Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Үч-Коргон

Кызыл-Кыяда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам көрсөтүлдү

Кызыл-Кыя шаарында майыптар күнүнө карата иш чара уюштурулду. Анда шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев катышып, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге акчалай жардам көрсөттү.

4 Декабрь 2016 жыл 20:11

Андарактын волейболчу кыздары зоналык турнирге даяр

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинин кыздар волейбол тобу алдыда боло турган зоналык жана райондук мелдештерге даярданууда. Кыздардын тобу учурда райондун мектептерине барып, жолдоштук беттештерге катышууда.

29 Ноябрь 2016 жыл 1:05

Үч-Коргондун тонтон жана чичи тажиктеринин ортосунда кандай айырма бар?

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында тажик улутунун өкүлдөрү басымдуулук кылышат. Сырттан байкалбаганы менен алардын өз ара сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктары бар. 

28 Ноябрь 2016 жыл 15:36

Үч-Коргондогу аялдардын көпчүлүгү тигүүчүлүк менен алектенет

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында көпчүлүк аялдар тигүүчүлүк менен алектенишет. Бул тууралуу тармакта 20 жылдык тажрыйбага ээ ишмер аял Мавлюда Хайдарова билдирди.

28 Ноябрь 2016 жыл 14:13

Кызыл-Кыяда жаштар күнү белгиленди

Бүткүл дүйнөлүк студенттер жана жаштар күнүнө карата 10-17-ноябрда майрамдык кечелер уюштурулду. Алардан бири Кызыл-Кыя шаарындагы №7-кесиптик лицейинде болуп өттү.

26 Ноябрь 2016 жыл 19:11

Быйыл Үч-Коргондо кыш күтүлгөндөн эрте келди

Өткөн жылдарга караганда бул жылы кыш эрте келгендиктен Кызыл-Кыя шаар тургундарынын жана Үч-Коргон айылынын жашоочуларынын даярдыктары тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

26 Ноябрь 2016 жыл 18:33

Ош шаарында жаш активисттердин жолугушуусу болуп өттү

Ош шаарында өткөн семинарда жаштар бир топ маселерди карап, саясий партиялардын ролу жана аткарган иш аракеттери боюнча талкуу жүргүзүштү. Аны Демократия колдоо фонду уюштурду. 

24 Ноябрь 2016 жыл 12:39

Үч-Коргондо согуш ардагерлеринин саны жылдан жылга азаюуда

Бүгүнкү күндө Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынаy Улуу Ата мекендик согушка катышкан ардагерлеринин саны жалпысынан 1381 болсо, алардан 505 адам кайткан эмес. 

23 Ноябрь 2016 жыл 22:43

Үч-Коргон: Ишмер аял Муборак Юлдашева

Муборак Юлдашева Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну. Ал көп жылдардан бери өзүнүн айылдаштарына жардам берип, калк арасында урмат сыйга ээ адамдардын бири.

23 Ноябрь 2016 жыл 21:05

АРИСтин долбоору менен Үч-Коргондо мектеп курулууда

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Разъезд айылында АРИСтин долбоору менен мектеп курулууда. Бул туурасында аталган уюмдун Баткен облусу боюнча адиси Алтынбек Жакыпов билдирди.

23 Ноябрь 2016 жыл 14:02

Кызыл-Кыя шаарында 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин жаштар күнү

Кызыл-Кыяда жаштар күнүнө карата мэрия тарабынан шаардагы окуу жайларда билим алган студенттер үчүн экскурсия уюштурулду.

15 Ноябрь 2016 жыл 1:31

Кызыл-Кыя шаарында спорт комплекси курулду

Кызыл-Кыя шаарында Газпромдун каржылоосунда чоң спорт комплекси курулуп, пайдаланууга тапшыруу алдында турат.

6 Ноябрь 2016 жыл 0:06

Үч-Коргондун Достук клубунда форум театр өткөрүлдү

Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда «Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыштуулакка каршы» деген аталышта форум театр өткөрүлүп, анда Үч-Коргондогу беш мектептин окуучулары катышты.

5 Ноябрь 2016 жыл 22:37

Кызыл-Кыядагы кесиптик лицейде алтын күз майрамы белгиленди

“Берекелүү алтын күз” деген аталыштагы майрам Кызыл-Кыя шаарындагы №7 кесиптик лицейинде өттү. Анда лицейдин окуучулары жана мугалимдери мөмө жемиштер жарманкесин уюштуруп, концерттик программалар менен коштолду.

25 Октябрь 2016 жыл 13:42

Кызыл-Кыянын жаш коллекционери

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 23 жаштагы Махамаджон Билиялов көп жылдардан бери акча чогултуу менен алектенип келет. Себеби ал жаш кезинен эле коллекционерликке кызыгып келгенин айтат.

25 Октябрь 2016 жыл 0:33

Үч-Коргондун Боз айылында суу маселеси чечилбей келет

Үч-Коргондун Боз айылында ичимдик суусу көп жылдардан бери оң жакка чечилбей келет. Бул туурасында аталган айыл тургуну Наргүл Каарова билдирди.

24 Октябрь 2016 жыл 23:45

Үч-Коргондо мөмө жемиштер жайма базары иштөөдө

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы Койлук базарында багбандар күзгү мөмө жемиштерди алып чыгып сатышууда. Дыйкандар өткөн жылдарга караганда бул жылы түшүм күтүлгөн жыйынтыкты бербегендигин айтышат.

24 Октябрь 2016 жыл 23:05

Кызыл-Кыядагы кесиптик лицейде кыргыз тил майрамы белгиленди

Кыргыз тилинин 27 жылдык майрамынын жүрүшүндө кесиптик лицейдин директору Буусара Жалалова мекеменин эмгек жамаатын жана окуучуларын куттуктап өттү.

25 Сентябрь 2016 жыл 17:21

Үч-Коргондо каржылык сабаттуулукту жогорулатуу керек

Үч-Коргондо каржы сабаттуулугун жогорулатуу үчүн атайын окутуулар уюштурулуусу зарыл. Бул боюнча коомдук ишмер Тажик ассоциациясынын өкүлү Мавлон Абдуразаков бизге курган маегинде айтты.

20 Сентябрь 2016 жыл 18:14

Үч-Коргондогу Достук клубунда дин иштери боюнча жыйын өттү

“Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты: Концепция жана мыйзам негиздери” боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты, жергиликтүү дин кызматкерлери, айыл тургундары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.

7 Сентябрь 2016 жыл 12:47
Бейшемби
28 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...