Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн облустук таймашында акыйкаттык болгон жок

Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде жаш тескөөчүлөрдүн облустук  таймашы болуп өттү. Анда облустагы беш жана шаардагы бир орто мектептин командалары катышты.

7 Май 2017 жыл 17:31

Желим таштандылар бир канча жыл бою жер кыртышында сакталат

Акыркы 20 жылдан бери күнүмдүк тиричилигибизде көчөдөн, бакчалардан, парктардан, эс алуу жайлардан бутка илешкен, же бакта илинген желим баштыктарды, бошогон идиштерди  көрүүгө болот.

6 Май 2017 жыл 16:38

Баетов: Элдик талант Динара Карабекова

Динара Карабекова Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими. Бирок бул кесип менен эле чектелип калбастан ар кандай сынактарга катышып турат.  ЭЛТР телеканалы уюштурган “Эл ичи өнө кенчи” теледолбооруна катышып, байгелүү …

3 Май 2017 жыл 22:22

Ага Хан фонду окуучулар арасында облустук сынак уюштурду

Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде облустагы райондордун окуучуларынын арасында спартакиада болуп өттү. Сынак Ага Хан фонду тарабынан уюштурулуп, англис тилинде эркин сүйлөө, математика сабагы боюнча Акыл ордо жана кол өнөрчүлүк …

1 Май 2017 жыл 8:13

Баетовдо такталбаган жайыт чек ара маселелери көйгөй жаратат

Мындан төрт жыл мурда Баетов айылындагы жана ага чектеш айыл өкмөттөрдүн жайыт чек араларын комиссия менен бирдикте «Атлас плюс» уюму тактап, Терек, Ак-Чий участкалары мурдагы турган боюнча бөлүнгөн. Белгиленген чек …

30 Апрель 2017 жыл 23:27

Ак-Талаанын мектептеринде видео көзөмөл коюлат

Мындай маалымат райондогу мектеп администрациялары менен бирге өткөн коллегияда айтылды.

30 Апрель 2017 жыл 22:12

Ак-Талаа башка агымдарга багыт алган адамдардын саны боюнча алдыңкы орунда

Мындай маалыматты дин өкүлдөрүнүн ата-энелер жана окуучулар менен болгон жолугушуусунда Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев билдирди.

30 Апрель 2017 жыл 21:50

Баетовдо «Адеп башаты» коомдук фонду жыйын өткөрдү

Ак-Талаа райондук маданият үйүндө “Адеп башаты” коомдук фондунун жетекчиси Максат Таласбаев жана башка дин өкүлдөрү окуучулар жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, ыйман, адеп, маданият тууралуу ой-толгоолорун бөлүшүп, пикир алмашты.

30 Апрель 2017 жыл 20:51

Баетовдо «Алиппе» майрамы жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде жеткинчектердин “Алиппе” майрамы белгиленди. Анда окуучулар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга көрсөтүп беришти.

30 Апрель 2017 жыл 19:23

Жаңы-Талапта бүтүрүүчүлөр жаңы мектепке жемиш бактарын тигишти

Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрү жаңы мектепке жемиш бактарын алма, өрүк, кара өрүк  жана сирендин көчөттөрүн отургузушту.

29 Апрель 2017 жыл 10:45

Бөбөктөрдүн бакча менен коштошуу майрамы болду

Жаңы-Талап айылындагы Бөбөк-Тай бала бакчасында “Кош бол, бакчам” майрамы  болуп, жеткинчектер үйрөнгөндөрүн ата-энелерине көрсөтүштү. Майрамда бөбөктөр ырларды ырдашып, бийлерди бийлешип, жомок жана тамак көрүнүштөрдү коюп беришти.

29 Апрель 2017 жыл 10:31

Ыйман тазалыктын үстүнө курулат

“Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата “Адеп башаты” коомдук фондунун өкүлдөрү Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин окуучулары  менен жолугушуу өткөрдү.

29 Апрель 2017 жыл 10:00

Мектеп жамаатынын отчеттук концерти болду

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жалпы жамааты   быйылкы   “Ыйман, адеп жана маданият жылына”  карата   3 бөлүмдөн турган концерт коюшту. Анда алгач Саякбайдын бала чагы, колхоздоштуруу, эгемендик жылдар  сахналаштырылып, Корчубек Акназаров,  Аскар  …

27 Апрель 2017 жыл 7:31

Жол кыймылынын жаш инспекторлору күч сынашты

Бүгүн Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жол кыймылынын жаш инспекторлорунун райондук сынагы болуп, ага Э.Карасартов, Ж.Сатылганов жана  Ш.Бейшеналиев мектебинин командалары катышты.

26 Апрель 2017 жыл 22:02

Мектеп окуучулары айылдын тазалыгына салым кошууда

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептин окуучулары айлана-чөйрөнү таштандыдан арылтып, тазалоо үчүн ишембилике чыгышты. Алар мектептин айланасын, тиешелүү көчөлөрдү жана арыктарды, эс алуучу жайларды тазалашты.

26 Апрель 2017 жыл 21:48

Көк-Жарда китеп окурмандар менен иш чара өттү

Көк-Жар айылындагы Т.Арунов атындагы айылдык китепканада Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата иш чара өттү. Анда  айылдагы активдүү китеп окурмандарга китепканадагы адабий китептер тууралуу маалымат берилди.

25 Апрель 2017 жыл 8:18

Көк-Жардагы паркка теректин көчөттөрү отургузулду

Көк-Жар айыл өкмөтүндө эки күндүк жаанга карабай айылда ишембилик болуп, арыктар чабылып, көчөлөр тазаланып, иретке келтирилди. Ишембиликтен кийин окуучулар менен бирдикте  айылда бир нече убакыттан бери каралбай калган паркка 300 …

20 Апрель 2017 жыл 11:25

Балдар музыкалык мектебинин “Күттүргөн жаз” концерти айылдарда коюлду

Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата айылдарга концерттик программа менен Терек, Байгөнчөк айылдарына  гастролдорго чыгышты.

18 Апрель 2017 жыл 16:19

“Жаш өспүрүмдөрдү турмуштагы терс адаттардан алыс кармоо”

Мына ушундай аталыштагы иш-чара менен социалдык педагогдордун быйылкы окуу жылындагы семинары жыйынтыкталды. Бул жолу Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинде болуп, ага билим берүүчү мектептердеги бардык  социалдык педагогдор катышып, ар …

18 Апрель 2017 жыл 11:29

Жаңы-Талаптын жашоочулары таштандыларды тазалашты

Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында жашоочулар, окуучулар жана мугалимдер  жазга карата ишембилик өткөрүшүп, көчөлөрдү, мекемелерди  таштандылардан тазалашты.

17 Апрель 2017 жыл 12:51
Шейшемби
23 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...