Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Суусамыр

Бүтүрүүчүлөр мектеп менен коштошту

Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде 25-май  “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү.  Быйылкы 11-классынын бүтүрүүчүлөрү абдан толкундануу менен бирге салтанаттуу майрамды жогорку деӊгээлде ѳткѳрүштү. 

28 Май 2018 жыл 16:02

Жергиликтүү бюджет тууралуу түз эфирде маек угулду

28-майда Суусамыр FM жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» уктуруусунун алкагында «Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы» тууралуу маек курулду. 

28 Май 2018 жыл 15:52

Райондук мугалимдер сынагынан Суусамырлык мугалим 2-орун алды

Жайыл районунда ѳтүлгѳн “Жыл мугалими”сынагынан Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Бакаева Асель Садыбакасовна  2-орун алды. Бул сынак Жайыл районундагы бардык мектептердин арасында ѳттү.

22 Май 2018 жыл 17:45

Акыл Ордо интеллектуалдык долбоору Суусамырда болуп өттү

19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар  арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан.

21 Май 2018 жыл 18:35

Жергиликтүү депутаттар айыл өкмөтүнүн адистеринин ишин укту

Бүгүн 21-майда жергиликтүү кеңештин кезектүү 17-сессия болду. Жыйынга 19 депутат катышып, күн тартибинде Суусамыр айыл өкмөтүнүн адистеринин 2017-2018-жылдар үчүн аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу, “Суусамыр FM” радиосунун иштери тууралуу маалыматын …

21 Май 2018 жыл 13:47

Жергиликтүү кеңештин милдеттери түз эфирде талкууланды

“Суусамыр FM” жамааттык радиосунун түз эфиринде жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган түз эфирдеги талкуу болду. Бул уктуруу “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып, Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланууда. 

21 Май 2018 жыл 0:23

Таза суу алган кудуктар ачык бойдон калууда

Жайыл районунун Суусамыр айылындагы таза суу түтүктѳрү бузулуп, жанындагы кудуктардын оозу ачылып калганына беш жылга чукулдап калды. Айыл тургундары ичинен чака менен суу тартып алууга мажбур. Буга чейин биз бул …

15 Май 2018 жыл 16:42

Суусамырлык Айдатка Кадыржанова космонавт менен жолукту

Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу Айдатка Кадыржанова Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен жолугуп, кыялы орундалды. 

13 Май 2018 жыл 14:52

Эскерүү кече болуп өттү

Бардык жерлерде майрамдык эскерүү кечелери уюштурулгандай эле, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айылында да 9-май Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Тынчтык» паркында чакан эскерүү кече болуп өттү. 

9 Май 2018 жыл 23:50

Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңешке барып келишти

26-апрелде Суусамыр айылдык Кеңешинин 20 депутаты жана айыл өкмөт башчысы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине барып келишти. 

28 Апрель 2018 жыл 15:24

7 жаштагы Айдатка космонавт болгусу келет

Чүй облусунун Суусамыр айылында жашаган Айдатка Кадыржанова келечекте космонавт болууну каалайт. Ал бул кесипке Салижан Шарипов тууралуу маалыматты окуп таасирленгенден кийин кызыга баштаган.

22 Апрель 2018 жыл 10:39

Республикалык сынакта суусамырлык мугалим баш байгени багындырды

Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин мугалими Аида Медетбек кызы республикалык сынакта баш байгени жеңип алды.

5 Апрель 2018 жыл 0:57

«Жаш-кербез» таланттуу комузчулар ийрими

Чүй облусунун Жайыл районунундагы Суусамыр айылында Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде «Жаш-кербез» комузчулар ийрими бар.

3 Апрель 2018 жыл 16:08

Окуучуларды таасирленткен документалдуу фильм

13- март күнү Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектебинде окуучуларга арналган документалдык кино көрсөтүлдү. Кино бир сааттан ашык коюлуп, окуучуларды кызыктырды. Фильм балдарга абдан жагып, аягында ортого  салып, талкуулашты. …

15 Март 2018 жыл 16:55

«Суусамыр FM» радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы ѳз жеңүүчүсүн аныктады

27-февраль күнү «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда Суусамыр айылында  мектептер арасындагы спорт жана ден соолук министрлери ат салышты. Таймаш абдан кызыктуу жана татаал болду. Оюндун жүрүшүндѳ катышуучулардын жакшы …

28 Февраль 2018 жыл 17:42

Суусамыр айыл өкмөтүнө жаңы автогрейдер алынып келинди

Суусамыр айыл өкмөтүнө жайыттарды жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү башкаруу долбоору аркылуу жаңы автогрейдер алынып келинди.

17 Февраль 2018 жыл 15:58

Суусамыр айыл өкмөтү жылдын мыктысы болду

2017-жылдын жыйынтыгы менен, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Жылдын мыкты айыл өкмөтү» наамы Суусамыр айыл өкмөтүнө ыйгарылган.       жылдын мыкты айыл окмоту

3 Февраль 2018 жыл 15:25

Окуучулар мектепке баруу учун 5 километр жол басышат

Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылынын мектеп окуучулары 5 км алыстыкта турган Тунук айылына жөө келип билим алышат.

12 Январь 2018 жыл 21:51

Суусамыр айылында баскетбол таймашы ѳттү

Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ 12-декабрда баскетбол боюнча оюн ѳттү. Анда өрөөндөгү эки мектепти окуучулары таймашты.

19 Декабрь 2017 жыл 16:12

Суусамырда өрөөндүн эң мыкты билим министри аныкталды

«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» демекчи жылдагыдай радиовикторинада билимдүүлѳрдүн таймашы болуп ѳттү. Анда Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү 5 орто мектептин билим, илим министрлери ат салышты.

24 Ноябрь 2017 жыл 16:53
Шейшемби
16 Чын куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...