Семинарга Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары жана Мобилдик жамааттык мулттимедия борборунун мүчөлөрү катышты.
После смерти своего мужа, а затем и гибели сына, Зейнеп-апа уже 15 лет живёт в полном одиночестве в селе Куланак в Нарынской области.
Динара Ашранбек кызы эки уулу менен жакынкы айылдардын бирине туугандарына жардамдашканы барган. Апасы Динара үйдө жардам берип жүргөн кезде кичинекей балдары сыртка ойногону чыгып кетишкен. Бул окуя Динаранын балдарынын бири кудуктагы сууга түшүп кетүүсү менен аяктаган.
Аралбаев орто мектебинде термометр үч даража жылуулукту көрсөтүүдө. Окуучулардын айрымдары сууктан колдору үшүп, сабакта активдүү катыша албай жатышкандыгын айтууда.
Биз үйүнө баш бакканда Зейнеп апа мейман тосууга камданып жатыптыр.
«Кечинде коңшуларым келет, даярданыпатам»,-деп керебетинин бир чекесине олтура кетти.
Он беш жыл мурда жалгыз баласы каза болуп, андан эки жыл илгери абышкасынан айрылган.
Мунун максаты ата—энелердин мектепке көбүрөөк көңүл буруусу жана окуучулардын талантын эл алдына алып чыгуу[…]
Биз бул жөнүндө маалыматты «үч жылдыз» конкурсунун катышуучуларынан сурап өттүк. 8 класстан мындай жооп болду […]
Греко-рим күрөшү боюнча Казакстанга сапар алууда[…]
Биз күрөш боюнча маалыматты тренер Назарбек агайдан алдык.
«Бул күрөштүн ачылганына бир жарым жылдай болуп калды. Толук айтканда 1 жыл 8 ай болду. Буюрса жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ачылгандан 15күндөн кийин эле үчөө орунга жетишти. Жана дагы эл аралык мелдештерден көптөгөн орундарга жетишип келетабыз. Республикалык мелдештерге да барып жүрөбүз»
Айылдагы Таңга-Бийке атындагы бала бакчасында жүздөн ашуун бала тарбияланат. Анда балдар эки смена менен окушат. Ар бир сменада 60тан бала бар, анын жарымына керебет жетишпейт.
Бала бакча 2008-жылы мамлекет тарабынан ачылган. Андагы төшөнчүлөрдү балдардын ата-энелери алып келип беришкен.
Айылдын көркү болгон парк кароосуз калгандыгын Куланактын жашоочулары баяндап өтүштү. Айылыбыздын тургуну Ырысбүбү Иманалиева сейил бак жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.
«Сейил багыбызга көңүл бурулбай калганына көп болду. Ал жерде ызы чууну, акыр-чикирдин жана ар кандай ыплас нерселерди көрө алабыз. Бул туура эмес, ошол жердеги ата-бабаларыбыздын арбагын сыйлабагандык»,-деп көзүнө жаш алды.
Айылды кантип таза кармаш керек деген суроону тургундарга узатып көрдүк? Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүчө болду.
«Негизи чындыгында эле айылыбызда таштанды көп төгүлүп жатат. Эгер айыл өкмөт тарабынан таштанды челектер орнотулуп берилсе, мүмкүн бул айылыбыздын таза болушуна өбөлгө түзөт»,-деп жооп берди Бекназар Дөөлөтбек уулу.
Куланактагы бала бакчага башка маселе менен барганбыз, барганда свет эскертилбей өчүп калгандыктан кыйынчылыктар жаралып жаткандыгына күбө болдук.
29-августта Куланак айыл өкмөтүндө ЕБ-ПРООНдун «Социалдык адилеттүүлүк үчүн ак ниеттүү башкарынуу илгерилетүү» долбоорунун негизинде семинар тренинг болуп өттү. Семинарга Куланак , Учкун айылынын тургундары, айыл депутаттары, Аралбаев орто мектебинин мугалимдери катышты. Семинар учурунда былтыркы жасалган иштерге анализ жүргүзүлүп, быйылкы жасалчу иштер жөнүндө талкуу болду.
Нарындын шартында теплица иштетсе болоорун Куланак айылынын тургуну фермер, Шайлообек Исаев төмөндөгучө баяндап берди.
Кыргыз эли эзелтен көчүп-конуп, жашоосун өз шартына ылайыктап, үйлөрүн дагы жүктөп, бүктөп алып көчүп келишкен.
Куланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттү.
БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТИРЛИГИ ТАРАБЫНАН КЛАССТАРДЫН КЫСКАРЫШЫ БОЮНЧА ЧЫККАН УКАЗДЫН НЕГИЗИНДЕ АБДЫЛДА АРАЛБАЕВ МЕКТЕБИНДЕ ДА КЛАССТАР КЫСКАРТЫЛГАН.
Суунун туруктуу берилбегендигинен айыл тургундары тоодогу булактардан алууга аргасыз. Суунун токтотулушун айыл өкмөтү ремонт иштери менен түшүндүрдү.
Талантбек Иманов алты ай Якутиядагы Саха Республикасында курулушта иштеп келди. Башка мамлекеттен тапкан акчаны өз өлкөңдө тапсаң болот, деген пикири менен бөлүштү.
Чачыкей Жусупова эки жылдан бери Дубайдагы отелдердин биринде иштеп келет. Айлык акысынын бир бөлүгүн үзгүлтүксүз ата-энесине, Куланак айылына жиберип турат.
Каражаттын жоктугунан күйүүчү май ала албай айыл тургундары азыркыга чейин чөбүн чаба элек. Айыл башчысы бензин баасы Нарынга салыштырмалуу арзаныраак экенин айтты.