Токтогул районунун Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачылды. Каттама менен чай иче турган жерди айылдын тургуну Калбү айым ачты.
Кетмен-Дөбө өрөөнүнөн чыккан, чыгармачылыкка кеч келген акын, ар тараптан таланттуу комузчу, ырчы Кенже Кутманова өз жан дүйнөсү, ырга болгон шыгы жөнүндө бөлүштү.
“Кыргыз кызы” – деген темада кыздар арасында таймаш өткөрүлдү. Таймашка 8-9-10 класстын окуучу кыздары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. “Кыргыз кызы” таймашынын максаты кыздарга болгон сый-урматты даңазалоо. Кыргызда «Кыздын чачы улук, …
Токтогул районунун Терек-Суу айылында №5 Кызгалдак балдар бакчасында “Улуу элдин санжырасы Манаста” аттуу темада иш чара өтүлдү. Улуу манасчы Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына карата “Жаш манасчылар” манас айтып, кыргыздын …
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гульнара Мырсырайымова мектеп окуучуларына 3 жылдан бери ийрим өтөт. Кошумча сабак бир жумада эки ирет 1,5 сааттан болот. Ага 30 окуучу катышууда.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болбогонуна нааразы. Кээде булганган кир сууну ичүүгө аргасыз болууда.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында “Салбуурун” оюну өткөрүлдү. Оюнга жети облустан катышуучулар келген. Элүүгө жакын адам тайгандары менен келип, оюнду көргөнү 200дөн ашуун адам чогулган.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Курама уулу Турусбек атындагы башталгыч класстардын окуу имараты авариялык абалга түшүп калганына байланыштуу азыр балдар аргасыз жогорку класстардын имаратында окуп жатышат. 1976-жылы колдонулууга берилген мектеп 510 …
Токтогул району боюнча бардык мектептерде билим күнү белгиленип, окуу жылы салтанаттуу башталды.
Токтогул районуна караштуу Жетиген айылындагы Б.Салаев орто мектебинин чатыры жаңыланды. Бул ишке 1,5 млн акча каражаты сарпталып, Токтогул райондук атайын фонд тарабынан бөлүнгөн.
Токтогул районуна караштуу Кырк-Казык айылында 10дон ашык уй белгисиз себептер менен өлүп калган. Жергиликтүү калктын айтымында мындай оору буга чейин болгон эмес.
Ас-Сафа кайрымдуулук фонду тарабынан Токтогул районуна караштуу Шайык,Чоңко, Алмамат айылдарына таза суу чыгарылды. Үч айылда биригип жалпы 283 түтүн кожолук таза суу менен камсыз болду.
БУУнун «Азык түлүк» програмасынын алкагында Кетмен-Дөбө айыл аймагында социалдык абалы начар жакыр жашаган 85 үй бүлөгө 3 каптан ун, 15 литрден суу май таркатылды.
Токтогул району боюнча ар бир айылга 250 дозадан COVID-19 оорусуна каршы вакциналар бөлүнүп, эмдөө башталды. Биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана медицина кызматкерлери алышууда.
Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу Уланбек кызы Анара Токтогул району боюнча жалгыз «Алтын тамга» аттестатынын ээси болду.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Акцияны айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Токтогул райондук китепкана башчылары жана айыл тургундары колдоого алышып жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Токтогул району боюнча Улуу жеңиштин 76 жылдыгын салтанаттуу белгилөө максатында айыл аймактарында эстеликтерди актап-сырдоо айланасын тазалоо иштери жүрүп жатат.
Токтогул районунда бардык айыл аймактарында 3 айлык көрктөндүрүү жашылдандыруунун алкагында жалпы ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Кыргызстандык футболист, тагыраак айтканда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылында 2000-жылы туулган Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович Азия чөлкөмүндө экинчи ирет «Апта оюнчусу» болуп табылды. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.
Токтогул районунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын арасында кутурма оорусу боюнча эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, кароосуз калган ит, мышыктарды атып жок кылуу боюнча атайын комплекстүү иш чаралар аткарылууда. Токтогул районундагы …