Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Суусамыр

Суусамыр: Жергиликтүү бюджет талкууланды

 2021 -жылга Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетин  6-чакырылыштын депутаттары кабыл алып бекитип беришкен. Ал эми жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчы аткарылышын көзөмөлдөшмөкчү. 

25 Июнь 2021 жыл 15:59

Жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтүнүн COVID-19 вирусуна каршы иш аракеттери

Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу күч алып жатат. Жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү менен биргеликте, вируска каршы иш аракеттери 25-июнда пландалып жаткан отурумда талкууланат.

25 Июнь 2021 жыл 9:27

Жергиликтүү кеңеш жаңыдан ишке киришти

Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин 7- чакырылышында 21 депутат шайланды. Булардын арасында 7 айым, улуу муун, орто муун жана жаштар дагы бар. Жергиликтүү кеңеш 1-отурумда регламент түзүп ишке кирише баштады.

24 Июнь 2021 жыл 9:26

Маалыматка сын мамиледе бол…

Медиасабаттуулук – маалыматты анализдеп, ага сын көз караш менен баа бере турган жөндөм. Медиа сабатсыздыктын айынан жалган маалыматтын курмандыгы болуп калган адамдар дагы аз эмес.

19 Июнь 2021 жыл 13:18

Жайкы эс алууну окуучулар кандай өткөрөт?

Өлкөдө абал курчуп, COVID-19 вирусу кайрадан күчөп баштады. Бул учурда окуучулар жайкы эс алууда кошумча курстарга барып окуу билимин тереңдетишсе, бири ата-энесине жардам берип кийинки окуу жылына даярданышат.

14 Июнь 2021 жыл 22:04

Суусамыр айыл аймагынын башчысы шайланды

Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңешинде 2-отурум болуп, башкы маселе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Отурумга 21 депутат катышып,  Суусамыр айыл аймагынын башчысы Урмат Отунчиев жана жер адисинин катышуусунда болду.

10 Июнь 2021 жыл 15:51

Аралыктан окутуунун студенттерге тийгизген таасири

Өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаал, студенттердин билим алуусуна кыйынчылыктарды жаратса кээ бирине иштөөгө мүмкүнчүлүк болду. Студенттерге аралыктан окутуунун тийгизген таасири жөнүндө сурамжылоо жүргүздүк. Натыйжада төмөндөгүдөй жооп ала алдык:

9 Июнь 2021 жыл 15:20

Пандемияда элеттик аялдарды жумушсуз калуу түйшөлтөт…

Өлкөбүздө болуп жаткан оор кырдаал баардык элге терс таасирин тийгизди. Учурунда ойлондурчу көйгөйлөрдүн бири кирешесиз үйдө отуруп калуу.  Ал эми аялдарды пандемия учурунда жумушсуздук, аралыктан иштөө түйшөлтөт.

25 Май 2021 жыл 19:53

Бээнин сүтүн ичип иммунитетти жогорулатуу мезгили башталды

Суусамыр өрөөнүнүн эли күн жылып, мал төлдөп, кулундар ирденгенден кийин жайлоого чыгат. Карапайым эл бээ саап, соода сатык менен алектенет. Суусамыр айыл аймагынын тургуну Сапарбек Мелисов ишмердүүлүгү тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: …

23 Май 2021 жыл 22:09

Суусамыр: Жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш кезексиз отурумга чогулду

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Суусамыр өрөөнү боюнча  жергиликтүү кеңешке 21 депутат шайланды. Алардын ичинен 7 айым депутат болуп  келишти. Суусамыр айыл өкмөтүндө жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин кезексиз биринчи отуруму …

22 Май 2021 жыл 9:53

Суусамыр айылына 400 даана вакцина алынып келинген

Суусамыр айыл аймагына 400 даана вакцина алынып келинген. Азыркы учурда COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны Суусамыр айылдык ооруканада эмгектенген мед кызматкерлери гана алышты. Ал эми жергиликтүү  айыл тургундарына 600 даана вакцина …

19 Май 2021 жыл 17:05

Карылар көбүнчө өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат

Кары- картандар иммунитеттери алсыз болгондуктан COVID-19 вирусун бат жуктуруп алуу коркунучу бар. Суусамыр айылдык ооруканага көбүнчө кары адамдар өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат.

14 Май 2021 жыл 17:07

Суусамыр: Бала бакчанын курулушу жанданды

Жаздын келиши менен Суусамыр айылындагы бала бакчанын курулушу жанданды. Суусамыр айыл аймагынын башчысы Отунчиевдин маалыматы боюнча 2020-жылдын күз мезгилинде башталган бала бакчанын курулушу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, колдонууга берилет. …

11 Май 2021 жыл 16:44

Аудио: Жергиликтүү кеңештин регламенти

Жергиликтүү кеңеште депутаттар эмненин негизинде иш алып барат жана алардын ишмердүүлүгү үчүн кандай эрежелер бар? Жергиликтүү кеңеште регламент түзүлөбү? Ушул суроонун алкагында алдыда «Ачык өкмөт» уктуруусунан кененирээк маалымат ала аласыздар.

11 Май 2021 жыл 11:28

Суусамыр айыл аймагында абал туруктуу…

Суусамыр айыл аймагында COVID-19 вирусу менен катталгандар жок. Суусамыр айылдык ооруканасында абал туруктуу. Дары-дармектер, дем алдыруучу апараттар жетиштүү.

9 Май 2021 жыл 21:10

Суусамырда коронавируска каршы эмдөө башталды

Коронавирус илдетинин башталганына бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы деле оору күчүндө болуп жатат. Кыргызстан боюнча 29-марттан баштап, ооруга каршы эмдөө  башталган. Суусамыр айылында да коронавируска каршы эмдөө башталды.

6 Май 2021 жыл 17:11

Суусамыр: Көчөлөрдүн жарыктандырылышы тургундардын кубанычы болууда

Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.

22 Апрель 2021 жыл 18:42

Өрөөндө мыкты министрлер аныкталды

10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.

11 Апрель 2021 жыл 21:38

Суусамыр: Шайлоо учурунда үгүт иштери болбошу керек

Бүгүн  11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.

11 Апрель 2021 жыл 15:26

Суусамыр: Жергиликтүү кеңеш кезексиз отурумга чогулду

Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга  11 депутат катышты. Кезексиз отурум  айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.

8 Апрель 2021 жыл 15:56

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...