Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Куланак

Куланак: Мектептеги типтүү ашкана ишке киргизүүнүн алдында

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде ата-энелер жана мугалимдер жамаатынын жардамы менен жаны типтүү ашкана ишке киргизилет. Азыркы учурда ремонт иштери жүргүзүлүүдө.

18 Декабрь 2014 жыл 14:54

Куланак: Чынгыз Айтматовдун ааламын даназалаган мектеп окуучулары

Куланак айылынын мектебинде 12- декабрда Чынгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Айтматов аалам жылдызы” аттуу салтанатуу иш чара өттү.

12 Декабрь 2014 жыл 16:21

Жамааттык маалымат каражаттары журналистиканы өнүктүрүүгө өбөлгө

Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын алты облусунда ачылган жамааттык мультимедиа борборлору кандай ийгиликтерге жетишкендиктери тууралуу айтып берүү үчүн Бишкекте басма сөз жыйынына чогулушту. Төмөндөгү видео баяндамадан кыскача тааныштырабыз.

21 Октябрь 2014 жыл 15:54

Куланак: Жаңы окуу жылына мектеп кандай жетишсиздик жана ийгиликтер менен кирди?

Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.

17 Сентябрь 2014 жыл 21:00

Куланакта кургакчылыктан улам оруп-жыйноо кеч башталды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.

17 Сентябрь 2014 жыл 20:32

Куланак айылында туура тамактануу боюнча тренинг болуп өттү

Бул тренинг айыл тургундарына өздүк гигиенаны сактоого багыт берди. Мындан ары айыл тургундары  туура тамактанууну өз алдынча алып кете алабыз дешет.

17 Сентябрь 2014 жыл 19:40

Куланак: Сокеев көчөсүнүн тургундары таза суу жана таштандыга көңүл бурулуусун суранат

Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

26 Август 2014 жыл 18:44

Куланакта былтыркыга салыштырмалуу мал оору быйыл көп катталууда + аудио

Erkinaika0465

Май айы Куланак эли үчүн оор айлардын бири болду. Анткени мал жандыктары пастереллёз жана шарп илдети менен майдан бери ооруп, азыркыга чейин дарылоо иштери жүрүүдө.

9 Июль 2014 жыл 12:36

Куланак эли жаштар уюму менен бирге жаңы мечитти куруп жатышат + аудио

Куланак - мечит (1)

Нарын районунун Учкун айылдык аймагына караштуу Куланак айылында эки ай мурда жаңы мечит курула баштаган. Учурда мечиттин пайдубалы курулуп бүттү. Мечиттин курулушун жергиликтүү эл жана жаштар уюму каржылап жатат.

25 Июнь 2014 жыл 17:23

ВИЧ-инфекцияны алдын алуу. Колдонмолор

HIVКыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын педагогикалык адистиктердеги окутуучулары үчүн окуу куралы. Бүтүн чыгарманы жүктөп алыңыз

18 Июнь 2014 жыл 16:54

Кыргыз тилинде кичиней балдарга жомоктор. Сказки для малышей на кыргызском языке

foto-s-saita-bizdin.kgМанкан баатыр — кантип эшек жолборсту алдады силер ушул жомоктон билип аласыңар.

Пил жөнүндө жомок — бул жомок чоң  жаныбар жана жакшылык менен жамандык күрөшү жөнүндө айттып берет.

Жомоктор кыргыз жана орус тилдерди үрөнгөнгө жардам берет.

Дагы башка чыгыш элдердин жомокторун http://bizdin.kg/ веб-сайттынын,  http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/mankan_baatyr.pdf  шилтемесинен табып аласыңар

 

18 Июнь 2014 жыл 15:32

Куланакта кыяндын капташы айыл тургундарына көйгөй жаратууда

wpid-20140610_094428

Куланак айылы тоого жакын жайгашкандыктан, кыян көп болот. Бул экономикалык  жактан гана чыгымдарды алып келбестен,  кошуналык мамилелерди да бузуп келүүдө.

12 Июнь 2014 жыл 11:49

Куланак: Тургундардын 40 пайызы кан басым оорусу менен катталган

wpid-20140610_110619

Куланакта күндүн ысышы жана кургакчылык көптөгөн ооруларга көйгөй жаратат. Ал оорулардын бири кан басым оорусу, деп билдирди Куланак айылдык стационардын бөлүм башчысы Майрам Көчиева.

12 Июнь 2014 жыл 11:16

Куланак айылында 54 үй-бүлө гуманитардык жардамга муктаж

unnam65454ed

Жардам алуучу тизмеге тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөр кирген. Бул жардам «Элим-Жерим коомдук фонду» тарабынан көрсөтүлдү. Буга Аралбаев орто мектебинин соцпедагогу Нурипа Дондошева кайрылган.

10 Июнь 2014 жыл 14:12

Куланактык күнөсканачы Шайлообек тажрыйба катары жүзүм отургузду + аудио

6 (9)

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Шайлообек Исаев мындан эки жыл мурда күнөскана ачкан. Андан бир топ убакыт өткөн соң Куланакта алгачкылардан болуп тажрыйба катары жүзүм тиккен.

9 Июнь 2014 жыл 17:48

Куланакта бүтүрүүчүлөр республикалык сынактын жообун күтүүдө + аудио

5 (3)

Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.

6 Июнь 2014 жыл 18:17

Куланакта балдар майрамы белгиленди

wpid-20140530_104804

Аралбаев орто мектебинде 1-июнь балдарды коргоо күнүнө арналган атайын чакан майрамдык кече болуп өттү.
Иш-чара айыл өкмөт тарабынан уюшулуп, бөбөктөргө балмуздак берилип, балдардын маанайы шаңга бөлөндү.

4 Июнь 2014 жыл 14:10

Куланак: Бала бакчада ичүүчү суунун жоктугу кыйынчылык жаратууда + аудио

IMG-20140529-WA0010

Айылда бала бакчанын ачылганына төрт жылдын жүзү болду. Ачылгандан бери бала бакчанын кызматкерлери керектелчү 200-300 литр таза сууну 100 метр алыстыктан ташып келишет.

30 Май 2014 жыл 12:48

Куланак: Жазгы талаа жумуштары башталды + аудио

wpid-Foto14902

Учурда Куланак айылында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Көбүнесе арпа жана буудай эгилүүдо.Быйыл жаз эрте келди. Бул дыйкандардын ишин илгерилетти.

21 Май 2014 жыл 11:07

Куланак: Макый ата көчөсүнүн тургундары таштандылардын алынуусун каалашат

20140507_102346-1

Макый ата көчөсүнүн жашоочулары төрт жылдан бери короосуна жакын төгүлгөн таштандылардан зыян көрүп жаткандыгын айтышты. Учурда аталган көчөнүн жашоочулары арыз даярдап, аны айыл өкмөткө жана санэпид борборго жөнөтүүнү мерчемдөөдө.

9 Май 2014 жыл 11:54

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...