Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Поэзия ыргактары

17 Февраль 2017 жыл 20:55

Куланактын жаш калемгери Бексултан

Нарын районуна караштуу Куланак айылдагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7-классынын окуучусу Бексултан Исагаалы уулу ыр жазган таланты бар. Жаш калемгер окуучунун жан дүйнөсүнө баш бактык.

16 Февраль 2017 жыл 10:51

Акталаада ооганчылардын күнү белгиленди

Баетов айылында 15-февраль ооган коогалыңынын 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагерлер, аскер комиссариаты катышты.

15 Февраль 2017 жыл 18:37

Конорчокто окуучуларга телефон оюндары боюнча маалымат берилди

Ак-Талаа районундагы Конорчок айылындагы Н. Жыргалбекова атындагы орто мектебинде 7-11-класстын жалпы окуучулары үчүн укук коргоо кызматкерлери, мугалимдердин катышуусунда жыйын болуп, анда учурдагы кооптуу жагдайды жаратып жаткан интернет оюндары тууралуу маалымат …

15 Февраль 2017 жыл 11:28

Жаңы-Талапта ата-энелер менен бирге кышкы оюндардын мелдеши өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет орто мектебинде ата-энелер менен бирге окуучулардын спорттук мелдеш өткөрулдү. Аталган иш-чара мектептин социалдык педагогу Мээрим Кулманбетованын демилгеси менен уюштурулган.

14 Февраль 2017 жыл 23:32

Ак-Талаада студенттер аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү

“Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмеси Ак-Талаа районунун аймагындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жардамдарын беришти.

14 Февраль 2017 жыл 17:15

Интернетпи же китеппи, кайсынысы көп колдонулат?

Акыркы убакта интернет китептен көп колдонулуп жатат. Бул жөнүндө Нарын районундагы Куланак айылынын мугалимдери менен окуучуларынан сурап көрдүк.

14 Февраль 2017 жыл 14:58

Менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты калыбына келтирилди

Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында мурун менчиктештирилип кеткен имарат түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 400 миң сомго оңдолуп-түздөлүп, кайрадан 50 орундуу бала бакча болуп ачылды.

9 Февраль 2017 жыл 13:49

Кыштын суугуна карабай кыз-келиндер арасында мелдеш өттү

Ак-Талаа райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында салттуу өтүп келе жаткан спорттук мелдештер бул жолу таза абада, спорттук аянтта өттү.

9 Февраль 2017 жыл 13:29

Калпактын жардамы менен заряддоочу жабдык ойлоп тапкан Бусурман

Бусурман Шаршенбеков Баетов айылындагы Э.Карасартов орто мектебинде 9-класста окуйт. Жаш ойлоп табуучулардын райондук сынагында күн нурунан энергия ала турган жабдыкты калпакка жабыштырып, зарядоочу каражат ойлоп тапкан.

9 Февраль 2017 жыл 12:37

Баетовдо волейбол боюнча айылдар аралык мелдеш өттү

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы айылдар аралык өспүрүмдөрдүн волейбол мелдеши өттү. Аны аталган мектептин окуучулары дене тарбия мугалимдери менен бирге уюштуруп, жалпы эркек балдардын 10, кыздардын 9 командасы …

8 Февраль 2017 жыл 22:39

Ак-Талаа районунун жаш ойлоп табуучусу аныкталды

Ак-Талаа районунда балдардын билим берүү борборунда “Жаш ойлоп табуучулар” арасында сынык болуп өттү. Сынакка мектептерден тандалып келген 20 окуучу катышты. Жыйынтыгында район борборундагы Карасартов мектебине 1-орун ыйгарылды.

8 Февраль 2017 жыл 16:04

Баетовдо өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып жаткан оюндар боюнча жыйын өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде ата-энелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпы жыйналыш болуп өттү. Жыйында учурда өспүрүмдөрдүн өмүрүн алып жаткан интернет оюндары жана аны алдын алуу, …

8 Февраль 2017 жыл 8:18

Куланакта «Адеп, ыйман жана маданият жылына» карата жомок коюлду

Нарын райондук драма театрынын актёрлору «Чыпалак бала» жомогун жер-жерлерде коюп жатышат. Бул жолу алар Куланак айылына да келишти.

5 Февраль 2017 жыл 13:11

Куланактын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын айрым тургундарына долбоордун негизинде гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Долбоорду айыл өкмөтүнүн адиси Ишенбек Асанбаев жазган.

2 Февраль 2017 жыл 1:03

Үлгүлүү мугалим эженин үзүрлүү эмгеги

Учурда мугалим, болгондо да жетекчи болуу түйшүгүн бардыгы эле көтөрө бербейт. Бардык укук окуучуга берилип, ошого жараша психологиясы да оорлоп, өзгөрүп, милдетин эмес укугун мыкты билип турган учурда бир канча …

31 Январь 2017 жыл 22:01

Сүрөт: Айнек бөтөлкөдөн салынган мончо колдонууга берилди

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында айнек бөтөлкөдөн салынган мончо иштей баштады. Мончого жалпы 18 миң даана бөтөлкө кеткен. Сыртынан караганда кадимки кыштан жасалгандан эч айырмасы жок.

31 Январь 2017 жыл 15:43

Ак-Талаа: Окуучулар аралык предметтик олимпиада жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы жалпы орто билим берүүчү мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиада аяктады. Ага жалпы 18 мектептен 400гө жакын окуучу он предмет боюнча өз билимдерин сынап көрүштү.

30 Январь 2017 жыл 20:19

Жаш таланттар ийримде ыр жазууга үйрөнүшөт

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде бир нече жылдан бери “Жаш талант” адабий ийрими иштейт. Ийрим ар окуу жылынын башында таланттуу балдардан түзүлөт. Ийримдин жетекчиси Айгерим Сатыналиевнын …

30 Январь 2017 жыл 16:53

«Мыкты сүрөт» сынагынын жыйынтыктары [сынак аяктады]

16-20-январь аралыгында келип түшкөн эки материалдын ичинен жеңген сүрөт:  Сүрөт: Ак карлуу Суусамыр, ызгаардуу кыш Материал фейсбукта жана одноклассникиде. Сынакка келип түшкөн материалдар бул жерде. Сынактар убактылуу токтотулду. [30-январда саат 11:47де …

30 Январь 2017 жыл 10:16
Бейшемби
25 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...