Баалардын кымбатташы, карапайым элге таасири тийип жатат. Мисалга алсак, азык-түлүктүн баалары 100%га кымбаттады, ал эми эмгек акылары мурункудай эле. Тапкан эмгек акылары, тамак-аштан ашпайт деген ойлорун айыл тургундары билдирүүдө.
Былтыркы 2020-жылдын июнь айларында Тогуз-Торо районунда кырдаалга байланыштуу райондук ооруканада бейтаптар жык толуп, дарылоого орун жок болуп, күндүзгү стайионар ачылган. Ошол учурда оору менен алышып, бейтаптарды дарылаган айрым медайымдар маек …
Жаңы шайланган айыл аймак башчысы эл менен таанышып, алдыдагы жасала турган пландарды талкуулашып, ой бөлүшүштү.
Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Элет жеринде топурактан кирпич куюп таанымал болгон Шаамырза Куттубеков 28жашта. Былтыркы карантин убагынан бери кыш куюп, сатыкка чыгарып келет. Азыркы күндө …
Тогуз-Торо районунда 6 учур коронавирус жана 1 учур пневмония оорусу аныкталган. Контакттар такталып 28 адамдан анализ алынып, 1 адамдан коронавирус табылды. 2 бейтап жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткырылган, 3 бейтап жеңил …
Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда “Алтын балалык 2021” балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп, ага 95 бала катышты.
«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда жалпы 15кызматкер эмгектенет.Анын ичинен 8 кызматкер ковид оорусуна каршы эмдөөдөн өтүштү.
«Тогуз-Торо Жаштар биримдиги» тарабынан Нуржигит Кадырбеков менен жолугуу уюштурулду. Райондогу бардык мектептин окуучулары, айыл тургундары, билим берүү өкүлдөрү келип катышышты.
Айыл элибиздин жан дүйнөсүн байытуу, окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында иш- чара өткөрүлдү.
Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу студенттер, окуучулар аралыктан аяктаганга туура келди. Кырдаалга байланыштуу билим алууда, кандай таасирин тийгизгенин айрым студенттерден, окуучулардан сурап көрдүк.
Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди. Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …
Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну пенсионер Курманалиева Тамара 2009-жылдан бери «Ийгилик» кооперативин иштетип, келе жатат. Кооперативде шырдактар кийизден жасалган паноолор, сувенир, сумка, жумшак оюнчуктарды андан тышкары кызга берилүүчү септерди …
Кара-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну, эмеректерди жасоочу кичи ишкананын ээси, Баймырза Куттубек уулу ишканада жыгач менен иштөөгө басым жасап келет. Эмерек дүкөнү ачылганына эки жылдын жүзү болду. Бул эмерек дүкөнү …
Сары-Булуң айыл аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы менен 11 депутатка мандат тапшырылды. Мандат алган жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен алдыда таанышыңыз.
Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы туурасында Сары-Булуң айыл аймагында жашаган айрым тургундарга кайрылып көрдүк:
Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.
Тогуз-Торо районунун акими,орун басары, өкмөт башчылары 9-май жеңиш күнүнө карата ардагерлердин байбичелерине барып, ал абалын сурап, чакан майрамдык белектерин тапшырып келишти.
Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борбору коронавирус оорусу жөнүндө маалымат берет. Коронавирус оорусу февраль, март айларында катталган жок.
Коронавируска каршы эмдөө үчүн SARS-COV-2 вакцинасы 2000 доза келген. Эмдөөнүн 1-этабына медицина кызматкерлери, мугалимдер, бала бакча кызматкерлерине белгиленген. Эмдөө 2 жолу 28күн аралыгында жүргүзүлөт.