Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Туура тамактануу келечекке жол ачат

Нарын районуна караштуу Куланак айылында 30-мартта кош бойлуу энелердин жана эки жашка чейинки балдардын туура тамактануусу боюнча иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага айыл тургундары катышышты.

31 Март 2018 жыл 23:26

Айылды тазалоо иштерине жаш балдар жана мугалимдер чыгышты      

Нарын облусунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин жалпы жамааты бүгүн ишембиликке чыгышты. Он бештей мугалим келип мектептин айланасын тазалашты. 25 -мартта Карымшаков  көчөсүндө да кичине балдар-кыздар  өзүлөрүнүн каалоосу менен тазалоо …

30 Март 2018 жыл 15:49

Куланак жазгы талаа иштерине даяр

Жаз демекчи, жаз келип жер ойгонуп, адамдар бардык иштер менен алек болуп жаткан кез эмеспи, бири малын жайлоого кетирүүгө даярдап жатса, мисалы, койлордун жүнүн кыркып, эчкилердин тыбытын тарап, бири жерин …

28 Март 2018 жыл 18:37

Учкун айылында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өттү

Нарын районуна карштуу Учкун айылында  Бүткүл дүйнөлүк акча апталыгы (Global Money Week-2018) деген долбоорго катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2018-жылдын бюджети, 2014-2017-жылдар аралыгындагы иштер боюнча отчёт берилди. Чогулушка жалпысынан 300 гө чукул ата-энелер …

27 Март 2018 жыл 12:10

Өзгөчө үндүү Улук Калдарбеков

Талант-бул адамдын башка адамдарга салыштырмалуу ар кандай чөйрөдө өзгөчөлөнгөн ийгиликтерди жарата алуусу. Дал ушундай ийгиликтерди жаратуучулардын бири Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Улук Калдарбеков.

26 Март 2018 жыл 23:03

Учкун айылынын 8-классынын окуучусу отун жарган шайман жасады

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Бекмырза Нурлан уулу электр тогу менен отун жаруучу шайман жасады. Отун жарган шайман менен “ Интелектуалдуу окуучу ”  сынагына катышып …

26 Март 2018 жыл 14:51

6-классынын окуучусу Манасты бир жашынан баштап айтып келет

Нарын районуна караштуу Учкун  айылынын Э.Токсобаев орто мектебинин 6-классынын окуучусу Камчыбек Бактыбек уулу бир жашынан бери Манас айтып келет. Камчыбек өзгөчө үнү, кыймылдары менен атаандаштарынан айырмаланып бир катар сыйлыктарга жетишкен.

26 Март 2018 жыл 14:08

Учкун: Чынылардын жардамы менен музыка чыгарган айым

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин физика мугалими Рахат Бозгунчиева кадимки чай ичкен чынылардын жардамы менен музыка чыгарат. 

26 Март 2018 жыл 14:00

«Гүл баян» тобу облустук деңгээлдеги»Манас Таануу» таймашынан баш байгени алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Токсобаев мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Гүлмира Жумагулова 6 жылдан бери окуучуларды «Манас Таануу» интеллектуалдык таймашына даярдап келет. 24-мартта «Гүл баян» аттуу топ облустук …

26 Март 2018 жыл 12:31

«Алиппе» майрамы болуп өттү

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал аймагында Асанбек Табалдиев атындагы орто  мектебинде 22-23-мартта «Алиппе» майрамы болуп өттү. Майрам жогорку деӊгээлде өтүп жылына 1- класстын окуучуларына өтүлүп турат.

26 Март 2018 жыл 9:49

Жерге-Тал айылында мугалимдер ишембилик өткөрүүдө

Жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү тазалоо иштери башталды. Жерге-Тал  айылынын Асанбек Табалдиев орто мектебинин мугалимдер жамааты 24-март күнү ишембилик кылышты. 

26 Март 2018 жыл 9:35

Шаңдан элим-көркөм жерим

Нарын районунун Куланак айылында 21-март Нооруз майрамы,»Шаңдан элим-көркөм жерим» аттуу ыр кесе өткөрүлүп шаңдуу өттү. Бул ыр кесени Шайыр апалар тобу уюштуруп, Учкун айылынын тургундары да келип катышып кетишти.  

24 Март 2018 жыл 22:55

Кызыл-Жылдыз айылында кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү

  Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде мугалимдер жана окуучулар тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү. Бул кайрымдуулук Асема Арыкшаевага жардам көрсөтүү максатында уюштурулган. 

24 Март 2018 жыл 9:21

Кызыл-Жылдыз айылында Нооруз майрамына карата кыргыздын улуттук салттары көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепте Нооруз майрамына карата концерт болуп өттү. Бул иш чараны 11-класстын окуучулары уюштурган.

23 Март 2018 жыл 21:24

Мугалимдер арасында «Ааламдан алган даңк» аттуу сынак өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 19-март күнү Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата «Ааламдан алган данк» аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка ар бир топтон 12 мугалим катышты.

23 Март 2018 жыл 12:10

«Интеллектуалдуу окуучу» Талас 2-орунга ээ болду

  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Токтогул Байсалов атындагы орто мектепте “ Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу сынакка Мамыткан Иманалиев мектебинин окуучусу Талас Максат уулу катышып келди. Сынак өрөөндүк деңгээлде …

15 Март 2018 жыл 23:48

Кызыл-Жылдыз айылынын эли мал ичкен суудан ичишет

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын эли таза сууга муктаж болгондуктан тургундар Оттук, Он-Арча агын сууларын ичип келет.

14 Март 2018 жыл 21:15

Ак- Талаада адам укуктары боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 14-марттан 17-мартка чейин окуучуларга жана ата-энелерге “Бир дүйнө-Кыргызстан-2017” ХI эл аралык фестивалынын алкагында адам укуктары боюнча боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө.

14 Март 2018 жыл 19:49

Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окууга жолдомо алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү. 

6 Март 2018 жыл 18:09

Акталаалык окуучу дүйнөлүк олимпиадага катышат

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 9-10-11-март күндөрү Сингапурда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын катышат.

6 Март 2018 жыл 17:16

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...