Райондун Сары-Булуң айыл аймагы аркылуу агып өткөн Нарын дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, айдоо аянттарын алып кетип жаткандыктан 70 метр аралык суу жээгин таш менен тосуу иш- чарасына баш аягы 6 …
Бул кече 2018-жылдын 18-майында Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. Бул салтанатка Тогуз-Торо, Сары-Булуң, Каргалык, Көк-Ирим, жана Атай айылдарынан энелер келип катышышты. Жалпысынан айыл аймактардан 200 эне чакырылган.
№7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 4-класстын “Кош бол башталгыч класс” аттуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу 4-класстын класс жетекчиси Фарида Абдрасулова буларды билдирди: “ Быйыл башталгыч классты …
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби кулап калуу коркунучунда турат.
Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү тургундардын ижарага жер алуусунда көйгөйлөр көп жаралгандыктан «Жергиликтүү тургундар ижарага жерди кантип ала алышат» деген теманын үстүндө маек курушту.
Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» тарабынан уюшулган «Келечекке кең көз караш» аттуу мотивациялык семинар болуп өттү.
Тогуз-Торо районунун Макмал орто мектебинде аксакалдар арасында зоналдык этап өттү. Оюнда 5 айыл аймактын аксакалдары ат салышып, аягында Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу курама командасы 2-орунду ээлешти.
Тогуз-Торо районунда “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына карата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аскер комиссариатынын демилгеси менен Жеңиштин 73 жылдыгына карата “Өлбөс полк” акциясы болуп өттү.
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында “Жашыл долбоордун” алкагында 1500 түп бак отургузулду. Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков билдирди.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында мектептин курулушу алты жылды артка калтырды. Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектепке барып билим алышат.
Токтогул районундагы Чоң-Арык айылынын Уста-Сай суусуна, Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын түйшүгүн азайтты. Айылдык кеңештин депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы …
№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде 1-класстын “Алиппе Сармерден”майрамы өткөрүлдү.
Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева менен Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңештин имаратында жолугушту.
Тогуз-Торо районунун шахмат боюнча 13 мектептин арасында олимпиада өткөрүлгөн. Бул тууралу Феруза Жыргалбек кызы билдирди.
Тогуз-Торо районунун Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-10-11-классынын окуучулары үчүн кесип тандоодо туура багыт берүү максатында жолугушуу болду. Бул иш-чараны Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурган.
Тогуз-Тородогу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Жардам берүү акциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынынн Ханнс Зайдель фондунун стипендианттары уюштурушту.
Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы “Седеп” балдар бакчасында эки майрам чогуу белгиленет. 1-май Эмгек күнү жана 20-май Энелер күнүнө арналган кечеге даярдыктар тууралуу бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева айтып берди:
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө айыл чарбасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча, элет элине көп жылдык теректер таркатылууда.Теректерди таратуу МЧС тарабынан 4гектар жерге отургузууга ылайыкталып, кыян жүргөндө туруктук берүүчү көп жылдык теректер келген-деп …
Тогуз-Торо районуна караштуу Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 16-апрелинде жалпы кыздар арасында бий конкурсу болуп өттү.
Тогуз- Торо районун Сары-Булуң айыл аймагындагы айылдык китепканасы тарабынан «Келгиле, китеп окуйбуз» деген аталыштагы бир айлык акция өткөрүлүп жатат.