Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Мугалимдер арасында спорттук мелдеш старт алды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында  волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти мугалимдер уюштуруп, 8 команда оюн көрсөттү.

11 Январь 2018 жыл 23:05

Ак-Талаада окуучулардын райондук олимпиадасы өтүүдө

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын  1-турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.

23 Декабрь 2017 жыл 16:44

Кош Дөбөлүк окуучулар “Манас таануу” таймашында байгелүү орунга ээ болушту

Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы  Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында 3-орунду алды. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда …

15 Декабрь 2017 жыл 9:14

Баетов айылында жаш мугалимдер арасында мелдеш-оюн өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баевтов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” мелдеши өттү.

14 Декабрь 2017 жыл 16:23

Баетовдук окуучулар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскеришти

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын” аттуу иш-чаралар уюштурулду.

14 Декабрь 2017 жыл 10:55

Жаңы-Талап айылында кайрымдуулук декадасы жыйынтыкталды

Ак-Талаа районундагы Байымбет орто мектебинде кайрымдуулук кылуу боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп,  кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.

8 Декабрь 2017 жыл 19:54

Ак-Талаада орто мектептер билим берүүнү улантууга укук алышат

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.

2 Декабрь 2017 жыл 16:06

Нурак Абдырахмановдун урпактары республикалык сынакта байгелүү болушту

Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык …

2 Декабрь 2017 жыл 14:42

Баетовдо СПИДге карата декада жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.

1 Декабрь 2017 жыл 11:19

Ак-Талаада СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата флешмоб өттү

Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДГе каршы күрөшүү күнүнө карата дубал гезиттер сынагы, 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Бейшеналиев мектебинин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.

30 Ноябрь 2017 жыл 22:09

Баетовдо ардагер мугалим мектепке өздүк китептерин белекке берди

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Бейшеналиев атындагы орто …

24 Ноябрь 2017 жыл 10:47

Памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту

Учурда Нарын районундагы Куланак айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту.

21 Ноябрь 2017 жыл 21:42

Баетовдо окуучулар тарых жана ата-бабаларды эскеришти

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев орто мектебинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына, саясий репрессиянын 80 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.

10 Ноябрь 2017 жыл 11:20

Ак-Талаада маданият кызматкерлери сыйланышты

Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ал маданият үйүндө өтүп, салтанаттуу иш чарага маданият кызматкерлери менен бирге мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.

4 Ноябрь 2017 жыл 10:57

Баетовдо окуучулар арасында аскердик мелдеш өттү

Баетовдо окуучулардын арасында “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу аскердик мелдеш болуп өттү. Ага К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.

24 Октябрь 2017 жыл 15:24

Москвадагы акталаалыктар айылдашына жардам беришти

Орусияда иштеп жүрүшкөн акталаалык жигиттер жакында Баетов айылынын тургуну Замир Казиевге материалдык жардам беришти. Замирдин келинчеги да иштебейт. Өзү менен бирге апасы чогуу жашайт.

24 Октябрь 2017 жыл 14:12

Баетовдо күз майрамы өттү

Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде “Күз майрамы” өткөрүлдү. Ага мектептеги 5-11-класстын окуучулары катышты.

23 Октябрь 2017 жыл 16:40

Баетовдо окуучулар Кыргыз эл акыны менен жолугушту

Кыргыз Эл акыны Надырбек Алымбеков Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Жолугушуу алдында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусу тарабынан даярдалган фильмдер көрсөтүлдү. Андан соң Алымбеков окуучуларга жетишкен …

23 Октябрь 2017 жыл 15:38

Ак-Талаада алдыңкы мугалимдер сыйланышты

Ак-Талаа районунда мугалимдерге арналган салтанаттуу иш-чарада билим берүүнүн алдыңкылары сыйланышты. Кесиптик майрамга карата райондогу 81 мугалим ар кандай сыйлык, майрамдык белектердин ээси болушту.

7 Октябрь 2017 жыл 17:58

Баетовдо аба ырайынан улам электр жарыктары өчүүдө

Ак-Талаа районунда үч күндөн бери мезгил-мезгили менен суу аралаш жааган кар айрым айылдарда электр жарыктарынын өчүп калышына алып келүүдө.

7 Октябрь 2017 жыл 15:40
Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...