймагында массалык маалымат каражаттары жокко эсе, бир гана “Ноокат таңы” гезити жумасына бир …
Ушул убакка чейин айылдагы жолдордун сапаты начар болгон. Учурда жолдор оңдолуп бүттү. Былтыр Кулатов айыл өкмөтүндө сегиз жарым километрге тендер өткөрүлүп, быйыл ал оңдолуп аягына чыгарылды.
Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун билдиришинче, Оштогу «Ак Алтын» фирмасы тендерди утуп алып, баасы 33 миллиондон ашуун акчага жолду асфальттаган.
Маданият үйү Жал совхозунда 1974-жылы курулган. 1988-жылы Кулатов совхозунун маданият үйү болуп калган. Ал эми 2009-жылы маданият үйү Кулатов айылдык кеңешинин сессиясында каралып, ага Жолдошали Амиралиевдин ысымы коюлган.
Маданият үйүнүн бөлүм башчысы Саадат Макышованын билдиришинче, бул үйдүн бул күнгө чейинки абалы өтө начар болгон.
<img class="alignnone size-full wp-ima
Кулатов айыл аймагынын борбору Кызыл-Булактын борбордук көчөсү эми кеч киргенде жарык болуп турат. Жарыктандыруу системасы кечээ 26-сентябрда ишке киргизилди.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров бул айыл тургундарынын коопсуздугу үчүн орнотулган.