Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Кочкор: Мектепте кичи футбол аянтчасынын ачылышы болду

Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп- гимназиясында кичи футбол талаасы ачылды. Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен жана расмий коноктордун катышуусунда салтанаттуу өттү.

28 Январь 2024 жыл 10:39

Акталаада мектеп окуучуларынын олимпиадасы башталды

18-январь күнү Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде республикалык олимпиаданын II баскычы башталды. Ага райондун аймагындагы орто мектептерден 415 окуучу катышууда.

18 Январь 2024 жыл 10:23

Ишкер айым Динара Салиева боюнча презентация жасалды

Усупбекстан жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Гүлнара Кенжеш кызы медианын кабарчыларына ишкер айым Динара Салиева боюнча презентация жазады.

27 Декабрь 2023 жыл 16:51

Чет өлкөдө медициналык борбор ачкан Клара Курбанова жана робот жасаган Нурзада Макеева жөнүндө окуучуларга презентация жасалды

Кочкор районунун Чолпон айылынын «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гулира Сатарова 9-10-11-классынын окуучуларына презентация жасады. Анда «Соң-Көл» медиа тарабынан даярдалган «Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова» …

26 Декабрь 2023 жыл 3:22

Новосибирск шаарындагы Клара Курбанованын ишмердүүлүгү боюнча презентация жасалды

Новосибирск шаарында «АнДар» аталышындагы медициналык борбор мындан 8 жыл мурун ачылган. Аталган борбордо ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат. Аны Ош облусунан барган Клара Курбанова жетектейт. «Соң-Көл» жамааттык …

25 Декабрь 2023 жыл 3:37

Ак-Талаа району: Жол кырсыктары көп катталган айылдын жолу жарыктандырылды

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын борбордук көчөсү толугу менен жарыктандырылды.

19 Декабрь 2023 жыл 18:37

Видео: Чолпон айылында «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» сынагы болуп өттү

Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Сынак Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан өлкөнүн баардык аймактарында уюштурулган.

17 Декабрь 2023 жыл 18:07

Ак-Талаа району боюнча зомбулукка каршы иш чаралар өттү

Ак-Талаа районунун бардык айыл өкмөттөрүндө USAIDдин «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун колдоосу менен зордук зомбулукка каршы иш чаралар өткөрүлдү.

16 Декабрь 2023 жыл 20:31

Ноокат: Окуучулар Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты

12-декабрь Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына карата адабий кече болуп өттү. кечеге5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. Иш чараны кыргыз тили жана …

16 Декабрь 2023 жыл 15:15

Ак-Талаадагы айылдык оорукана капиталдык оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы ооруканада оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.

16 Декабрь 2023 жыл 10:20

Чолпон айылында “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду

Кочкор районундагы Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде зордук-зомбулукка каршы “Зордук-зомбулукка каршыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш өткөрүлүп, балдар арасында волейбол оюну ойнотулду. 

15 Декабрь 2023 жыл 15:03

Ишкер Динара Салиева: “Айылдарда чет тилин үйрөтүүчү курстарды ачуу керек”

Динара Салиева Орусия мамлекетинин Новосибирск шаарында жашап келет. Ал жолдошу менен биргеликте “ДИВА” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп иш алып барышат. Динара айым Ош Технологиялык университетинин Эл аралык мамилелер факультетин …

15 Декабрь 2023 жыл 14:42

Ак-Талаада жаңы фельдшердик-акушердик пункт ачылды

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) курулуп, ачылыш салтанаты болду. Ачылышка район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты.

15 Декабрь 2023 жыл 14:11

Видео: Чолпон айылында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленди

Кочкор районунун Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 12-декабрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш чара уюштурулду.

13 Декабрь 2023 жыл 23:17

Новосибирск шаарында ар улутту бириктирип, медициналык борбор ачкан Клара Курбанова

Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.

11 Декабрь 2023 жыл 20:00

Окуучуларга ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация жасалды

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова 9-класстын окуучуларына ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация тартуулады.

11 Декабрь 2023 жыл 13:17

Кыргыз ишкер айымдары тууралуу презентация жасалды

Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …

9 Декабрь 2023 жыл 8:40

Кочкор районундагы айылдын айрым көчөлөрүн суу каптады

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.

8 Декабрь 2023 жыл 14:52

Кочкор району: «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аталыштагы райондук иш-чара өткөрүлдү

Кочкор айылында 6-декабрь күнү «Чолпон» кинотеатрынын чоң залында Кочкор районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аттуу райондук иш чара- өттү.

6 Декабрь 2023 жыл 21:27

Сүрөт баян: Кочкор районуна коюлган Ч. Айтматовдун «Бетме-Бет» чыгармасы боюнча спектакль

Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Бетме-Бет» спектаклин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.

5 Декабрь 2023 жыл 16:39
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...