Сары-Булуң айыл аймагындагы мамлекеттик туу жаңыланды.
Тогуз -Торо районунун Сары -Булуң айылындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Ата-Журт сенин коргооңо, атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа” деген аталыштагы семинар болуп өттү.
Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата кыздар арасында таймаш өттү.
Сары-Булуң мультимедиа борборунун кабарчылары Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту. Мультимедианын кабарчылары Азем Маратова, Нуриза Рыскулова жана координатору Анара Мааметовалар барышты.
Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун координатору жана кабарчылары Кыргыз радиосунда “Кутман таң” программасында маек курушту.
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Элчибек Мөкүшов өз колу менен түрдүү эмеректерди жасайт.
Тогуз- Торо районуна караштуу Казарман- Ак- Союл участкасына кар көчкү түшүп жол жабылды.
Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылында жашаган Саламат Дайырбек кызы кичинесинен кабылган шал оорусунун себебинен баса албайт. Жетиштүү каражаты болсо, толугу менен басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургундары “Макмал” кенинин базасында курулуп жаткан ишкананын курулушуна каршы митингге чыгышты.
2018-жылдын 25-январында математика сабагы боюнча олимпиадага катышкан окуучуларга сертификаттар тапшырылды.
2018-жылдын 26-январында райондук деңгээлдеги мектеп аралык жарыш болуп өттү. Бул жарышка №7 Сатыбалдиев орто мектебинин окуучулары катышып жеңиш менен кайтышты.
Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагынын башчысына “Мыкты айыл өкмөт” наамы ыйгарылды.
Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн “2017-жылдын мыкты салыкчысы” наамы Замира Мамбетакуновага тапшырылды.
№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине Кара-Суу айылынын тургундары Адылбек Темирбек уулу жана Нурсултан Куттубековдун демөөрчүлүгү менен аскерге чейинки даярдык сабагына атайын баннерлерди жана колдонулуучу куралдарды белек …
Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунда 22-23- декабрда тогуз окуу предметтери боюнча олимпиада болуп өттү. Бул олимпиадага №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен жалпы 22 окуучу катышып, ийгиликтерге жетишип келишти.
Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну …
Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.
Тогуз- Торо районунун Сары- Булуң айылында 2017-жылдын 31-декабрында жаңы жылдык кече болуп өттү.
Тогуз-Торо районундагы Сатыбалдиев орто мектебинде так жана табигый сабактар бирикмеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева билдирди.